|
ВАЛЕНТИНА ШЕВЧЕНКО МЕКЕНИНЕ КАЙТЫП КЕЛДИ№858 11-17-апрель, 2019-жыл
– Мен Кыргыз өлкөсүндө туулуп-өскөнүмө сыймыктанам. Кыргыз өлкөсү мага эң негизги спортчу катары түптөлүшүмдү түзүп берди. Бул жакта машыгып жүргөн убакыттарда Антонина экөөбүзгө атаандаш табуу кыйын болуп калган. Ошондо биздин машыктыруучубуз Павел Федотов өсүүбүз үчүн алдыга жылыш керектигин сезди. Ошентип Орусияга кеткенбиз. Бирок ал жактан да ушундай көйгөй жаралды. Кийин Перуга барып калдык. Ал жактан машыгып да, башкаларга мастер-класс да өткөрүп жүрдүк. – Эгерде менин машыгууларым жөнүндө сөз кылсак, эч кандай айырмасы жок. Машыктыруучум Павел Федотов мени менен Кыргызстанда дагы, Перуда дагы жүрөт. Кыргызстанда адам спорт залга келсе, аны дароо мелдештерге чыга турган спортчу катары көрүшөт. Ал эми Перуда көпчүлүк үчүн бул фитнес сыяктуу эле. –Ооба, эки өлкөнүн атынан чыгам. Кыргызстан менин мекеним, Орусия, Перу булар – менин бир бөлүгүм десем болот. UFC уюмунда Кыргызстан жана Перунун желеги менен чыгам. – Бишкектин эң көзгө уруна турган жери бул “Ош базары”. Мен үчүн ал жер маданиятыбыздын бир бөлүгү сыяктуу эле. Мен үчүн Кыргызстан дегенде – Ысык-Көл жана "Ош базары" көзгө тартылат. Убакыт болсо, албетте, базарды кыдырам. Бир нерсе сатып албасам дагы, жөн эле кыдыргым келет. – Албетте, машыгууларды токтотпой улантам. Эки айдан кийин беттешке чыгам. Андыктан тыныгуу болбойт. – Жайында келип калышым мүмкүн. – Көпчүлүктү ушул суроо кызыктырат. Азырынча мен үчүн профессионалдык карьера биринчи орунда турат. Дүйнө жүзүнүн мыктыларына кошулуу үчүн өзүңдү бүтүндөй спортко арнашың керек. Албетте, эки жакты тең бирдей алып кетсе болот, бирок анда бийиктикке жетишүү кыйынга турат. – Окуумду аяктагам. Бир нерсени тартуу абдан көп убакытты талап кылат. Азырынча бир гана спорт менен алектенип жатам. – Чемпиондукту көп убакыт сактагым келет. Башка салмак категорияда да чемпион болгум келет. – UFC менен болгон келишим боюнча, башка уюмдардын атынан чыгууга болбойт. Сен чемпион болуп турганда жоопкерчилик үч эсе көп болот. – Мен көп жылдан бери эрежесиз урушта жүрөм. Андыктан бул же тигил кыйын болду деп айта албайм. Бирок UFC уюмундагы ар бир беттеш өтө чоң эмгекти талап кылат. – Жессика чемпиондук үчүн биринчи талапкер болууда. Андыктан чемпиондук үчүн беттешке татыктуу талапкер деп айта алам. – Эч качан орто жолдон колду шилтеп таштап салуу жарабайт. Утулдуңбу, тур! Жеңилдиңби, тур! Кандай күн же кандай акыбал туш келбесин улантуу керек! Бул спорт оңой болгондо элдин баары мушкер болуп, гонорарларын санап жатып калбайт беле. Күчтүүлөр гана бийиктикти багынтат. Аэропорттон тосуп алууда толкунданып, чыдамсыздык менен күтүп жаткан чемпиондун апасы Елена Шевченко болду.
Шевченко менен катар толкунданган күйөрмандар чемпионго чепкен менен калпак кийгизип жиберишти.
"Сиздер ар дайым менин жүрөгүмдөсүңөр" дегенде Шевченконун миңдеген күйөрмандары кол чабууларын бир канча мүнөт токтотушкан жок.
Шевченкого "Даңк" ордени жана Эмгек сиңирген спорт чебери наамы ыйгарылды.
Адилет Керимбек уулу Валентина Шевченкого калпак кийгизилип, чепкен жабылды
Автор: Алтынай Тынышова
Оператор: Руслан Алыбаев
8 жылдан бери алгачкы ирет Кыргыз өлкөсүнө келген Валентина Шевченко маалымат жыйын өткөрдү
Автор: Алтынай Тынышова
Оператор: Руслан Алыбаев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(2)
Bars88
![]()
15.04.2019. 09:38
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ар дайым Кыргызстандын атын чыгарып журо бер.Сен келгенде 2 кундо канчалаган элге тааныттын олкобузду
Aikan1966
![]()
15.04.2019. 14:04
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Биздин да балдар,небере ,чеберелерден ушундай спорт чеберлери осо берсин,кыргызстанды элге таанытсын.
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|