|
КӨК БӨРҮ: «ЫНТЫМАК» – «ДОСТУК» 6:1№856 28-март - 3-апрель, 2019-жыл
Быйылкы жылы Нооруз майрамына карата республикалык мелдеш эки баскычта өткөрүлдү. Өлкөнүн ар бир аймагынан чогулган мелдешке катышуучу командалар деңгээлине жараша Биринчи жана Жогорку Лигага бөлүндү. Ар бир Лигада өзүнчө жеңүүчү аныкталды. Биринчи Лигада 25 команда катышып, кызыгуу жаратты. Оюндар 14-мартта башталып, олимпиадалык системде өттү (утулган команда мелдештен четтейт). Кызуу жүргөн оюндарда жарым финалга «Соң-Көл» (Нарын), «Казарман», «Алкан-Ата» (Талас) жана «Келечек» (Бишкек) командалары суурулуп чыгышты. Финалдык беттешке Таластын «Алкан-Ата» командасы «Келечек» менен беттешип, 5:1 эсебинде жеңип алды. Ал эми 3-орунду Нарындын Ак-Талаа районунан келген «Соң-Көл» командасы багынтты. Көпчүлүктү кызыктырган оюндар Жогорку Лигада орун алды. Бул лигада жалпы алты команда ат салышты: «Ынтымак», «Достук», «Бакубат-Талас», «Четинди», «Көк жал» жана «Төш-Булак». Фаворит саналган «Ынтымак» менен «Достукка» атаандаш болчу команда чыгабы деген башкы суроо болду. Аталган командалар эки тайпага бөлүнүп, жеңүүчү аталган команда финалга жолдомо алды. Оюнга келсек, «Ынтымак» менен «Достук» өз тайпаларында мыкты болуп, жеңүүчүнү аныктамай болушту. Ал эми 3-орун үчүн беттешке Таластын «Бакубат» командасы «Көк жалды» 7:1 эсебинде жеңип, коло байгеге ээ болду. «Ынтымак» командасы менен «Достук» Нооруз майрамына уюштурулган мелдеште 3-жыл катары менен финалга чыгышты. Анда 3 ирет тең Таластын командасы жеңишке ээ болуп келишкен. Оюндун алгачкы мүнөттөрүндө эки команда тең өз оюндарын таба албай жатышты. Бирок таластыктар жекеме-жекеде чапчаңдыгын көргөзүп, оюнду көзөмөлгө ала баштады. Жыйынтыгында салымдар көпкө күттүргөн жок. Нуржан Мелисбек уулу менен Сейитбек Анарбек уулу мыктыгылын көргөзүп, «Ынтымак» жоопсуз 6 улак таштаганга үлгүрүштү. Буга «Достук» Манас Ниязовдун бир улагы менен гана жооп бере алышты. Нооруз мелдешинде «Ынтымак» командасы үч жыл катары менен жеңүүчү аталды. Таластан чыккан команданын улакчысы Нуржан Мелисбек уулу бул мелдештин «Мыкты оюнчу» наамына татыды. – Мелдеш жогорку деңгээлде өтүп, элдин кызыгуусун жаратты. Финалда мыкты командалардын бири болгон «Достук» менен кезигип, ийгилик биз тарапта болду. Командабыз жакшы ойноду. Бири-бирибизди үндөп, коштоп жаттык. Мелдешке чейин бир ай машыгып даярданганбыз. «Мыкты оюнчу» деген наамды алайын деп ойлогон жокмун. Башкысы, команданын жеңиши үчүн ойнодум. Ар бир салган салым өзүм үчүн эмес, команда үчүн болуп жатты. Минген атым Торнадо оюнга чыкты, бирок аны Сейитбек Анарбек уулу чапты. Мен Каракуш деген атты чаптым. Мен бул атты мурда минген эмесмин, экөөбүз бат эле тил табышып кеттик. «Достукту» ири эсепте утабыз деп ойлогон эмеспиз. Аракет кылдык, буйрук экен, эсеп ушундай болду. Алар эми кийинки мелдешке катуу даярданат болуш керек. Адилет Керимбек уулу “Ынтымак” командасынын оюнчусу: “Көк бөрүдөн каза болгон атамдын жолун жолдодум
Автор: Алтынай Тынышова
Оператор: Руслан Алыбаев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(1)
Baatyr.ali
![]() SUPER.KG видео
30.03.2019. 23:10
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|