|
КЫЛЫЧБЕК СУЛТАН АДИЛЕТТҮҮЛҮКТҮН ЖЕҢИШИ МЕНЕН СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВДУ ДА КУТТУКТАДЫ№855 21-27-март, 2019-жыл
14-март күнү гезиттин жетекчиси Шайиста Шатманова Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына суракка чакырылды. Буга “ММКларды колдоо борборунун” сайтына 2012-жылы жайгаштырылып, ошол боюнча жаңыланбай калган маалымат негиз болгон. 15-мартта “Супер-Инфо” гезитине каршы жүрүп жаткан аракеттер боюнча Финпол тарабынан маалымат таратылды. Анда аталган кызмат “Супер-Инфону” текшерүүгө документтерди бербей жатат деп айыптады. Буга "Супер-Инфо" гезити ЖМКлар аркылуу төмөнкүчө тактоо киргизди: "Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат айтып жаткан факт боюнча "Freedom House" уюму ачкан "ЖМКны колдоо борборуна" Салык кызматы тарабынан текшерүү жүргүзүлгөн. Дал ушул текшерүүнүн жүрүшүндө “Супер-Инфо” гезитине Салык кызматынын инспектору тосмо текшерүү менен келип, басмакана менен гезиттин ортосунда эч кандай эреже бузуулар жоктугун аныктап, тийиштүү акт жасап кеткен. Андыктан Финполдун "редакция документтерди бербей жатат" дегени чындыкка дал келбейт". Ошол эле 15-март күнү "ЖМКны колдоо борбору" коомдук фонду басмакана менен "Супер-Инфо" гезитинин нускасынын санында айырмачылык бар деген Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын маалыматын жокко чыгарды. "Салык кызматынын Биринчи Май району боюнча башкармалыгы тарабынан ушул жылдын 7-февралында "ЖМКны колдоо борборунда" салык мыйзамынын талаптары толук жана өз убагында аткарылары боюнча пландуу текшерүү жүргүзүлгөн. Текшерүүгө бардык керектүү документтер толук көлөмдө көрсөтүлгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча акт түзүлгөн. "ЖМКны колдоо борбору" тарабынан салык мыйзамын бузуу табылган эмес. Фонддо басылып чыккан бардык гезиттин, анын ичинде "Супер-Инфонун" да нускасында айырмачылыктар жок. Бардыгы мыйзам чегинде ачык жана так",- деп коомдук фонд тараткан маалыматта жазылат. “Супер-Инфо” гезитинин жетекчиси 18-март күнү Финполдо суракта 2 саат болду. Бул аралыкта аталган кызматтын алдына коомдук жана жарандык активисттер, укук коргоочулар, ЖМК өкүлдөрү гезитти колдоо үчүн чогулушту. Алардын катарында аталган гезиттин негиздөөчүсү, экс-элчи Кылычбек Султан, оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков, укук коргоочу Рита Карасартова, жарандык активист Адил Турдукулов, журналист Мирбек Айтикеев жана башкалар болду. “Сөз эркиндигин коргоо” комитетинин төрагасы, жарандык активист Адил Турдукулов бул ишти саясий өңүттөн гана кароо керек деп эскертти:
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбековдун айтуусунда, маалымат каражатына басым башталганы жаңы бийликтин келечегине терс таасирин тийгизет:
Журналист Мирбек Айтикеев “бийликти булардын ишин бирден сындыра берсек отура беришет экен дедирбешибиз керек” дейт:
Укук Коргоочу Рита Карасартова “айыптоолор чындыкка дал келбегени далилденсе, анда арыз ээсин жоопко тартуу керек” деген пикирде:
Журналист Дина Маслова “бийлик эски системден чыга албагандыктан, сөз эркиндигине кысым токтобойт” деген пикирде:
– Бүгүнкү соттун чечимин айрымдар "Супер-Инфонун" жеңиши деп жатышат, бирок мен буга кошула албайт элем. Бул – адилеттүүлүктүн жеңиши. Анткени адилеттүүлүк "Супер-Инфо" менен гана чектелип калбайт. Ал биздин коомубузга, адамзатка, кыргыз коомчулугуна керек. "Бүгүн жасаган ишиң эртең өз башыңа муш" дегендей, бүгүн адилетсиздик орун алса, эртең ал сөзсүз өз кесепетин бермек. Адилеттүүлүк бар жерде ынтымак жана өнүгүү бар. Негизи бул адилеттүүлүккө оңой менен жетишкен жокпуз. Ошондуктан коомдук активисттерге, "Бүтүн Кыргызстан" партиясына, КСДП партиясына, Равшан Жээнбеков, Адил Турдукулов, Рита Карасартова, Калыс Боронбаев, Мирбек Айтикеев, Жанар Акаев жана башка адилеттүүлүк үчүн кошо күрөшкөн жарандарга ыраазычылык билдирем. Мындан тышкары бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарынын кошкон салымы болду, аларга да ыраазычылык билдиргим келет. Бул күрөштө негизги фигуралар болгон сот Абдразак Боронбаевге, жактоочу Таалайгүл Токтакуновага ыраазычылык айтам. Жактоочу айыптоонун адилетсиздигин юридикалык жактан далилдеп берди. Жогоруда айтылган инсандарды, партияларды, ЖМКнын өкүлдөрүн, сотту, жактоочуну жана Сооронбай Жээнбековду да адилеттүлүктүн жеңиши менен куттуктагым келет. Адилетсиз иш кылгандар эртеби же кечпи адилетсиздиктин азабын тартарын жакынкы Кыргыз тарыхы жана дүйнө тарыхы далилдеп келе жатат. Кубан Жумамидинов Кылычбек Султан адилеттүүлүктүн жеңиши менен Сооронбай Жээнбековду да куттуктады
Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
"Супер-Инфо" гезитине каршы бийликтин аракеттери
Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
Сот “Супер-Инфонун” жактоочулары жазган арызды канааттандырды
Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() ![]() Талкуу жабык. |
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|