|
ТАРЫХ МУЗЕЙДИН ТАШТАРЫ КАЙДА?№826 31-август-6-сентябрь, 2018-жыл
Тарых музей 1980-жылдары Турдакун Усубалиев Кыргыз ССРин жетектеп турганда курулган. Анын негизги автору катары (ред.: музейдин авторлору деп 6 киши жазылган) архитектор Советбек Абышев эсептелинет. Ал учурдагы болуп жаткан оңдоп-түзөө иштерин көрүп, айласыздан күлөсүң дейт:
Учурда Тарых музейин оңдоп-түзөөдө акыркы жумуштар жүрүп, аны “Аркант” ЖЧКсы аткарып жатат. Курулуш иштери качан бүтөт, гранит жана мраморлор кимдер аркылуу жана кайда чыгарылып кеткендиги сыяктуу суроолорубузга маалымат берүүдөн баш тартышты. Алар “ТИКА” (Түркиянын кызматташтык жана өнүгүү башкармалыгы) аркылуу бул жумушту аркалап жатышкандыгын айтышып, бардык суроолорду ошол жакка узаткыла дегенден башка сөз айтыша алган жок. Ал эми Тарых музейинин жетекчиси Кеңешбек Алмакүчүковго кайрылганыбызда, ал бул курулуш иштери боюнча жооп бере албай тургандыгын жана ага суроо узатуу үчүн биринчи кезекте Маданият министрлигинен уруксат алуу керектигин айтып телефонун койгонго шашты. Журналисттерден жалтактаган жетекчи өзү башкарган музейде эмне иштер болуп жаткандыгын билбейби? Курулуш иштери, жоголгон гранит жана мраморлорду айтпай эле коёлу, Тарых музейи качан ачылат деген суроо азыркыга чейин ачык бойдон... Тарых музей Маданият министрлигинин карамагында. Кызыгы, аталган министрлик уруксатты кой, музейдин иштери боюнча эч кандай маалымат берилбей тургандыгын билдирди. Ким жооп бере тургандыгын тыңыраак айта албаган министрлик, ар кимге жиберип, футбол ойнотконго өттү... Тарых музейин реконструкциялоо тууралуу өкмөттүн буйругу 2015-жылы чыккан. Музейдин оңдоп-түзөө иштери Архитектура, курулуш, турак жай жана коммуналдык чарба агенттигине жүктөлгөн. Бирок аталган агенттиктин айтымында, алар ичин гана оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп, музейдин сыртын түркиялык “ТИКА” жасамай болгон:
Агенттик көрсөткөндөй, музейдин ичинде жүргүзүлгөн иштер СМУ-3 ишканасы аркылуу жүрүп, плитка жана мраморлор жалпы 8 миң чарчы метрден ашуун болгон. Алардын кай бири Улуттук онкология борборуна, "Кыргызтелеком" ишканасына, "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине берилсе, калганы музейдин өзүнө кайра колдонулган. Мамлекеттик имараттын оңдоп-түзөө иштери эмне үчүн өлкөнүн курулуш агенттиги тарабынан көзөмөлгө алынбаганы суроо жаратпай койбойт. Базар баасы менен гранит таштардын чарчы метри 15 доллардан 80 долларга чейин бааланат. Орточо баа 50 доллар менен алганда дагы 19 миң чарчы метр үчүн жоголгон таштардын баасы дээрлик миллион долларга чейин жетет. Учурда музейде гранит жана мраморлордун ордуна гретон деген каражат колдонулган. Советбек Абышевдин айтымында, бул материал оңдоо иштери жасалып бүтө электе эле четинен жарактан чыга баштаган. “Музейге барып көрсөңөр эмитен эле бузулуп баштаганын байкоого болот. Эми ачылгандан кийин канчага чейин чыдайт экенин байкап көрөлү”,- дейт ал. Бул чуулгандуу иштер Жогорку Кеңеште “Ата Мекен” фракциясынын жыйынында орчундуу маселелердин бири болорун Алмамбет Шыкмаматов айтат:
Кыргыз өлкөсүндө чет өлкөлөрдөн карыз, жардам алуу менен жасалган ири долбоорлордо коррупциялык иштер гүлдөп жатканы ачыкка чыкты. Тарых музейде бир эле эмес, эки чуулгандуу иш болуп жаткан чагы. Баасы бар гранит жана мраморлор жеке менчикке өтүп, жең ичинен сатылып кеткендиги тууралуу интернет айдыңында сөздөр айтылып баштады. Өлкөдө долбоор канчалык чоң болсо, андагы коррупциянын чоңдугу да ага пропорционалдуу өскөндөй... Мындай иштер тиешелүү органдар аркылуу так иликтенип, бул иштерге тиешеси бар адамдар жоопко тартылбаса кийинкиге сабак алынбайт. Кафель төшөлгөн фонтандар.
Гранит жана мраморлор алмашылган тепкич жана анын сырттары.
Адилет Керимбек уулу Тарых музейиндеги баалуу таштар кайда?
Автор: Аяна Байтемирова
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(4)
Izdei_-_berem
![]()
04.09.2018. 11:07
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аягына чыгыш керек,мындай тигиндей,соз эле бойдон калдыго, результат жок,Улан Эгизбаев изилдеп жаткан эле,олдунор ага дагы кысым коргозуп.
Jasa
![]()
04.09.2018. 14:38
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жоголуп кетбесек эле эми ушинтип отуруп,акыры ар бир нерсенин аягы болот,эскиси деле жесе,орун алмашып жанысы деле жесе тугонот да мамлекет
Shokoladka94
![]()
05.09.2018. 08:57
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Улан Эгизбаев тируу болгондо...
adiaza
![]()
05.09.2018. 11:03
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эхх катуу текшеруу болбой жаткандай болуп турат бул жерде, соз менен элге кыйратабыз табабыз деп коюп, текшеруучу кишилери да оз кишилери окшойт, текшере келгенде эле баардык нерсенин оордун бат эле толуктап актанып кетип атышат жасалма документтер менен
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|