КҮЙӨӨСҮ АЯЛЫН БЫЧАКТАП, АРТЫНАН ӨЗ ЖАНЫН КЫЙДЫ

№896 2-8-январь, 2020-жыл


Чүйдүн Тоолуу Маевка айылынын тургуну 24-декабрь күнү аялын бычактап, кийин өзүнө да бычак сайып экөө тең каза болушту. Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы бул окуя үй-бүлөлүк чырдан улам чыккан деп маалымат таратты. Келин Таш-Мойнок айыл өкмөтүндө коомдук кабылдамада иштеген. Кесиптештери аны жоопкерчиликтүү, оор басырыктуу келин болчу деп мүнөздөшсө, жолдошунун жакындары комментарий берүүдөн баш тартышты.

«ЖУБАЙЛАРДЫН ОРТОСУНДА ЧЫР ЧЫККАН»

Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда окуя бир күндө болгон.

– 24-декабрь күнү Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Беш-Күңгөй айылында жайгашкан аскердик госпиталга аял киши бычактан алган жаракаты менен келип түшкөнү боюнча кабарланган. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, жабырлануучу 24 жаштагы Ы.кызы П. аттуу келин экенин аныкташты. Ал алган жаракатынан улам ооруканада каза болгон. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, "адам өлтүрүү" беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Ошол эле күнү саат 21:20 чамасында Арашан айылдык ооруканасына бычактан жаракат алган эркек киши келип түшкөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, жаракат алган жаран өзүнө-өзү бычак сайган. Ыкчам топ аталган жерге барып, ал 28 жаштагы Р.Ч. аттуу жаран экенин аныкташты. Сотко чейинки өндүрүштө каза болгон келин менен эркек киши жубайлар болгону аныкталды. Алар 2 баланы тарбиялап келишкен. Окуя болгон күнү күйөөсү менен аялы уруша кетишип, күйөөсү аялын бычактап, андан соң өзүнө бычак сайганы белгилүү болду. Учурда бул факты боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.

«ЧЫР ЭМНЕДЕН УЛАМ ЧЫКТЫ ДЕП СУРАЙ АЛГАН ЖОКПУЗ»

Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысы Бекболсун Асанкулов маркум келин тууралуу буларды айтып берди:

– Бул окуя бизге, биздин коллективге аябай чоң жоготуу болду. Жапжаш, өз ишин так аткарган, киши менен тил табыша билген кесиптешибизден айрылып отурабыз. Ы. кызы Пга бардык коллектив көнүп калган болчу. Ал биздин айыл өкмөттө коомдук кабылдамада иштечү. Бир жарым жылдай чогуу иштештик. Бардык ишти орду-орду менен жасаган, тың кыз болчу. Адамдык сапаты бийик, жоош кыз эле. Өзүмдүн карындашымдай, кызымдай көрчүмүн. Ата-энеси жакшы тарбиялаган экен, өзүнөн улууларга өйдө карап сүйлөчү эмес. Жумуштары менен келген жарандар мага кабылдама аркылуу киришет да. Коллективде эң кичүүбүз болгондуктан, кенже кесиптешибиз деп эркелетип койчубуз.

Биздин аймакта 6 айыл өкмөтү бар, ошол 6 айыл өкмөтү бирге Жаңы жылдын алдында чогулуп отурмакпыз, майрамдык кече 25-декабрь күнгө белгиленген. Ы. кызы П. да ошол күнгө даярданып, майрамдык маанайда жүргөн. Мен келсем жооптуу катчыдан суранып үйүнө кетиптир. Окуя болгон күнү бул суук кабарды кечинде уктук. Түз эле Арашан айылындагы ооруканага бардык. Ал жактан госпиталга алып кеткен дешти. Госпиталга барсак өлүкканага жиберишкен экен. Ошентип саат 21:30-22:00 болуп калды. Келин Тоолуу Маевка айылына турмушка чыккан, ошол жактан барып келип иштечү. Айылына барсак тууган-жакындары чогулуп калыптыр. Эртеси күнү сөөгү соттук-медициналык экспертизага берилди. 26-декабрь күнү күйөөсү экөөнүн сөөгү чогуу жерге жашырылды. Күйөөсү көрүшкөн жерден учурашып турчу. Жакшы эле жигит эле, эмнеден улам чыр чыгып, эмнеге мындай болуп кетти, сураганга эч ким батына алган жок.

«КОШ БОЙЛУУ БОЛЧУ»

Маркум келиндин чогуу иштешкен кесиптеши Гүлзат Балбакова анын кош бойлуу экенин айтып өттү:

– Ы. кызы П. аябай жоопкерчиликтүү, ишине так кызматкер болчу. Күйөөсүн таанычумун, саламы түз, жакшы жигит болчу. Аялы аны аябай жакшы көрчү. Маркум келин бизде 1 жылдан ашык иштеди, күйөөсү, билишимче, шаарда жеке менчик ишканалардын биринде күзөтчү болуп иштечү. Жумуштан тышкары да эже-сиңдидей сүйлөшүп калчубуз. 2 баласы бар, улуу кызы 6-7 жашта, быйыл биринчи класска бармак, кичүүсү 4 жашта. Биз жакын сүйлөшүп калгандыктан билебиз да, алар үчүнчү наристесин күтүп жүрүшкөн. Болжол менен 3-5 айлык кош бойлуу болчу.

Маркумдардын бир туугандары окуя боюнча комментарий берүүдөн баш тартышты. Жубайлардын өлүмүнө кандай жагдай себеп болгону белгисиз бойдон калууда. Акыркы кездерде өлкөдө үй-бүлөлүк зордук-зомбулук, чыр-чатактар негизги көйгөй бойдон калууда. Мисалы, 2019-жылдын он айында 5185 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган.

Айпери Хожаева
koom@super.kg



Бишкекте күйөөсү кош бойлуу аялын бычактап өлтүрдү

Автор: Гүлшат Ысамамат кызы
Оператор: Элчибек Кыштообаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(10)
06.01.2020. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
Кызганычта кызганыч, жапжаш 24 жаштагы келиндин госслужбада иштегени чындыгында жакшы эмес, ошон үчүн аялдарды иштетпей, өзүбүз багалычы эркектер. Бир жагынан көпчүлүк кыска ойлуу аялдар "Иштешим керек, карьера, дипломум жата береби, тата-мата" деп дөөрүп башыңды оорутушат.
10.01.2020. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Store,Кана эле баардык керектоолорду камсыз кылып,уйдо отургузуп ханышадай баксанар.Эч бир ааял иштемек эмес.Аялдар аргасыздан,башка айла жоктугунан,балдарым ачка калбасын,кийими жок калбасын деп гана иштеп журушот.Россияда 1000000 кыргыз болсо жарымы аялдар.Кана эркек намыс болсо жонотуп коймок.Кайран гана аял заты аманатынарга бекем тура албай жатасынар эркектер.
06.01.2020. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Аялдар иштебесе да болбойт экен... Эркектерге ишенген менен , кайсы бир куну уйунон кууп чыкпайт деп ким кепилдик берет... Уйлорун, машинасын ата-энесине каттатып коет, боолду... 15 жыл жашасан да кур жалак каласын...Анан балдарынды талашат... Ар ким иштегени жакшы окшойт менимче...Турмуштун он терс жактары бар дегендей...
06.01.2020. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
кызганыч
06.01.2020. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Корпоративге барам, барбайсын болушкан го ээ...
07.01.2020. 01:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Supsuluu,ошондой го
08.01.2020. 01:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Корплративин менен башында кал ай. Бир жакшына уй -було жок болуп балдар жетим калды
08.01.2020. 03:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кандай кун болгон ченде деле корпаратив учун олтуруп кою туура эмес
08.01.2020. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ой Адам озунон менин апам жалан эркектер мн иштеп келди, атамда иштейт бир жакшына уруш талаш жок,бизди уйлоду жайлады баарыбызды окутту чокутту, мыкты таята тайэне, чон ата чон эне. А иштебей уйдо отурган куйоолуу бала чакалуу эжелер бар артынан ар кандай соз ээчиген. Биздин копчулук эркектерди ниетм бузук жумушунда аял киши болсо тийишсе эркектер мн норм аял иштебейт тата матаны баштайсынар! Адам катары жакшы суйлоп койсо болду кочого чыгарып каласынар тийишесинер. Маданият жок бул кесиптеш жб
09.01.2020. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Иштебе иштебеш керек дейсинер. Иштеп келип Уй алганда уйунорду Ата энесине каттатып коюшат. Анан ажырашып кетсе каякка барат. Менимче озуно тын болуп ар кандай кырдаалда озунун жолун таап кеткени жакшы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: