|
Алишер, Таттыбүбү, “Таң эрте” берүүсүнүн алпаруучулары: «БИР ЖЫЛДА БИР ТУУГАНДАЙ БОЛУП КАЛДЫК»№857 4-10-апрель, 2019-жыл
Толук аты-жөнү – Алишер Анарбек уулу Туулган жылы, күнү, айы – 1998-жыл, 27-ноябрь Туулган жери – Жалал-Абад облусу, Токтогул шаары Билими – Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз Мамлекеттик маданият жана искусство университетинин драма актёру бөлүмүнүн студенти Бою – 177 сантиметр Салмагы – 86 килограмм Артыкчылыктары – тобокелчил, лидер, бетке айтканды жактырат Кемчиликтери – эмоционалдуу, бир нерседен бат тажайт, шашма Толук аты-жөнү – Таттыбүбү Садырбекова Туулган жылы, күнү, айы – 1994-жыл, 22-август Туулган жери – Ош облусу, Өзгөн району, Кызыл-Тоо айылы Билими – Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультети Бою – 163 сантиметр Салмагы – 57 килограмм Артыкчылыктары – ийкемдүү, жөнөкөй, сынды туура кабыл алат Кемчиликтери – бүгүнкү күн менен жашай албайт, тобокелчил эмес, жалкоо Алишер: – Чоң рахмат. Ооба, мен телеге чейин радиодо иштечүмүн. Бир күнү “жаңы телеканал ачылып жатат” деп кастингге чакырышты. Былтыр телеканалдар жаандан кийинки козу карындай болуп жайнап ачылып кетпеди беле. Ошондой эле бир канал болсо керек деп ойлогом. Сунуштап жатышкандан кийин барып көрөйүнчү дедим. Даректи туура эмес түшүнүп алып алгач башка жакка барып алыптырмын. Мен келгиче убакыт өтүп, бирок күттүрүп койсом да баары кубаныч менен тосуп алышкан. Жетекчилик менен сүйлөшкөндө дароо эле мен алгебра эмесмин, жөнөкөй суроо бериңиздер, мен жөнөкөй эле жооп берем дегем (күлүп). Кечинде үйгө барганда кастингден өткөнүмдү айтышты. Ошентип жумушка алынгам. Радио, телевидениени чогуу алып кеткенге аракет кылдым. Кийинчерээк жетишпей, радиону таштадым. Менин эсимде калганы, алгачкы эфирде баарын ыйлатканбыз. Таттыбүбү: – Ооба, анткени “Таң эрте” алгачкы берүү болгон. Биз телеканалдын ачылышына 2 жарым ай даярдандык. Башка телеканалдардагы берүүлөрдөн өзгөчө кылалы деп күнү-түнү иштедик. Мен да ошол таасирдүү учурду эстеп калыпмын. Түз эфир бүткөндөн кийин продюсерибиз Айдай Самиева көзүнө жаш алып ыйлаган эле. Биз чоң телеканалдын биринчи эфирин ачып бергендиктен, баары аябай сарсанаа болушкан. Жыйынтыгы көңүлдөгүдөй болгонуна кубанып, көздөрүнө жаш алышты окшойт. А.: – Байкасаңыздар, башкаларда телеалпаруучулардын отурушу, сүйлөгөнү окшош, стандартка салынган. Биз ошол нерседен качабыз. Маалыматтык, таанып-билүүчү жана маанайшат берүүлөрдү чыгарабыз. Мисалы, көпчүлүктө “алпаруучу түптүз отуруш керек, минтип сүйлөш керек” деген талаптар болот эмеспи. Биз болсо конокторго чек койбойбуз, эркин, жакын адамы менен сүйлөшүп жаткандай атмосфера түзүп беребиз. Т.: – Мына, бир жыл болуп калды, бизде таттуу уйку жок. Мен дайыма эртең менен уктап калган жокмунбу деп чочуп ойгоном. Түнү дагы канча саат калды деп ойгонуп саат карай бермей адатым бар. Адатта керилип, дене боюңду созуп турасың го, бизде андайга убакыт жок. Мен көзүмдү ачарым менен жумушка шашам. Эртең менен саат 5те турам, 5 жарымда айдоочу алып кетет. Кээде боёнуп жатканда уктап кетем. А бирок эфир башталарда уйкум ачылып, куюлушуп сөздөр келе берет. Бул эфирдин өзүнчө касиети болсо керек. Мен жомокту айткан жокмун, чындыкты айтып жатам. Эфирдин өзүнүн сыйкыры бар. А.: – Буга чейин, тагыраагы, окуучу кезимде “Даңазалуу доор” сериалында жаш балдардын үнүн коштогом. Кийин жарнамалык роликтерди окуп кошумча каражат таба баштадым. Үн коштоонун түйшүгү да чоң экен. Мурун мага оңой сезилчү. Баары өнөктөштөн көз каранды болот. Кээде аныкы сонун баратса, сеники окшошпой калат же тескерисинче дегендей. Т.: – Алишер менин инимдей эле. Үйдө кичинекейлер оюнчуктарын калтырып кете берет эмеспи. Алишер да ошондой, эфир бүткөндөн кийин анын оокаттарын чогултуп эле жүрөм. Бир жыл ичинде экөөбүз бир туугандай болуп калдык. Т.: – Бизди эфирге кооз кийинип келип, сүйлөп койсо эле иши бүттү дегендер адашат. Биз эфирден тышкары ар кандай рубрикада сюжет даярдайбыз. "Биз шаблондон чыгып, эфирди жандуу кылганга аракет кылабыз".
Гүлжамал Абылкасымова “Апрель” телеканалы 1 жашта. Эфирдеги кызыктар, сырлар, ыйлар...
Автор: Алтынай Тынышова
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(1)
PROS
![]()
11.04.2019. 07:28
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Коомчулукка оң жана терс көрүнүштөрдү тартуулаганына ишенбейм, эмнеге Текебаев менен Жапаров себепсиз түрмөдө жатканын айтышпайт, эмнеге музейдеги коррупция боюнча, Датка-Кемин көмөк чордонундагы жана түндүк-түштүк альтернативдик жолундагы коррупция боюнча ооз ачпайт?! Эмнеге Жер-Үй алтын кениндеги тендердик махинация боюнча ооз ачпайт?! Эмнеге?!
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|