|
Кутман Кадырбеков, дарбазачы: «ЧУРКАГАНДЫ ЖАМАН КӨРГӨНҮМ ҮЧҮН ДАРБАЗАЧЫ БОЛУУНУ ТАНДАГАМ»№848 1-7-февраль, 2019-жыл
– Алейкум салам. Азия Кубогунан менде жалаң гана жылуу сезимдер калды. Уюштуруу иштери, стадиондордун абалы, бардыгы мыкты деңгээлде болду. Күчтүү командалар менен ойноп тажрыйба топтоо – бул чоң жетишкендик. – Ар дайым ар бир оюнчу курама командада ойносом деген үмүт менен жашайт болуш керек. Мен дагы кичинекей кезимде эле топ тээп жүргөндө мекенимдин намысын коргосом деп кыялданган балдардын катарында болчумун. Албетте, ошол 23 оюнчунун арасына кошулуп калганыма абдан кубанычтамын.
– Албетте, кандайдыр бир деңгээлде (күлүп). – 92-мүнөттө эсепти теңеп кеткенибиз мен үчүн жомок болду. Мындай керемет учурларды кинолордон же сыналгы аркылуу оюндардан көрүп келген болсом, ошол футболдогу керемет учурду өз көзүм менен көрдүм. Ал сезимдерди мен түшүндүрүп бере албайм. – Биринчи оюндан баштап эле жакын туугандарым колдоп жатканын билгем. Бирок көпчүлүк эл кызыгып көрүп жатканын чындап ойлогон эмесмин. Аэропорттон бизди тосууга үй-бүлөбүз жана ондогон күйөрмандар келсе керек деп күткөнбүз. Бирок мынчалык көп адам тосуп аларын ойлогон да эмесмин. Адамдар ушунчалык көп болгондуктан жадакалса үй-бүлөм менен да көрүшө албай калдым. – Мени 7 жашымда атам футболго биринчи жолу алып келген. Атам өзү футболго аралашып жүргөн киши. Ал Кыргыз Республикасынын мини-футбол боюнча ассоциациясынын 1-президенти. Кичинекей кезинен эле футбол ойноп, футболду сүйгөн адамдардын катарында болгон. Азыркы ийгиликтеримдин себепчиси атам десем болот. Бул спорттун түрү мурда мага жөн гана жакса, азыр менин жашоом болуп калды. – Футболго машыгууга баргандардын баары эле чабуулчу же коргоочу болсом деп кыялданат. Башында мен дагы дарбазачы болуп калам деп ойлогон эмесмин. Кийинчерээк чуркаган мага жакпасын түшүнгөн соң дарбазачы болуп калдым. Бирок дарбазачы болуу мен ойлогондой жеңил эмес экен. Тескерисинче, жоопкерчиликтүү милдет экенин кийин түшүндүм. – Калыстар боюнча эч кандай комментарий бере албайм. Анткени ар ким өзүнүн ишин жасайт. Арабдар менен болгон оюнда гол киргизүүгө биздин дагы жакшы мүмкүнчүлүктөр болду, бирок колдоно албай калдык. Арабдар өзүнүн мүмкүнчүлүгүн колдонуп кетишти. Буйрук ушундай экен, жеңиш алар тарапта болду. Жалпы футболдо деле ар кандай учурлар болот. Бирде калыстык болот бирде болбой калат дегендей. Бул бир гана футболдо эмес, жашоодо да ушундай. – Досторумдун, туугандарымдын арасында баягы эле жөнөкөй Кутманмын. Кутмэн деген элдин ою, алардын оюн өзгөртө албайм. Элге ал ат жакса, мен каршы эмесмин. – Жинденген учурларын көп деле байкабаптырмын. Ал абдан адилеттүү. Машыктыруучу гана болбостон Александр Сергеевичти мыкты мугалим, мыкты психолог деп эсептейм. Уруша турган жерде урушуп, мактай турган учурда мактайт, дайыма чындыкты айткан инсан. – Машыктыруучум мага "ар дайым жоопкерчиликтүү жана эр жүрөк бол" деп айтат. Дарбазачы оюндун аягына чейин жалпы оюнга кунт коюп көзөмөл жүргүзүшү керек. – Эң негизги мотивация берген адам – бул менин апам. Ар бир адам мени менен макул болсо керек, эне дүйнөдөгү эң кымбат зат. Футболду тандап алганыма апам ыраазы. Ал дайыма мени колдоп, ийгиликтеримди тең бөлүшүп келет. Мен оюнга ар дайым апамдын жылмаюусу үчүн чыгам. – Апам “жакшы нерсени тилей бер” деп көп айтат. Ошондон улам мен Англиянын алдыңкы командаларында ойногум келет. Үмүттү үзбөш керек. Буюрса, күчтүү чемпиондукта ойноп калармын. – 2020-жылы 23 жашка чейинкилер арасында Азия биринчилиги өтөт. Ошол мелдешке тандап алуу оюндары ушул жылдын март айында болот. Жакын арада ошол мелдешке даярдыктар башталат. Андан кийин, албетте, 2022-жылы боло турган Дүйнөлүк мундиалга тандап алуу оюндары башталат. Буюрса, дүйнөлүк биринчиликте ойноо үчүн бүт аракетибизди жумшайбыз. ...айлыгыңды эмнеге коротконсуң? – 18 жашымда үйгө азык-түлүк алып баргам. – Жакында эле (күлүп), 19 жашта болсо керек. – Мен унаа айдабайм. – Мифтахов Рашид Вагизович. – Атам алып берген, Түркиянын улуттук курама командасынын формасы болчу. Кубан Жумамидинов Кутман Кадырбеков: "Чуркаганды жактырбагандыктан дарбазачы болгом"
Автор: Алтынай Тынышова
Оператор: Руслан Алыбаев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(16)
Grazy-girl2019
![]()
05.02.2019. 11:00
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азамат машине ийгилик
elmira.
![]()
05.02.2019. 12:39
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсын!
elb_2121
![]()
05.02.2019. 13:23
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азаматтсын алгыр жигит
naida81
![]()
05.02.2019. 17:28
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кыргыздын кыраандарыны бири, алга
Baktyluu_bolgum_kelet
![]()
05.02.2019. 22:36
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Көздөрү башкача экен.Харизматичный деп коёбу?
States
![]()
06.02.2019. 03:05
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
192 бойго 76 кг ото эле аз жок дегенде 82 кг болуш керек . Коздору башкача экен харизматичный . Менин боломдун козу да ушундай . Негизи бизди убагында Чынгыз хан монголдор менен аралаштырбаганда аябай сулуу келген калк болмок экенбиз. Менден тан калып сурашат Европада эмнеге Азиаттарга окшошсун бирок козун аябай копкок биздикиндей деп
pearle
![]()
06.02.2019. 09:43
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын, Кутман! Акыл-эстуу, ыймандуу, келбеттуу жигит экенсин. Интервьюнду кызыгып окудум! Тилектерин орундалсын! Ийгилик сага! ушундай жигитти остургон ата-энене чон рахмат!
Sagidko88
![]()
06.02.2019. 14:48
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
красавчик! сенден умутубуз чон.азаматсын!
Muratmipa
![]()
06.02.2019. 15:25
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бирок сен оюнда оюнду кылышын керек иним судя бар офсайд деп сен тоскондун ордуна кыйкырып алаксып журуп гол откозуп алдын
Skarlett-Skarlett
![]()
07.02.2019. 14:17
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын!Дагы-дагы ийгиликтерге жет!
kakukani
![]()
07.02.2019. 14:57
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик ар дайым
Surotchu-kyz
![]()
07.02.2019. 18:15
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат! Кыргыздын намысына жараган жигиттерден бол. Англиянын командасында ойносом дебечи. Кыргыздын курамасын сүйрөп Англия командасына теңде! Кыргызстандын сенде үмүтү чоң!
Farhat25
![]()
09.02.2019. 02:34
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Surotchu-kyz,урматту эгер сизге тушундуро кетсем бул англия курама командасында эч качан ойной албайт себеби биздин курамада ойноду. Ал эми клубда ойной берет
Margana93-
![]()
08.02.2019. 17:03
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын
s81
![]()
08.02.2019. 21:36
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А өнөрүң ашсын
zamirbek33
![]()
11.02.2019. 21:22
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсың
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|