|
Күйөөсү өрттөп жиберген келин: «АЙНЕКТЕН ЧЫГА АЛБАЙ ДЕНЕМДИН ЖАРЫМЫ КҮЙҮП КАЛДЫ»№898 16-22-январь, 2020-ж.
Ысык-Көл ОИИББинин маалымат кызматы келинди өрттөп жиберген киши кармалып, 2 айга камакка алынганын билдирди. - 4-январь күнү болжол менен саат 16:20 чамасында Каракол ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Торгоев көчөсүндө жайгашкан эс алуу жайларынын биринин жанынан күйөөсү келинчегине бензин чачып, өрттөп жибергендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып, териштирүү иштерин жүргүзгөн. Анда Жети-Өгүз районунун Богатырёвка айылынын 33 жаштагы тургуну С.Б. жарандык никедеги күйөөсү, 35 жаштагы Н.Ч. менен уруша кеткени маалым болгон. Күйөөсү аялынын бетине бензин чачып, өрттөп жибергенден кийин окуя болгон жерден качып кеткен. Келин алган жаракатынан улам Ысык-Көл облустук ооруканасына жаткырылган. Аталган факт Каракол ШИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 39-130-беренелери менен (бейбаштык максатта киши өлтүрүүгө аракеттенүү) катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Ал эми келиндин денесинен алган жаракаттарын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Көрүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында, аталган кылмышка шектүү Н.Ч. колго түшүрүлүп, Каракол шаардык сотунун чечими менен 2 айга камакка алынды. Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.
- Нурбек (ред.: келинди өрттөп жиберген деп шектелип кармалган жарандык күйөөсү) менен 2017-жылы таанышып, мыйзамдуу никеге турбай эле, чогуу жашай баштадык. Бир жыл жашагандан кийин бир күнү чыр чыгып, бычак алып мени өлтүрөм деп кубалап, артымдан бычак сайып сала жаздаган. Ошондо мен милицияга арыз жазып, ал камалып, бир жыл түрмөдө жатты. Мен ага тамак ташып жүрдүм. Анан түрмөдөн чыккандан кийин оңолуп калды го деп кайра чогуу жашай баштадык. Бирок ичимдик ичип, наша чегип жүрдү. Канча жолу таштайм деп, бирок эрки жетпей койду. Иштебей үйдө жатып алчу, мен эле багып жүрдүм. Өзүм базарда телефон номерлерге бирдик жүктөп иштейм, кийим-кечесин да мен алып берем. Анан кылган жакшылыгы ушул болду. Жөнү жок эле кызганып, “базарда тиги менен, муну менен жүрөсүң” деп уруш чыгара берчү. Акыры тажаганда “жашабай эле коёлу” деп чечип, ажыраштык. Мени туугандарым үйдөн көчүрүп кетишкен. Ошентип, ал талак берип жашабай калганыбызга 1 ай болгон. Ошол бир ай ичинде да арак ичип келип, базарда мени айланып кайтарып жүрдү. Мен “талак бергенден кийин сен менин күйөөм эмессиң, ким менен жүрөм, эмне ишиң бар? Мен сенден коркпойм, Кудайдан эле корком” деп айтып, урушканбыз. Ошого ызырынып калган. Окуяга чейин бир нече күн мурун мени ээрчип базарга барып, ал жактан айтпаганды айтып сөгүп, бетиме түкүрүп кетип калган. Эртеси күнү дагы ичип келип, мени кубалап, курбу кызым жардам берип, качып кеткем. Кийинки күнү келип мен иштетип отурган күркөнү сыртынан кулпулап койду. Ошол жердеги айдоочу байкелер аралашып жатып ачтырды. Бир аздан кийин кайра келип дагы сыртымдан кулпулап койду. Ач десем ачпайт. Бир литр бензин алып келатканын көрүп качканга аракет кылдым. Бирок күркөнү ачканга күчүм жетпей койду. Ал арада Нурбек бензинди күркөнүн терезесинен ичин көздөй чачты да, от коюп жиберди. Күркөнүн ичи кичинекей, 2 эле киши бата тургандай тар болчу. Дароо эле от алып кетти. - Өрт күркөнүн ичин каптап, чыга албай калдым. Жандалбастап терезеден чыкканга аракет кылдым, секирдим. Белиме чейин жарымым терезенин сыртында, жарымым күркөнүн ичинде калып юбкам күйүп, этиме жабышып калды. Синтетика кездеме болчу, күйгөндө да тез күйүп, этке жармашат экен. Терезеден колумду булгап “чыгарып алгылачы” деп кыйкырдым. Ошол жердегилер күркөнүн эки жыгачын тепкилеп жатышты, бирок ачылбай койду. Кийин бир нерсе алып келип чаап сындырышты окшойт. Мени чыгарып алып, күйгөн жерлериме кар басышты, “Тез жардам” чакырышты. Эмне болуп кеткенин түшүнбөй калдым, күйүп эле жаттым, колдорум, бетим да күйүп кетиптир. Ушунун баары шаардын эл кайнаган очогу – базарда болуп жатты. Толтура эл бар болчу, бирок көпчүлүгү карап гана турушту.
Мурдагы күйөөмдөн 1 кызым бар. Мени көргөнү ооруканага келип, ыйлап кетти. Мындай болуп кетерин билген эмесмин. Тааныштардын баары эле “эми ал жерде иштебе, кайра түрмөдөн чыкса өлтүрөт” деп жатышат. Ал ошол күнү да бычак кармап жүрүптүр, күркөнү ачсам сайып жиберет деп коркком. Биринчи күйөөм менен кызым төрөлгөндө эле ажырашып кеткем. Ал дагы урчу, шымынын куру менен сабачу. Ажырашар алдында телефондун бирдигин түгөтөсүң деп уруп-сабап кирген. Кыштын суугунда, бир тыйын акчам жок, эч кимге көрүнбөй качып кеткем. Ошол боюнча ага кайткан жокмун. Кайра-кайра телефон чалып тажатканда үйдөгүлөр мени “күйөөгө тийип кетти” деп коюшкан экен. Ошентип, кийин Нурбекке турмушка чыккам. Нурбек буга чейин теңтуштары менен чогуу муздаткыч уурдап, 3 күн камакта отуруп чыккан экен. Уурулук кылганы менен, адам өмүрүнө кол саларын ойлогон эмесмин. Ысык-Көл облустук ооруканасынын дарыгери, врач-травматолог Жолдошбек Мусанов жабырлануучунун абалы тууралуу буларга токтолду: - Жабырлануучу Батаханова биздин ооруканага 4-январь күнү келип түшкөн. Жаракаты өрттөн улам, күйөөсү өрттөп жиберген дешүүдө. Келгенде бензин жыттанып турду, абалы орточо оор болчу, 3-даражадагы күйүк алган. Бети күйүп, шишип кеткен. Эки колунун манжаларынын баары күйгөн, сандарында да күйүк изи бар. Азыркы убакта бетинин шишиги тарап калды, бирок колунун манжалары дарылоого муктаж. Күйгөн жерлеринин териси сыйрылып түшкөн. Бирок жаракаттардын үстүңкү катмары таза, качан айыгат аны убакыт көргөзөт. Учурда керектүү дарылоо көрсөтүлүп жатат. Күйүк терини алмаштырган аутодермопластикалык операция (ред.: теринин күйгөн жерине адамдын өзүнүн башка дене мүчөлөрүнөн тери алып чапталат) жасалышы мүмкүн. Акыркы кезде үй-бүлөлүк зомбулук курч темага айланып баратат. ИИМдин маалыматына таянсак, 2019-жылы өлкөдө 5 миңден ашуун үй-бүлөлүк зордук-зомбулук фактылары катталган. Бирок бул расмий эсептер гана. Мурда үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы административдик чара көрүлүп келсе, 2019-жылдын 1-январынан тарта кылмыш жоопкерчилиги каралат. Жоруктар кодексинде бул жаатта онго жакын берене бар. Айпери Хожаева Күйөөсү бензин чачып өрт койгон келин окуя тууралуу айтып берди
Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Элчибек Кыштообаев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() |
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|
Соттотуу-тамак жеткируу. Акталуу- кайра жарандык никеде жашоолорун улантуу.
Ушунун баарынын сизге не кереги бар эле. Жарандык Нике деген шариатта жок бул деген Зынакорлук. Зынакор адам кылган зынасы учун бул дуйнодо Таш баранга алыныш керек же олтурулуш керек. Ошондо тиги дуйнодогу жазасы жеңил болот деп айтылат шариатта.
Бул сиздин Аллах тарабынан келген белги деп түшүнүп, кудайдан жалбарып тиленип Намаз окунуз
Жарандык нике деген ЗАГСы жок жөн эле молдонун нике окуусу менен жашоо деп түшүндүрүлөт.