|
АИДА САЛЯНОВА АТАМБАЕВГЕ КАРШЫ КӨРСӨТМӨ БЕРДИ№885 17-23-октябрь, 2019-жыл
"Мен Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө бердим деп эсептейм. Бул иштин деталдарын айта албайм. Бирок жалпылап айтканда, ал киши (ред.: Алмазбек Атамбаевге) көрсөтмө бергенин (ред.: кримтөбөл Азиз Батукаевди абактан мыйзамсыз бошотуу тууралуу) өзүнүн оозунан билем. Мен ошону айтып бердим. Бул иште күнөөлүү адам сөзсүз түрдө жоопко тартылышы керек. Себеби күнөөлүү адамдын артынан канча адам жабыр тартты. Батукаевдин иши боюнча Алмазбек Атамбаев менен беттешкенде ал мага каршы эч нерсе айта алган жок. Алдыда да айта албайт деп ойлойм". Ушул жылдын 3-июнунда Аида Салянова Азиз Батукаевдин түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда мыйзамсыз бошотулушу боюнча камакка алынып, Алмазбек Атамбаев кармалган соң 15-августта үй камагына чыгарылган. ИИМ анын баш коргоо чарасынын өзгөртүлүшү боюнча “мурдагы башкы прокурор тергөө менен кызматташуу ниетин билдирди” деп түшүндүргөн. Кубан Жумамидинов 27 томду түзгөн Батукаев боюнча соттук иш: Атамбаев келген жок
Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Элчибек Кыштообаев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() ![]() Талкуу жабык. |
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|