|
УНААЛАРДЫН БААСЫ КЕСКИН КЫМБАТТАЙТ: КЫРГЫЗДЫН СУРАНЫЧЫН ЕАЭБ ЧЕТКЕ КАКТЫ№890 21-21-ноябрь, 2019-жыл
Өкмөттүн маалымат кызматы "Кыргызстанга жеке пайдаланууга ташылып келинчү унаа каражаттарына бажы алымдарын жеңилдетүү мөөнөтүн узартуу демилгесин ЕЭК кеңешинин мүчөлөрү колдогон жок" деп билдирүү таратты. 2020-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанга ЕАЭБге кирбеген өлкөлөрдөн ташылып келинген унааларга бажы төлөмү кымбаттайт. Мисалга алсак, 2009-жылы чыгарылган Toyota Camry унаасынын бажы төлөмү 11 эсе, тактап айтканда, 1250 доллардан 13 600 долларга чейин жогорулайт. Буга ЕАЭБдин Кыргызга төрт жыл мурун берген жеңилдик мөөнөтүнүн бүтүшү себеп. Жакында Беларусь президенти Александр Лукашенко “эгер пайдасын бардык өлкө бирдей көрбөсө, анда ЕАЭБдин эмне кереги бар?” деген билдирүү жасады. Кыргыз өлкөсү да ЕАЭБдин пайдасын көрбөй жатат. Бирок ага карабай эле ЕАЭБдин талаптарын аткаруу менен убара. Кубан Жумамидинов Унаа ташуучулар: "ЕАЭБдин жоболорунун күчүнө кирүүсүн 3 жарым жылга узартуу керек"
Автор: Амирбек Исмаилов
Оператор: Элчибек Кыштообаев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() ![]() Талкуу жабык. |
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|