26 жаштагы Бактыгүл Аскар кызы Токтогулдун Торкен айылынын келини. Ал чырактай 3 жарым жаштагы уулу жана 6 айлык кызы менен үйүнөн куулуп көчөдө калганын айтып ыйлайт. Ата-энесиз өсүп, бала чагынан кордук көрүп келе жаткан жаш келин учурда жардамга муктаж.
«КАЙНЕНЕМ КҮЙӨӨМДҮ ТУКУРУП МЕНИ САБАТАТ»
– Ата-энем, таламымды талашкан төркүнүм болсо азыркыдай запкы жебесем керек эле. Аксыда төрөлгөм, таенем менен таякемдин колунда чоңойдум. Апам мен төрөлгөндө эле көзү өтүп кетиптир, атамды көргөн эмесмин. Мектепти бүткөндөн кийин жогорку окуу жайда окутушкан жок. Бишкекке келип идиш жууп иштеп жүрдүм. Таякем айылга чакыртканынан барсам жолдошум менен тааныштырып, «ушул жигитке турмушка чыгасың, эрге тийбегенде эмне кылмак элең?» деп каршы болгонума карабай күйөөгө берип салды.
Жолдошум менден 10 жаш улуу. "Кыз жаман эмес, барган жери жаман" дегендей, кайненем кеп-сөзгө келбей башка-көзгө койгулап, жулмалап, кагып-силккенин койбоду. Азык-түлүктү менден аяп, сарайга катып, кулпулап койчу. Күйөөм «жетимсиң» деп жемелей бергенинен 5 ай жашап кетип калгам. 2-3 айдан кийин өзүлөрү «чогуу жашайлы» деп алып кетишкен. Улуу баламды төрөгөндөн кийин жолдошум кол көтөрө баштады. Баары кайненемдин айынан болчу. «Сен мени тилдедиң, кактың» деп уруш чыгарып, күйөөмө барып «катыныңды тыйып кой, башка аял ал, аял толтура» деп тукуруп мени сабатат. Кышында да, нөшөрлөп жаан жаап жатса да балдарым менен көчөгө кубалап жиберишет. Кууп чыкканда ачка болосуң, аяштарым киргизип тамак беришет да, «балдарың, өзүң ооруп калба» дешсе кайра барам. Ачка-ток жүрүп калганга азыр ашказаным сайгылашып оорутат. Алардан токмок жей берип жалтанып, коркок болуп калыптырмын (ыйлап).
«ЖИНДИКАНАГА ЖАТКЫРЫП САЛЫШТЫ»
– Балам 2 жашка толгондо туулган күнүн белгилейли деп дасторкон даярдап кайненеме «суусундук алып келиңизчи, чай ичип отуралы» дегем. Ал кайнежем менен арак, вино көтөрүп келишиптир. Мени мас кылып, колу-бутумду байлап унаага салып Таш-Көмүрдөгү жиндиканага «бул оорукчан» деп калтырып кетип калышты. Жиндиканада 15 күн жаттым. Ошол 15 күн тозоктун тозогу болду. «Баламды көрбөй өлүп каламбы?» деген ойлорго жетеленип терезени тиктеп тура берчүмүн. Башым тегеренип, эс-учумду жоготуп жыгылып калган учурум да болгон. «Балам үчүн чыгаргыла» деп жалдырасам ал жактагылар «кайнагаң келмейинче чыгарбайбыз» деп коюшту. Анткени ал өткөрүп бериптир.
Психикалык текшерүүдөн таптаза чыктым. Мен үйдөн көрүнбөй калганда кошуналарым «Бактыгүл каякта?» деп кайненемден сурашыптыр. Ал «ооруканага кетти» десе «баланы таштап кетпейт болчу, өлтүрүп койдуңарбы, тапкыла, бир нерсе болсо жооп бересиңер» деп ызы-чуу салышыптыр. Ошондо гана кайнатам менен кайнагам келип чыгарып кетишкен. Балам мени сагынып аяшымды апа деп алыптыр. Ал жактан чыгып келсем аяштарым «сени көрбөй калабызбы, жиндиканада өлүп калабы» деп ойлодук, аман келгениңе сүйүнүп жатабыз» деп ыйлашты.
«КҮЙӨӨМ КЕЧИРИМ СУРАП КЕЛСЕ ДА КАБЫЛ АЛБАЙМ»
– Күйөөм мени жакшы көрбөйт, «өңү суукту кайдан алдым? Сарайыма да жолоткум келбейт, эртең чыгып кет, көргүм келбейт, жек көрөм, кетпесең өлтүрүп түрмөгө түшкөнүм жакшы» деп тепкилеп сабап, балта көтөрүп «өлтүрүп салам» дечү. Ошол сөздөрдү угуп жүрөгүм ооруп «мени сүйбөсө эмнеге алат?» деп жалгыз отуруп ыйлап алчумун. Ишенген төркүнүм болбогон соң, күйөөмдүн уруп-сокконуна кайыл болуп балдарым үчүн жашап келдим. Бирок баары бир кайненем, күйөөм үйдөн кууп чыкты.
Бишкекке келгениме 1 ай болду. Курбу кызыма чалып «кыйналып жатам, кайненем, күйөөм мени кубалап жатат, эми көчөдө каламбы?» деп ыйладым. Ал күйөөсү менен сүйлөшүп, жол киремди төлөп тосуп алышты.
Балдарды атасыз өстүрбөйүн дегем. Айла жок ажырашууга туура келди. Күйөөм жок болсо да балдарымды өзүм чоңойтом. Ушул убакка чейин кордук көрүп келдим. Ар кимден токмок жегенден тажадым. Ата-энем болсо мындай болмок эмес (ыйлап).
Балдарыңды талашкан адамдар чыгат экен. Эч кимге бергим келбейт. Абысыным багып берем деп алдады, бербей койдум. Кайнагам «балта менен чаап салам, өңүң суук, түрүң суук» деди. Кудай мени ушинтип жаратып койсо эмне кылам? Өздөрү жактырып алышып, жакшынакай 2 бала төрөгөндөн кийин ушинтип жатышат. Күйөөм учурда Орусияда иштеп жүрөт. Ал кечирим сурап келсе да кабыл албайм, ага жүрөгүм муздап калды. Жарашканда деле ошол көйгөй кайталанат, көчөгө чыгарып коёт. Ошол окуяларды эстесем жаман болуп кетем.
Азыр 1 бөлмөлүү батирде жашайм. Кайрымдуу адамдар жардам берип жатышат. Өмүр бою жардам сурап жашайын деген оюм жок. Кызымдын башына суу толуп кетиптир. Аны айыктырып, торолтуп алып бала бакчага берип тигүүчү болуп иштейм деген планым бар. Идиш, пол жууп иштесем да күнүм өтөт.
Бул окуя боюнча экинчи тараптын пикирин редакция чагылдырууга даяр.
Динара Абдыкадырова
koom@super.kg
Өтө "сулуу"окшойсуң.Кесир сүйлөгөн болбойт,тооба деп тагдырдын "тамашасын" күтүп тур.
Андан кийин мен озумду сулуумун деп айткан жерим жок аял киши ар дайым озуну сулуулап журуш керек деп жатамын !