|
КРИМИНАЛ ӨЛКӨНҮН ИНВЕСТИЦИЯЛЫК КЛИМАТЫН БУЗУУДА№886 24-30-октябрь, 2019-жыл
Ички иштер министрлигинин маалыматына таянсак, анын өлүмүнө шектүү катары 8 адам кармалды. Алардын экөө мурда милиция кызматында иштеп кеткен адамдар экени, шектүүлөрдүн арасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү да бар экени айтылды. Бул окуядан улам өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев жыйын өткөрүп, анда “ишкерлерди маселелерди өз алдынча криминал менен чечүүгө аракеттенбөөгө, эгерде маселе жаралса, милицияга кайрылууга чакырам" деди. Бул окуяны коомчулукта өлкөдө криминал активдешти деп жоругандар көп болду. Жарандык активист Гүлжигит Исаков бул кырдаал көп нерседен кабар бере турганын айтат. "Бул окуя ашыкча комментарийди талап деле кылбайт. Бүгүнкү абалды даана чагылдырып жатат. Кримчөйрөгө мурдагы орган кызматкерлеринин дагы катыштыгы болгону айтылды. Бул көп нерседен кабар берет. Мамлекетибиздеги реформаны Ички иштер министрлигинен баштасак абдан орундуу болот. Каракталган сумма көп деле болбошу мүмкүн, бирок бул кабардын өзү эле инвестициялык жагдайыбызга жана өлкөбүздүн престижине тескери таасирин тийгизет",- дейт Исаков. Өлкөдө милицияга элдин ишеними аз экенин ИИМ жетекчилиги деле моюнга алат. Укук коргоо кызматкерлери элди, анын ичинде ишкерлерди мыйзамсыз аракеттерден коргоонун ордуна, тескерисинче, аларды коркутуп-үркүтүп, талап-тоногон фактылар бар. Мындай жагдайда өкмөт башчынын “жардам керек болсо милицияга кайрылгыла” дегени ынанымдуу кабыл алынбайт.
Кубан Жумамидинов “Криминал баш көтөрдү". Акаев менен бийликтин айтышы
Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Батырбек Зарлыков
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() ![]() Талкуу жабык. |
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|