|
ӨРТ ЭНЕ МЕНЕН 2 БАЛАНЫН ӨМҮРҮН АЛДЫ. Үйдү аял өзү өрттөгөнбү?№850 15-21-февраль, 2019-жыл
Маалымат алгач Бишкектин Ленин райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө түшкөн. Өрт өчүрүүгө барган №28 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн башчысы Жаныбек Абдырахманов окуя тууралуу айтып берди: – 12-февралда саат 15:15те бизге Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылындагы үйлөрдүн биринде өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түштү. Аталган дарекке 15:36да жеттик. Биз барганда кошуналары чака менен суу чачып өрттү өчүрүүгө аракет кылып жатышыптыр. Биз ишке киришүүдөн мурда кызматкерлердин коопсуздугун сактоо үчүн алдын ала кароо жүргүзүп алабыз. Ишибизди кылып жатсак, бир кошунасы чуркап келип, «өрт чыккан жерде газ баллон жарылып жатат» деп айтып калды. Ал жактан 2 баллон алып чыктык. 16:19да өрттү курчоого алып, саат 17:30да толугу менен өчүрдүк. Жалпы 100 чарчы метр аянт өрттөндү. Анда кампа, сарай, гараж жанаша жайгашкан экен. Өрттү өчүргөн соң имараттын ичиндеги кулап кеткен темир, жыгачтардын арасын карап жатып, калай темир басып калган бир адамдын сөөгүн көрдүк. Анын жанында дагы эки адамдын сөөгү жатыптыр. Шыр эле Аламүдүн РИИБине чалып, окуя тууралуу кабар бердик. Сөөктү милиция кызматкерлерине биз чыгарып бердик. Бул Аламүдүн районундагы 2019-жылдын башынан бери алгачкы жолу адам өмүрүн алган кырсык болду. Келтирилген зыяндын көлөмү жана өрттүн келип чыгыш себеби тиешелүү кызматтар тарабынан такталып жатат.
Чүй ОИИБинин кызматкерлери окуя боюнча алдын ала маалыматтарды таратты. Анда өрттү каза болгон аял өзү коюшу мүмкүн экендиги айтылат. Маркумдардын кошуналары кандай маалыматтарды бергендиги тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз катчысы Назира Имангазиева айтып берди: – 12-февралда саат 16:15 чамасында Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Чүй облусунун Таш-Дөбө айылындагы үйлөрдүн биринде өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Маалыматтын негизинде ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барган. Милиция кызматкерлери өрт чыккан сарайды кароо жүргүзгөндө 34 жаштагы А.М. жана анын 10 жана 2 жаштагы балдарынын сөөгү табылган. Факт катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Алдын ала иликтөө боюнча, бул даректе каза болгон аял күйөөсү, кайненеси жана эки жашы жете элек балдары менен чогуу жашачу. Маркум аялдын жана күйөөсүнүн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгени аныкталды. Алардын кулактары укчу эмес экен. Милиция кызматкерлери айылдын тургундарынан сураганда, үйдө ар кандай пикир келишпестиктер болуп тургандыгы айтылды. 12-февралда түшкү саат 14:00 чамасында каза болгон аялдын канистр көтөрүп жүргөнүн көргөндөр бар экен. Ага чейин келин айыл тургундарынын биринен 2 литр бензин сатып алган экен. Азыркы учурда иликтөө иштери жүрүүдө.
Каза болгон келиндин аты Мээрим. Анын кулагы жакшы укчу эмес. Ал эми жолдошу Игорь тубаса дудук болгонун кошуналары тастыкташты. Кошуналары мындай кадамга Мээрим өзү барышы мүмкүн экендигин айтышат:
– «Келин өзү бензин куюп өрттөнүптүр» деп кошуналар айтып жатышат. Окуя болгонго чейин 2 литр бензин сатып келгенин көргөндөр бар экен. Күйөөсү экөө жакшы жашачу. Бири-бирин сүйчү. Кандай себеп мындай каргашалуу окуяга жеткирди, билбейм. Балдарга боорум ооруп турат.
– Жаш үй-бүлө башында кичинекей батирде жашачу. Кийин экөө чуркап жүрүп, айыл өкмөттөн жер бөлдүрүп алышкан. Бирок ал жерди кайненеси сатып жиберген экен. Келиндин «Кайненем жерибизди сатып салып, бул жакка көчүрүп келген. Кайра кууп жатат» деп ыйлап калганын угуп жүрчүбүз.
Чүйдө келин 2 баласы менен өрттөн каза болду. “Ал өзүн-өзү өрттөшү мүмкүн” дейт кошуналары
Автор: Илим Туратбек уулу
Оператор: Мухамадзиямидин Турдубек уулу
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(1)
CuMBoJI
![]()
19.02.2019. 15:24
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайненесин текшериш керек. 10 жаштагы бала качып чыкмак да. Бир нерсе кылып олтуруп, орттоп жиберишкендери толук мумкун.
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|