|
№873 25-31 июль, 2019-ж
Өмүрбек Текебаевдин апасы Тилла эне: «ӨМҮРБЕКТИН КЫЯЛЫ БАЛА КЕЗДЕ КАНДАЙ БОЛСО ОШОЛ БОЙДОН КАЛДЫ»
-
Нарк-насилдүү, сөзмөр, кайраттуу... Өмүрбек Текебаевдин апасын ушундай элестетчүмүн, жаңылбаптырмын. Базар-Коргон районунун Акман айылына барып, Тилла эне менен саясатчы Текебаев басып келе жаткан жол тууралуу баарлашып кайттык. “Балам, туугандары чогулуп алып Текебаевди мактай бериптир дебесин. Айылды кыдырып, калыс сөздүү адамдардын да пикирин уга кет” деп кеңеш айтты. Бул дагы жөнөкөй эне айта турган сөз эмес.
-
Арыбаңыз, Тилла эне. Өмүрбек Чиркешовичтей мыкты уулдун апасы менен баарлашуу буюрган экен, алдыңызда отурам. Уулуңуздун саясаттагы баскан жолу сыңары, бала кези да кызыгуу жаратат. Бала кезинде Өмүрбек байке кандай эле? Келечегин кандай элестетер элеңиз?
- Өмүрбек ушул айылда, Жаңы жылга 7 күн калганда төрөлгөн. Эс тартканы башка балдардай болуп көчө чаңытып ойногон жок. Үйгө өзүнө жаккан балдарды топтоп алчу. “Жалганчы” деп айрым балдарды үйгө такыр жолотчу эмес. Мектепте жакшы окуду. Чогулуштарда “балаңар жалаң "5ке" окуйт” десе сүйүнүп калчубуз. Атасы “баламды доктур кылам” дей берчү. Жогорку окууга тапшырарда “балам, физиканы коюп эле, доктурлукка же соттун окуусуна окусаңчы” десе, Өмүрбек “менин ага көңүлүм жок” деп болбой койду. Өзүнүн тандоосу деп унчукпадык.
-
– Сиз жасаган кайсы тамактарды жакшы көрүп жечү?
- Мантыны, куурманы жакшы көрөт. Анан “сиз жасаган камыр палоо жакшы, апа” дей берчү. Тооктун этин 2-3 күнгө туздап, жакшы көргөн тамагын жасап берер элем. Шорпону анча жактырчу эмес.
Мектепте жакшы окуган балдарды кыздар жакшы көрөт эмеспи. Өмүрбек байкени да жакшы көргөн кыздар көп беле?
- Негедир Өмүрбек кыздарды жаман көрчү. Мектепте такыр кыздар менен бир партага отурбай койду. Үйгө килем соккону келген кыздарды кетиргиче шашчу. Азыр эми өзүнүн кыздарын аябай жакшы көрөт (күлүп). Жогорку окуу жайды бүтүп келгенде “эми үйлөнүшүң керек” десем унчукпай кутулуп жүрдү. Жалал-Абадда иштей баштаганда кыздар үйгө келе башташты. Майлуу-Суудан, Оштон, айтор... Балам экөөбүз бир бөлмөдө жатабыз, бир күнү “балам, эмне иши бар билбейм, үйгө кыздар келе баштады” десем, “апа, үйгө киргизбеңиз, алардын эмне максаты бар экенин ким билет?” деди. Кийин Москвага иштегени кетти (ред.: Текебаев 1991-жылы СССР Жогорку Советинин мүчөлүгүнө шайланган). Бир күнү “биздин иш быйыл жоюлат экен. Ага чейин бир келип кетсеңиз” деди. Атасы өтүп кеткен эле. “Эгин бышып калды, жем тартыш керек. Жумуштар бүтпөй калат” десем жини келип кетти. Келиним Айгүлдү ошол жактан тааптыр. "Киного барсам да, китепканага барсам да жолугуп кала бердик, жактырып калдым" деди. Айгүлдү биринчи жолу Ошко кудачылыкка барганда көрдүм.
– Өмүрбек байкенин атасы тууралуу айтып берсеңиз...
- Атасы менден 9 жаш улуу, түптүз жүргөн кыйын киши эле. Тектүү жердин урпагы, Жолборс казынын неберелеринен болот. Китеп, журналды абдан көп окуган. Жерден китептин алакандай кагазын таап алса “үф” деп үйлөп туруп окуп чыгат эле. "Эмне кыласың минтип?" десем “бул кагазда да көп нерсе бар” дечү. Кайненем 1 уул, 1 кыздуу болгон экен. Кызы турмушка чыккан соң баласы апам жалгыз калат деп окубай калыптыр. Мугалим, мектеп директорлору, раистер келип кеңеш сурачу. Өмшөгүм (ред.: уулу Өмүрбекти айтып жатат) мага окшош, бою да орто. Башка балдарым атасын тартып далылуу, сөөктүү.
-
– Өмүрбек байке мектепте мугалим кезинде окуучуларын пахта терүүгө жөнөтпөй коюп, өлкөнү дүрбөлөңгө салганы белгилүү. Ошол окуяны сиздин оозуңуздан уксак...
- Ооба, окуучуларын пахтага жөнөтпөй койду. “Мындай болбойт, апа, эмне кылса кылсын, балдарды пахтага жибербейм” деди. Бир күнү эшикте отурсам Базар-Коргон районунун акими келди. Аты эсимде жок, аял киши болчу. Мени колхозчу аял, алдасам көнөт деди окшойт. “Балаңызда сөз жок. Бирок планды артка тартып, балдарды пахтага жибербей койгону чатак болду” деп баштады. Сөзүн бүткөн соң короонун ичин айланта карап “жериңиз кенен экен, дагы бир үй салып берели” деди. Ошондо мен “балам, биз бешене тер менен оокат кылган адамдарбыз. Бир үйүбүзгө эле ыраазыбыз, ашыкча оокаттын кереги жок. Балам жаш бала эмес, өзү билет” дедим. Кийин чогулушта сельсоветтерге “алдана турган кемпир эмес экен” дептир. Анысын бизге сельсовет айтып келди. Элге иши жакканы үчүн кийин баламды 6 жолу депутаттыкка шайлашты.
-
– Уулуңуз саясаттын ысык-суугун аябай көрдү. Саясатка жаңыдан аттанганда балаңызга кандай кеңеш айттыңыз эле?
- Адегенде “этият бол” дегем. Кийин “депутат болоруң менен эле светтин баасын арзандат, “алтын комбинат” деп эмне кыласың? Эл катары эле иштей бербейсиңби” десем “апам болсоңуз да тескери жолду айтпаңыз. Жаман көрөбү, жакшы көрөбү, айта берем. Эл мени ошол үчүн шайлаган” деди. Ушундан кийин уялып, экинчи антип айтпас болдум. Бүгүн эми жебеген самсага пул төлөп отурса жаман экен, карыганда мага оор тийди. Учактан түшүрбөй кармап кеткенин айтсаң... Ошол түнү уйкум качып, ойгонуп алдым. Тообо кылдым, бирөө менен эле урушкум келет. Э Кудай, карыганда шерменде кыла көрбө деп коюп отурам. Жерге жарык түшкөндө үйгө сиңдим келди. Артынан улуу кызым келип калды. Учурашканда өпчү эле, бул жолу өппөй жогору өтүп кетти. Телевизорду күйгүзсөм уулумду кармаганын көрсөтүп жатыптыр. "Сизге айта албай жаттык эле, көрүп алдыңыз" деп калышты үйдөгүлөр.
-
– 21-августта уулуңуз Өмүрбек Чиркешовичтин иши Жогорку Сотто кайра каралганы жатат. Бул жолу кандай ойдо турасыз? Уулуңуз акталып чыгат деген үмүтүңүз барбы?
- Эми бүтпөгөн эмнеси калды, бүткөндүр, балам. Чыгат деп эле отурам. 16-июлда чыгат деп күтүп жаттым эле, болбоду. Ак жеринен отурат. Күн санап эле отурам, сотту да 10 күнгө эмес, 1 айга жылдырып койгонун карабайсыңбы. Болгондур эми.
– Өмүрбек мырза “бийликтен ырайым сурап эркиндикке чыкпайм. Сот аркылуу гана акталышым керек” деп келе жатат. Эне катары балаңыздын мындай аракетин колдойсузбу? “Абакта кыйналганча, ырайым сурап эркиндикке чыга бербейби” деген ойлор болобу?
- Болбойт, балам. Антсе “жегени ырас экен, ошон үчүн ырайым сурады” дешет да. Ушунча болгон соң актыгына жетип алганы жакшы. "Апасы пашадан (ред.: президент) кечирим сурасын" деп да айтышты. "Болбойт, балам да андайды жаман көрөт" дедим. Шайланарда карапайым эл жакшы. Иши бүтүп, аркы өйүзгө өтүп алган соң эл жаманбы? Эл менен эл, журт менен журтсуң. Эми Кудайым “ал, кулум” десин. Жаным күйгөндө айтам да. Жок жерден кармап отурушат, 2,5 жыл болду.
– Балаңызга башка тагдыр, башка жол каалаар белеңиз?
- Бир жолу “депутаттык деле болбогон иш экен, башка эле иште жүргөнүң жакшы эле” десем, “апа, ушунусу менен кызык да. Апам урушат экен деп баарыбыз бир жерде жүрө бермек белек?” деди (күлүп).
– Эркиндикте жүргөн кезинде Өмүрбек Чиркешович айылга бат-баттан каттап турчу беле? Сизге көбүнчө эмне белек ала келчү?
- Билерик, алтын шакек алып келет. Кээде "керектүү буюм аласыңар" деп акчасын берет. Ушул үйдө сырдашып отурабыз, үстүбүзгө эч ким кирбейт. Өмүрбек келет имиш дегенде эле үйгө киши толуп калат. Өзү төрөлүп, чоңойгон жер. Көчөлөрдү кыдырып, мурда ойногон жерлерди көргүсү келет. Бирок колу деле тийбейт. Чогулуш сыңары үйдүн алдына киши толуп калат.
– Уулуңузга, Кыргыз элине эмне каалайсыз?
- Эл жакшы, элден койбосун, балам. Өмүрбегимди эл үчүн төрөп койгон экем, элдин таламын талашып жүрөт. Эл дагы колдоп жатат.
– Маегиңизге рахмат. Уул-кыздын сыйын көрүп, көп жашаңыз!
Тилла эне, Өмүрбек Текебаевдин апасы: “Бүткөндүр эми, уулум эркиндикке чыкчу күндү күтүп жатам“
Автор: Автандил Добулбеков
Оператор: Руслан Алыбаев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
13
|