|
Виталий Люкс, футболчу: “КЫЯЛЫМ – КЫРГЫЗ ӨЛКӨСҮ МЕНЕН ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНДУГУНА ЧЫГУУ”№884 10-16-октябрь, 2019-ж.
– Жаңы сезон анчейин жакшы башталган жок. “Ульм” менен алдыңкы 2-3 оюнда утулуп калдык. 4 оюнду жеңдик. Акыркы оюнда жеңип, 3 упай алдык. Мындан дагы жакшы оюн көрсөтөлү дегенбиз. Чемпиондукта 1-2 орунду алып алдыга чыгууну максат кылганбыз. Эмнегедир бул тилегибиз орундалбай жатат. – Башында ошентип ойноп жаткам. Азыр машыктыруучу башка оюнчуларга ишеним артып жатат. – Ооба. Анткени бул жактан негизги курамга чыгам. Германиядагы машыктыруучулар да бул оюндарды карап, байкап турушат да. Негизи, Германияда 17 жашымдан бери ойноп келе жатам. Быйыл 13 жыл болуп калды. – Бул Айнтрахтка киргизген гол жана Филиппин курама командасынын дарбазасына 3 гол киргизгеним карьерамдагы эсте калган учур деп айта алам. – Футболго кандайча келип калдыңыз эле? – Телевизордон футболчу Роналдонун ойноп жатканын көрдүм. Бул спорт түрү ошондо жагып калды. Топту алдым да, эшикке чыгып ойноп баштадым. Мектепте жанымда отурган бала машыктыруучунун уулу болчу. Ал “эгер футбол жагып жатса мени менен машыгууга бар. Ошол жактан көрөбүз” деди. Башында жакшы ойной алчу эмесмин. Бирок менде талант бар экенин билчүмүн, өзүмө ишенчүмүн. Алгач жакшы ойной албаган командада ойноп жүрдүм. Кийин “жакшы ойногон балдардын командасында ойногум келет” деп ошол командага которулуп кеттим. Ошол кезде мен 11 жашта болчумун. – 5 жыл мурун “Кыргыз улуттук курама командасында ойногуң келеби?” деп Футбол федерациясынан чалышкан. Мен дароо эле “албетте, ойногум келет, төрөлгөн мамлекети үчүн ойногонду ким каалабасын?” дедим. Ошентип Германиядан бул жакка келип паспорт жасаттым. – Кара-Балтада туулгам. 6 жашымда эле Германияга көчүп кетип калганыбызга байланыштуу көп нерсе эсимде жок. Ушул убакытка чейин Кара-Балтага бара элекмин, убакыт боло элек. Бул жакка келерим менен машыгуу, оюнга даярдык башталып бошобой калам. – Ооба, биринчи машыгуу, беттеш 2015-жылы Дубайда болгон. Анда Бангладеш менен беттешкенбиз. – Абдан жакшы тосуп алышкан. Бат эле командага алынып, көнүшүп кеттим. – Албетте, ошол күнү досумдун үйлөнүү тою болмок. Мен ага катышпай калганыма байланыштуу видео жөнөтүшүм керек болгон. Мен ошол жерде өзүмдүн мамлекетим үчүн ойноп жатканыма ишенбей турдум. – Биз ар бир оюнда утууну кааладык. Өзүбүздүн мамлекетибизди көрсөтүп, биз дагы футбол ойногонду билерибизди көрсөткүбүз келди. Келип жөн эле ойноп койбостон, жеңгибиз келди. Мен өзүбүздү жакшы көрсөтө алдык деп ойлойм. Азия Кубогунда жакшы ойнодук. Ойной аларыбызды көрсөттүк. Корея менен болгон беттеште да жакшы ойнодук. Бирок тилекке каршы, 1:0 эсеп менен жеңилип калдык. – Чындыгында, ал күнү мен үчүн гана эмес, баары үчүн сонун күн болду. Дарбазачы Валерий келип “бүгүн сен гол киргизесиң” дегенде “киргизем” деген элем (күлүп). Бул оюндан кийин менин Инстаграм баракчам жарылып кете жаздады. Күйөрмандар тынбай жазып жатышты. – Албетте, утмакпыз. Анткени биз жеңишти гана самап турдук. Жеңилүүнү ойлогон жокпуз. Ушундай болуп калды. 90-мүнөттө эсеп санын 2:2ге теңеп гол киргизе алдык. Бул дагы жакшы көрсөткүч. Бул турнирден кийин Улуттук курама командада менталдык өсүү болду. Бул бизге сезилип турду. – Жок, бул биз үчүн жагымдуу сюрприз болду. Оюн талаасынан, социалдык тармактардан, дээрлик бардык жерден мекендештерибиздин колдоосун сезип турабыз. – Аз-аздан кирип турам. Мен көбүнчө башкалардын постторун карайм десем болот. Улуттук курамдагы футболчулар фанаттар үчүн видео, сүрөттөрдү көбүрөөк жүктө деп калышат. – Теңме-тең десем болот го (күлүп). – Жок. Мен жалгыз уулмун. Ата-энем ажырашып кеткенине байланыштуу апамдын тарбиясында болдум. Атамдан быйыл айрылып калдым. Ошондуктан июнда Палестина менен болгон беттешке келе албай калдым. – Биз туура эмес тактиканы тандап алыптырбыз. Алгачкы 15 мүнөттө жакшы ойноп жатканбыз. Кийин кандай болуп кеткени түшүнүксүз болуп калды. – Эрнист Батырханов жакшы ойнойт. Топту жакшы кармайт. – Албетте, күтүп жатабыз. Алар дагы Австралиянын курама командасы сыяктуу күчтүү. Биз өзүбүздүн үйүбүздө Филиппинди уткандай жеңип кетербиз, балким. – Мен азыр үйлөнгөнгө даярмын. Болгону сүйүктүүмдү жолуктура элекмин. – Бир жолу сүйгөм. Мен анда 17-18 жашта болчумун. Ал кыз менен 3 жыл бирге болдук, жашадык. Бул мамиленин болгонуна көп болуп калды. Көптөн бери кыздар менен мамиле кура элекмин. Сүйүктүү адамымды жолуктурсам дароо үйлөнөм. Чындап менин адамым экенин билиш үчүн 2-3 ай жетиштүү. Аны менен сейилдеп, тамактанууга ушул убакыт жетиштүү деп ойлойм. – Билбейм. Жүрөк тандаган кызды сүйөм да. Блондинка же брюнетка экени маанилүү эмес. Негизи ак көңүл, күлүп турган кыздарды баалайм. Футболду түшүнөбү же түшүнбөйбү, маанилүү эмес. – Баары менен жакынмын. Алардын ичинен Эдгар Бернхард, Виктор Майер, Азамат Байматов, Мирлан Мурзаев, Антон Землянухин менен жакын мамиледемин. – Кыргыз улуттук курама менен Дүйнө чемпиондугуна чыгуу. Ушундай болсо сонун болмок. – Апамдын аты Ирина. Ал абдан боорукер аял. Күнүгө “эмне кылып жатасың?” деп жазып, чалып турат. Оюндарымды көрүп турат. – Англис, немис, орус тилдеринде эркин сүйлөйм. Кыргызча “алга, Кыргызстан, күч биримдикте, рахмат, бир, эки, үч” деген сөздөрдү билем. – Ооба. “Дордой” менен “Алайды” билем. Кыргыз Премьер-Лигасынын командасынан сунуш түшсө ойлонуп көрмөкмүн. – Бул жакта койду көтөрүп алып чуңкурга салат го, ошол спортту билем (ред.: улак тартыш тууралуу айтып жатат). Телевизордон көрүп калганда балдардан сурачумун “бул эмне болгон оюн?” деп (күлүп). Анан Валентина Шевченкону билем. Ысык-Көлгө бара элекмин, убакыт болсо, сөзсүз түрдө барам. – Күйөрмандар, 10-октябрда Кыргыз-Мьянма мелдешине келиңиздер. Колдоп кетиңиздер, биз сиздерге ишенебиз, сиздерди сезебиз. Сиздер бизге керексиздер. Келиңиздер, Алга, Кыргызстан! Күч биримдикте! Динара Абдыкадырова Виталий Люкс: "Сары же кара кыз экени маанилүү эмес. Жүрөк тандаган кызды сүйөм"
Автор: Адилет Керимбек уулу
Оператор: Батырбек Зарлыков
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(5)
nukura_jigit
![]()
14.10.2019. 10:25
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Красавчик Люкс
SHERBOLAT
![]()
14.10.2019. 10:44
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алгаа люкс
LadyB
![]() SUPER.KG видео
15.10.2019. 22:24
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
такой приятный парень, умничка, успехов Кыргызстан. Алга Жигиттер!!!!
bulathan
![]() SUPER.KG видео
16.10.2019. 11:59
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшыэкен
Apyn8793
![]()
18.10.2019. 14:46
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец, туулган мекенинди унутпаган учун, Ахметовдой болбогону учун. Кыргызстан да сени менен!!!
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|