|
КЫЗ-ЖИГИТТИН СЫРДУУ ӨЛҮМҮ. СОКУЛУКТА ЭКИ ЖАШ БАККА АСЫНГАН АБАЛДА ТАБЫЛДЫ№866 6-июнь - 12-июнь, 2019-жыл
Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдиргендей, каргашалуу окуя 25-майда болгон. Сокулук РИИБинин нөөмөт кызматына ошол күнү жергиликтүү тургундар тарабынан эки Нарын ОИИБинин басма сөз кызматы каза болгон 16 жаштагы кыз Бишкекке дарылануу үчүн келгенин билдирди. Ал окуусунан суранып, 3 күнгө Бишкек шаарындагы ооруканага кеткен. Каза болгон кыз мектепте 10-класстын окуучусу болгон. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки териштирүүлөр уланып жатат. Маркум жигит быйылкы жылы Бишкектеги №100-лицейди аяктап, электромонтажчы кесибине ээ болмок. Апасы Жумабүбү Сарыкүйова баласын бир мүнөз, тентектик кылбаган бала болчу деп ыйлайт.
Алгач кабарды кызым угуптур. Ага милициядан телефон чалышып, “иниңиз кылмыш кылды” деп чакыртышыптыр. Бирок барса иш башкача болуп чыгып жатпайбы! Ага чейин кызым берки каза болгон 16 жашар кыздын эжеси менен сүйлөшкөндө, ал баламдын телефонун алып алганын айткан экен. Ошондон кийин эле балабыз менен сүйлөшө албай калдык. Эки жаш коркоктук кылыштыбы, баары табышмак. Ал кыз менен сүйлөшкөнүн, жетелешип жүргөндүгүн көргөн эмеспиз. Жашы жете элек болуп табышып алганын да билген жокпуз. Ал күнү чогуу жүргөнүн да билбейбиз. Билген болсок, жетип барбайт белек? Экөөнүн мамилесин билген болсок, экөөнү үйлөнтүп деле коймокпуз да. Мейли, кыз мектепти бүтүп алсын, 11-классты бүткөндө деле балама алып берип коймокпуз да. Баламдын мүнөзү жакшы, тентектик кылбаган бала болчу. Ал жөнүндө эч кимден жаман сөз уккан эмесмин. Уулум экөөбүз Бишкекте чогуу жашачубуз. Сабагына барып, кайра үйгө түз келчү, айтканымдан чыкчу эмес. Окуусун дагы жакшы окуп бүткөн, эшикке чыгып кыз жандап, көчөгө да чыкчу эмес. Көчөгө бейчеки чыгып, үйгө кеч келгени болгон деле эмес. Ушул үйдөгү оңдоп-түзөө иштерин өзү эле жасап бүтүргөн. Жөндөмдүү эле. Балдарымдын эң кичүүсү болчу, андан улуу 3 байкеси, бир эжеси бар. Ушундай ишке барганына ишене да, түшүнө да албай жатам. Азыр үйгө кантип барарымды да билбей турам... Акыркы жолу кыз менен жигитти маркум кыздын эжеси Флора Догдурбек кызы көргөн. Бала кызды Кара-Жыгач жаңы конушунан алып кеткен дейт.
Сиңдим 24-майда түшкү 2лерде үйдөн чыгып кетиптир. Мен үйдө тигүүчү болуп иштейм. Чай ичели десем эле сиңдим жок. Телефонуна тынбай чалып жаттым. Бир маалда бир жигит алды. “Мен жигити болот элем, ал мени менен жүрөт, азыр үйгө барабыз” деди. Мен дендароо болуп калдым. Азыр урушсам, экөө келбей коёт деп ойлодум. “Эртерээк келсин” дедим, бала “макул” деди. Саат 7лерде сиңдим үйгө келди, жанында жигити бар экен. Ошондо биринчи жолу ал баланы көрүп, экөө сүйлөшүп жатканын биринчи жолу уктум. Андан мурун уккан да, көргөн да эмесмин. Эшикке чыксам, экөө туруптур, таанышып туруп калдык. Ошондо оозума башка сөз келген жок, сурабайт белем, “эмнеге келдиң, каяктан келдиң, эмне максатта келдиң?” деп... Үчөөбүз жер тиктеп туруп калдык. Бир маалда бала “маршруткалар каяктан кетет?” деп сурады. Мен жолду көрсөтүп айтып бердим. Сиңдимди “үйгө кирип, тамак жаса” деп, андан эмне болгон бала, ким деп сураган жокмун. Анткени сиңдимдин башы ооручу, ашыкча эч нерсе кылчу эмеспиз, аяп турат элек. Анан эле кошуналар “тигил жакта сиңдиң бир бала менен кетип баратат” деп калышты. Артынан чыгып, “бери келгиле” десем, экөө качты. Кайра келгенде экөө тайсалдап калышты. Баладан канчанчы жылкы экенин сурасам, 2000-жылкы экенин айтты. “Сөйкө салмакмын, кызды алмакмын” дей баштады. “Сиңдим окууну бүтө элек, мектепти бүткөндө деле берет элек го?” дедим. Бала кыздын колунан сүйрөй баштады эле, сиңдиме “кир үйгө” дедим. Сиңдимдин колунда эки телефон бар экен, анын бирин жулуп алдым. Көрсө, ал баланыкы экен. Жулуп алгандан кийин үчөөбүз тең үйдү карай бастык. Бир маалда бала кызды алмакмын деп эле колунан кармады да, экөө качты. Сиңдимдин колунда бир рюкзак кийими бар экен. Ошону менен эле экөө сөзгө келбей эле, бала кызды колунан сүйрөгөн боюнча алып кетти. Кызды колумдан өлөм деп эмес, алам деп алып кеткен. Ичимдин күйгөнү ошол. Баланын энеси бизди "эмнеге телефон чалбайт?" дейт, мен ал телефондун кодун билбесем, кантип чалмак элем? Кечки 8дерде чыгып кетишти. Ошону менен түнү бою уктаган жокмун. Сиңдиме канча чалдым, телефонун алган жок. Бизге эч нерсе деп чалган да жок, жазган да жок. Кечки 10дордо апама “кечирип коюңуз” деп жазыптыр, эненин жүрөгү сезген окшойт. Апам да чалыптыр, сиңдим бир жолу алыптыр да, сүйлөбөй коюптур. Эртеси кабарды угузушту. Экспертизанын жыйынтыгы бир айдан кийин чыгат дешти, ошону күтүп жатабыз. Өзүбүз да териштиребиз. Атам каза болгондон кийин апамдын жүрөгү начар. Улам эсин жоготуп, эсинен танып жатат. Сиңдим жаркылдап гана турчу. Маңдайы жарык кыз эле. Ашыкча эч нерсе кылчу эмес. Окуудан же дагы башка жерден ушул убакытка чейин маселе болгон эмес. Эч нерсесин айтпай сыздатып гана кетти. Бир тууганым тың, максаттары бийик кыз болчу. Андан кичүү сиңдим бар, ошого абдан жакын эле. Менин жанымда жүргөнү үчүн дагы деле жаман болуп жатам. Азыр эле кирип келчүдөй. Дагы деле ишенбей турам. Апама "бизди таштап кетпейсизби?" деп айта берчү, өзү бизди таштап кетип жатпайбы... Адилет Керимбек уулу Сырдуу өлүм. Чогуу асынып каза болгон кыз-жигит
Автор: Алтынай Тынышова
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу, Мухамадзиямидин Турдубек уулу
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(7)
jalgyzym...
![]()
10.06.2019. 13:15
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эми бул жерде бир гана Аллах кубо болуп турат. Билбедим эмнеге олумду тандашты экен. Жаштык кылышыптыр.
ainura220888
![]()
10.06.2019. 15:07
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жаштык кылып коркушту окшойт
atai9292
![]()
11.06.2019. 00:24
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Артынан жаман сөз айткым келген эмес. Тарбиясы жакшы дептир ким эле баласын жаман десин.Эгер тарбиясы жакшы болсо эжесинин сөзүнө келбей жигити менен эжесини каратып туруп качмак беле. Токтоо адам өзүн өзү асмак беле ата эне бир туугандарына сабыр берсин бирок ....бирок.....бирок. Тарбия көргөн бала ойлонот мен өлсөм ата эне бир туугандарым кантет деп таразага салат,жыргап кетпейт тескерисинче өмүр бою мени эстеп азапта кыйналып өтөт демек бул кылганым туура эмес деп мындай жолго барбайт
atai9292 түзөттү 2019-06-11 00:28:21
isarti
![]()
11.06.2019. 13:04
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бир мезгилде 19 жаштагы эркек элим үчүн деп жооого аттанган. Азырчы ...
kanatt
![]()
12.06.2019. 21:25
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Өзү жоош жүргөндон жоон чыгат
ursus
![]() SUPER.KG видео
13.06.2019. 11:22
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата эненерди ойлобойсунарбы суйуп куйуп олуп баратсанарда.озу эконду тен бир подвалга камап алып оло токмоктош керек болчуда суйунор бир жеринерден чыгып кеткиче.байкуш кайран гана Ата Эне силерди олуп калсын деп чонойтубу эле
MEERIM3
![]()
14.06.2019. 17:31
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата-энеге кыйын болуптур, өкүнүчтүү.
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|