|
ЭЛДИН КААЛООСУ ОРУНДАЛГАН ЖОК: ЖАПАРОВ МЕНЕН ТЕКЕБАЕВ АБАКТА КАЛДЫ№860 25-апрель - 1-май, 2019-жыл
Бул күнү саат 9да Жогорку Сотто Садыр Жапаровдун иши каралмак. Соттук отурум башталбай жатып 30-апрелге жылдырылды. Эске салсак, Жапаров 2013-жылы «Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деп айыпталып, 2018-жылы июнь айында 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Митингде эл өкүлдөрүнүн катарында сөз сүйлөгөн Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев сотторду оңдомоюнча өлкөдө эч бир реформа ишке ашпайт деди. "Кыргызстанга азыр радикалдуу реформалар керек. Кыргызстандагы соттордун 99 пайызын жаңылаш керек. Жакында эле дүйнөгө белгилүү, Британиянын “The Economist” журналы “Борбор Азиядагы демократиянын гүлү деген Кыргызстан, азыр демократиядан кыйратпай же экономикадан кыйратпай, экономика боюнча жакыр өлкөлөрдүн бирине айланды. Дүйнөдөгү эң жарды болгон Камерун мамлекети менен теңелди” деп жазышты. Мына ушундай шартта биздин бийлик менен оппозиция бир партияны талашып жатышат. Бизге алар маанилүү эмес, бизге реформалар керек, чоң өзгөртүүлөр зарыл. Адилет мамиле кылып Өмүрбек Текебаевди, Садыр Жапаровду, Дүйшөнкул Чотоновду эркиндикке чыгаруубуз кажет. Сотторду оңдомоюн Кыргызстанда реформалар ишке ашпайт, мамлекет өнүкпөйт. Соттор, силер Ак үйдөн келген бир жолку телефон чалуудан, бир СМСтен эмес, ушул жерде кылкылдап турган миңдеген элден корккула. Орустун бир шылууну келип кыргыздын чыгаан уулу акча алган деп койсо, камап койгон кайсы өлкөдө бар? Азыркы президентибиздин мүдөөсү, ниети ак болсо ушул камакта отурган саясатчыларды бошотушу керек",- деди Акаев. Митингге “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алманбет Шыкмаматов, “Мекенчил” партиясынын теңтөрагасы Мелис Аспеков, Митинг абактагы саясатчыларды актоо талабы коюлган резолюция кабыл алуу менен аяктады. Саат 16да Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра кароо боюнча соттук отурум болуп, прокурордун өтүнүчү менен ишти кароо 3-майга жылдырылды. Кубан Жумамидинов Абактагы саясатчыларды колдоо митингинин бийиктиктен көрүнүшү
Автор: Мундуз Нурланбек уулу
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() ![]() Талкуу жабык. |
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|