|
ТҮШТҮК КОРЕЯДА ИШТЕГЕН МИГРАНТТАР ОРТОМЧУГА АЛДАНЫП КАЛГАНЫН АЙТЫП ЧЫГЫШТЫ№899 23-29-январь, 2020-ж. Ар бир мигранттын өзүнчө тагдыры бар. Кыргыз маалымат айдыңында Түштүк Кореяда иштеп, "тапкан акчамды ортомчу аялга алдатып жибердим" деп арызданган жарандардын тобу тууралуу маалымат тараган. Дал ушул мигранттардын, ошондой эле аларды алдап кетти деп айыпталып жаткан аялдын да пикирин угуп көрдүк. 2017-жылы Кыргызстан ички дүң продукциясын сырттан которулган акчанын эсебинен толтурган мамлекеттердин ичинен дүйнө жүзү боюнча 1-орунга чыккан. 2018-жылы эмгек мигранттары жөнөткөн акча 2 миллиард 685,3 миллион долларга жеткен. Дал ушул цифрадагы кызылдай акчалар канчалаган эмгек мигранттарынын ден соолугу, көз жашы, арманы, азабы, жыргал-кууралынын арты менен табылып, өлкөдөгү миллиондогон үй-бүлөлөрдүн тиричилиги үчүн мекенге жиберилет. Каармандарыбыз Түштүк Кореяда иштеп, тапкан акчаларын ортомчуларга алдатып жибердик деген пикирлерин билдиришти. Алардын бири Азамат Орозматов 2600 доллар акчасын ала албай 2 жылдан бери убара экенин айтат:
Мен Кореяда мыйзамдуу эле иштечүмүн. Банк аркылуу акча которуу мүмкүнчүлүгүм бар болчу, бирок ошол учурда банктагы акча которуу кызматынын пайыздары өтө жогорулап кеткендиктен, Венера Мамбетовага кайрылып акча салууга туура келди. 2017-жылы 18-июнда бир жолу акча жөнөттүм. Венера Мамбетова өзүнүн эмес, башка эле адамга таандык банктык эсеп аркылуу акча которуп жүрдү. 2-3 жолу салган акчам өз дарегине жетип, апам акчаны алдым деди. Аны өтө мекенчил, кыргыздардан жардамын аябаган адам катары таанып калдык. Бир күнү дагы акча салдым, бирок үйдөгүлөр «акчаны ала элекпиз» дешти. Бир нече ай күттүм, Венера Мамбетовага улам билдирүү жазып коём. Жооп келбейт. Бир күнү «менин башыма оор иш түшүп калды. Ошол маселелер чечилгиче сабыр кылып тургула, сүйлөшөбүз» деди. 2018-жылдын январына чейин СМС жазышып дайынын сурап жүрдүм. Кезектеги жазган билдирүүмө ал, «акчаңар мамлекетке өтүп кетти. Биздин кеңсени текшерүү «басып», акчаларды, тийиштүү документтерди алып койгон. Силер келгиле, чогуу арыз жазалы, анан акчаңарды алып берем» деди. Мен Пусан шаарында иштечүмүн, анын чакырыгы менен Сеулга бардым. Мага тиешелүү маалыматтарды, паспортумдун көчүрмөсүн алып, «сенин атыңдан арыз таштап коём, ашып кетсе 2 айда акчаң кайтарылат» деп кетирип жиберди. Андан бери 2 ай эмес, 1 жылдан ашык убакыт өттү. Ал арада баягы акчамдын дайынын сурап СМС-кат жазып жүрдүм. Жыйынтык болбогондо акыры өз алдымча аракет кыла баштадым. 2019-жылы январь айында кыргыздардын пикир алышкан чаты аркылуу мыйзамдуу иштеген жана ошол аялга алданып калган эмгек мигранттарын чогултуп, арыз жазайын дедим. Ошондо мага Венерага алданып калдык деп 15 чакты бала жазган. Негизи 50дөй жаран алданган деген маалымат бар. Бирок арасынан легалдуу иштегени чыккан жок. Акыры жергиликтүү полицияга кайрылдым. Алар менин айткандарыма ишенгени менен, колумда акчаны Мамбетованын колуна өткөрүп бергеним тууралуу күбөлөндүрүлгөн ишеним кат же чек жок болчу. Алар «өзүң сыяктуу алданып калгандардан жок дегенде 1-2 адам таап кел, биз иш козгойлу» дешти. Бирок мыйзамдуу иштеген бир да мекендешти таппай койдум. Мен акча которгон эсептер жана Венера колдонуп жүргөн телефон номерлер баары башка адамдарга катталган болуп чыкты. Ушундай эле жапа тарттым дегендердин катарында Ишенбек Намазов, Жанболот Ибраев аттуу жарандар да бар. Жанболот Ибраев Түштүк Кореяда иштеп жүргөндө чоң атасы каза болуп, анын жаназасына келе албай калган. Анын айтымында, куран окутулсун деп салган акчасы өз дарегине жеткен эмес.
Мигранттар айыптап жатышкан Венера Мамбетова да өз чындыгын айтты. Ал кыргыздарга жардам берүү иретинде ачкан кеңсеси жабылып калганын, ишмердүүлүгү да токтоп калганын жана анын себептерин айтып берди:
– Мен жыргаганымдан жарандардын акчасын кайтарып бербей жаткан жокмун. Башыма мүшкүл иш түшүп калды. 2017-жылы биздин логистикалык борборду «Корея өкмөтүнөн келдик» деп текшеришти. Алардын мыйзамы боюнча, мен өлкөдөн чыгарган жана киргизген каражат, акчаларым тууралуу отчёт берип, тиешелүү салыктарын төлөп турушум керек болгон экен. Ошол учурда менин бардык документтеримди, акчанын суммалары жазылган компьютерлерди файлдары менен кошо алып коюшту. Ошондон бери Түштүк Кореянын тиешелүү органдарына отчётсуз ишмердүүлүк жүргүзгөнүм үчүн айып пул жана башка төлөмдөрдү төлөдүм. Буга канчалаган акчалар кетти. Ал арада мен аркылуу акча жөнөткөн мигранттар байланышып акчаларын сурап жатышты. Мен аларга акчаңарды бербейм деген жокмун. Айрымдарына «ишибизде жаралган мүчүлүштүктөр чечилгенден кийин акчаңарды кайтарып беребиз» деп жаттым. Бирок кимден канча каражат алганым жазылган файл, кагаздарымдын баары органдарга өтүп кетип, азыр колумда бир дагы такстыктоочу кагаздар жок. Алардын эсебин да билбейм. Биз иштетип жаткан логистикалык борбор мындай маселеге тушукканга чейин жакшынакай эле ишмердүүлүгүн жүргүзүп, мекендештерибизге жардам берип келген. Менин мамлекетке отчёт бербей иш алып барып жатканымды Чынара аттуу кыз тиешелүү органдарга кабарлап коюптур. Анткени ал экөөбүздүн ортобузда бир жолу конфликт болуп кеткен. Анын берген маалыматы боюнча бизди текшерүү «басып» борбор жабылып, өзүм да ушундай жагымсыз жагдайга кептелип калдым. Учурда бул маселе боюнча жабырлануучу тарап Бишкек шаарындагы Ленин РИИБине Мамбетованын үстүнөн арыз жазышкан. Ал эми Венера Мамбетова «мага алдамчы деп көө жапкан журналисттердин үстүнөн арыз жаздым» деп билдирди. Мамбетова жакында Түштүк Кореяга сапар алып, жогорудагы маселелерди чечүүгө аракет жасаарын айтты. Окуя Түштүк Кореяда орун алгандыктан, маселени ошол жактан чечүү керек дейт ал. Гүлжан Асанкожоева "Түштүк Кореяда бизди алдап кетти" дешкен жарандарга экинчи тараптын жообу
Автор: Гүлшат Ысамамат кызы
Оператор: Батырбек Зарлыков
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(12)
aimai
![]() SUPER.KG видео
24.01.2020. 22:57
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
boorun oorusa boorgo tebet degendei kim kop jardam berse akirinda oshol kishi jaman bolup kalat da
bekbol2006
![]()
27.01.2020. 12:00
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Венера ХХХХ экени корунуп эле турат
Модератор admin_portal түзөттү 2020-01-27 16:07:52
PeRa
![]()
28.01.2020. 01:33
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Душманды алыстан издебе
Avrora2017
![]()
28.01.2020. 04:36
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Anan ushuncha kishinin akchasyn riskovat etpei nalogun tolop ishtebeibi Kyrgyzstan emesda silerge al jer tembolee ozu grajdanka koreii eken 15 jyldan beri
BagdadKASYBAEVA90
![]()
28.01.2020. 17:16
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кыргыздар чет жерде дагы ынтымагыбыз жок! Олконду сагынып, куса болуп журсон бири-бирин колдоону билишпейт... Бул ачуу чындык, аябай начар калкпыз!
Arlenchik
![]()
28.01.2020. 19:43
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эми бул аял деле атайылап алдап танып кетпептирго, башына иш түшүп, көйгөйлөрү жаралып калыптыр, анында жагдайын эске алып, түшүнүү м-н кабыл алып күтө тургулада, төлөп берем деп атпайбы, анан ар кайсы жака арыз жазып сасыбай,Кореяда мыйзам катуу иштейт,жанагындай мыйзамсыз иштери ачыкталып калса,чоң өлчөмдө айып пул төлөп,финансы жактан кыйналып атса керек да.
baku24
![]()
03.02.2020. 01:38
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Arlenchik, 15 жылдан бери ал жактын жараны экен мыйзамын билет, закондун чегинде иш апарбай озунун чонтогун ойлогон да. Аягы келип мына бир озу эмес канчалаган адамды кууратып отурат.
fanatka19
![]()
30.01.2020. 19:20
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Алдап кеткен жокмун толоп берем эле дей беришет.Москвада да Адинай Турбубаева деген аял концерт болот деп билет сатып далай кишилер куйуп отуруп калдык,алдаган жокмун толоп берем деген июньдан бери дайыны жок.Кыргызжар бири бирибизди эде алдап басып журобуз.
Arman7
![]()
01.02.2020. 04:46
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
fanatka19,оа эн туура Питерде дагы ушундай сыяктуу бири бирин алдагандар.Невский 132 эски посольтводон 8мин рубльга регистрация жасаткам анысы 3сомдук жонокой эле кагаз экен.Азыр ошонун айынан менде проблемалар болуп жатат.Арам тамактар эч качан жакшылыка буйрубасын эн жаман нерселерге иштеткиле
Sara1993
![]()
31.01.2020. 11:14
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай баарына кубо , байкуштар суукка тонуп эптеп акча таап салса , ортодон алдап кетсе албетте ичин куйот.Урматтуу Венера айым жашоо бумеранг баарына оз башынызга келип 2 эсе эмес 100 эсе кылып толоп калыныз, Кудай сизди жазаласын.
Sara1993
![]()
31.01.2020. 11:16
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушундай адамдар жер бетинде кантип басып журот,милиция дарооо камап салыш керек болчу 15 (50)адамды сызга отургузуп кеткен адамды, жаназага деген акчаны алдап кеткен адам ОНБОЙ ЭЧ КАЧАН ЖАРЫБАЙТ !
Nurbany
![]()
01.02.2020. 23:57
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адамдар 100жакшылыкты унутат да 1жамандыкты омур бою унутпайт.качып кетпей кетиптирго Аман болсо журогундо ыйман болсо берээр
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|