Сооронбай Жээнбеков: “АТАМБАЕВ МЕНИ ДА, ӨЗҮН ДА, МАМЛЕКЕТТИ ДА ТУҢГУЮККА КЕПТЕДИ”

№895 26-декабрь-1-январь, 2019-жыл


25-декабрда Бишкекте мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясында президент Сооронбай Жээнбековдун жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйыны өттү. Андагы урунттуу учурларга орун берели. Президентке “мурдагы партиялашыңыз Алмазбек Атамбаевдин тагдыры сизди ойлондурабы?” деген суроо берилип, Жээнбеков мурдагы президенттин тагдырына кайдыгер эмес экенин билдирди.

– Мен президент болгондон бери Атамбаевге бир да сөз айткан жокмун. Анткени мамлекеттин бүтүндүгү, элдин ынтымагы мен үчүн баарынан бийик турат. Ал кандай сөз айтса да көңүл бурган жокмун, өзүңөр көрдүңөр, эмне деген гана сөздөр айтылып жатты. Мамлекетти экиге бөлүүгө, бийликти басып алууга чакырыктар айтылып жатты. Мен токтойт го деп күттүм, бирок ал мени да, өзүн да, мамлекетти да туңгуюкка алып келип салды. Бул маселе эми менин колумда эмес, буга чейин экөөбүздүн колубузда болчу. Эми калганын сот чечет, мен жеке адамдардын эмес, мамлекеттин кызыкчылыгын коргоого өттүм,- деди Сооронбай Жээнбеков.

Өлкө башчыга “учурда парламентте депутат болуп отурган иниңиз Асылбек Жээнбеков жана кудаңыз Алиярбек Абжалиев менен туура эмес ойлор жаралбашы үчүн 2020-жылкы парламенттик шайлоого катышпай эле койгула деп сүйлөшүп көрдүңүзбү?” деген суроо беришти. Президент антип айтууга укугум жок деп белгиледи.

“Иним, кудам... Ар бир адам өзү чечет, мен аларга шайлоого бар же барба дей албайм. Өздөрү чечишет, бул боюнча алар менен сүйлөшө элекмин”,- деди мамлекет башчы.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg



Жээнбеков: “Атамбаевдин тагдыры жүрөгүмдү оорутат“

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Батырбек Зарлыков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -1 
Талкуу жабык.
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: