|
ЭЛДИ ӨЗГӨЧӨ ЖӨНДӨМҮ МЕНЕН ТАҢ КАЛТЫРГАН «КАЛЬКУЛЯТОР БАЛА»№886 24-30-октябрь, 2019-жыл
– Былтыр Германияга менталдык арифметика боюнча эл аралык олимпиадага барып келди. Ал жакка дүйнө жүзүнөн эң күчтүү 40 адам чакырылган. Анын катарында Кыргыз өлкөсүнөн биринчи жолу биз бардык. Дүйнөлүк масштабда болуп жаткандан кийин тапшырмасы абдан татаал болду. Катышуучулардын жаш курагына да карабайт. Өзүнүн саноо ыкмасы бар күчтүү профессор, улуу илимпоздор да келишти. Алар менен Арсен тең тайлашып, алдыңкы ондукка кирген. – Телеберүүнүн өкүлдөрү бизди Германиядагы олимпиададан көрүп февраль айында чакырышты. Скайп аркылуу сүйлөшүп, текшерип, онлайн тапшырма берип, жактырган соң «августта тартылуу үчүн келесиңер» дешти. Долбоордун келишими боюнча, экранга чыкканга чейин катышканыбызды жарыя кылбашыбыз керек болчу. Ошон үчүн бул тууралуу эч кимге айткан эмеспиз. Мурда телеберүүгө менталдык арифметика боюнча баргандар кошуп, кемиткен эсептерди гана чыгарышчу. Арсен жаңы деңгээлди көрсөттү. 8 орундуу сандарды көбөйтүп чыгарды. – Ар бир бала дээринен бир нерсеге шыктуу болот. Ошону байкай билип, туура багыт бериш керек. Биз Арсенди байкабай калсак, таланты ачылмак эмес. Баланын ийгиликке жетишинде көп факторлор бар: мугалими, ата-энеси, айланасындагы адамдар баланын өсүшүнө кызыкдар болушу кажет. Арсен үйдө иниси, курста чогуу окуган балдар менен атаандашып отуруп ийгиликке жете алды. Бирок баланы бир тараптуу өстүрө бербей, башка багытка да кызыктырыш кажет. Анан, албетте, баланы чарчатпаш керек. Арсендин өзүнүн графиги бар. Окуйт, машыгат, ошол эле учурда ойноп, эс алганга да убакыт табат. – Арсен, салам. Өзүң тууралуу кыскача айтып берсең. – Мен Арсен Рахымбеков, 13 жаштамын. Бишкектеги интеллектуалдык борбордо менталдык арифметика боюнча курсту бүтүрдүм. Учурда Бишкектеги Кэмбридж эл аралык мектебинде билим алам. – «Таң калычтуу адамдар» телеберүүсүнө талантымды көрсөтүп, Кыргыз өлкөсүнүн атынан катышканыма кубанычтамын. Менталдык арифметика боюнча көптөгөн эл аралык олимпиадаларга барып жүргөндүктөн корккон жокмун. Бирок 3-курстун студенттери менен жарышып жатканда башында толкундандым. Качан гана жоопторум туура чыгып баштаганда өзүмө толук ишеним пайда болду. – Жакты, бирок мектепти да алып кетиш керек болуп жатпайбы. Мен мектепти аябай жакшы көрөм. Олимпиадаларга барганда сураныш керек болуп калат. Ошондуктан сабактарды калтырбаганга аракет кылам. – Менталдык арифметика боюнча олимпиадалардан утуп, ар кандай телеканалдарга барып катышып калдым. Ошондон кийин мени «калькулятор бала» деп атап алышкан. – 2020-жылы Дубайда менталдык арифметика боюнча дүйнөлүк олимпиада болот. Азыр ошол жакка даярданып жатабыз. Келечекте чет өлкөдөн билим алсам, өлкөбүзгө келип, алган билимимди жаштар менен бөлүшсөм дейм. Гүлжамал Абылкасымова Элдин баарын таң калтырган "калькулятор бала" Арсен Рахымбеков менен маек
Автор: Амирбек Исмаилов
Оператор: Элчибек Кыштообаев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(6)
Aikan1966
![]()
28.10.2019. 12:01
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азамат акылдуу баласын,дуйного кыргыз элин тааныткан таланттуу бала болуп чоной,биздин неберелер да сендей акылдуу болушсун.Ийгилик сага Дубайга,
ilgis1991
![]()
29.10.2019. 16:06
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын
Raha_83
![]() SUPER.KG видео
30.10.2019. 13:12
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rusbubu
![]()
31.10.2019. 16:55
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсың, ийгилик сага! Кыргызстандын сыймыгы
Sajakat14
![]() SUPER.KG видео
01.11.2019. 03:04
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат! Аман бол! Тың, акылдуу бала экен! Ата энесине рахмат ушундай баланы тарбиялагандарына! Өмүрүң узун болсун!Ойлогон ой максатыңа жет!
Sajakat14
![]() SUPER.KG видео
01.11.2019. 03:06
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сыймыктандым Кыргызстандан ушундай менталдык арифметиканы чаккан бала бар экенине! Рахмат сага! Көз тийбесин!
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|