КУРМАНБЕК БАКИЕВДИН ҮЙ-БҮЛӨСҮ МЕНЕН ТАМАКТАНЫП ЖАТКАН ВИДЕОСУ ТАРАДЫ

№857 4-10-апрель, 2019-жыл


Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү менен тамактанып жаткан видеосу интернетке тарады. Анда Курманбек Бакиевди, анын оң жагында отурган ак чачтуу эркек кишини, аял жана эки кызды, сол жагында үч кыз жана өспүрүм баланы көрүүгө болот. Сүрөттөгү аял Жаныш Бакиевдин жубайы, ырчы Орозгүл Токторбаева. Ошондой эле Орозгүл Токторбаеванын ары жагында отурган, кадрда чачы гана көрүнүп турган адамды анын күйөөсү Жаныш Бакиев деп болжолдоого болот.

Курманбек Бакиев 2010-жылы аялы Назгүл Төлөмүшова жана бир кыз, бир уулу менен Кыргыз өлкөсүнөн чыгып, Беларуска кетишкен. Алар саясий качкын катары аталган өлкөдөн башпаанек алып, алгач президенттик резиденцияда жашап жүрүшкөнү айтылган. Кийинчерээк башка үйгө көчүп барышканы маалым болгон.

Болжол менен жогорудагы сүрөттө Курманбек Бакиевдин сол жагында биринчи отурган кыз анын 2001-жылы туулган Лейла аттуу кызы.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg



Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү менен тамактанып жаткан видеосу чыкты

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -1 
Талкуу жабык.
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: