|
Сооронбай Жээнбеков: “КОЛУНАН ИШ КЕЛБЕГЕН ЧИНОВНИКТЕР КЫЗМАТТАН КЕТСИН”№900 30-январь-5-февраль, 2020-ж.
Жыйында Коопсуздук кеңешинин 2018-2019-жылдары жыйындарында кабыл алынган чечимдеринин аткарылышы талкууланды. 2018-жылы 8-февралда Коопсуздук кеңеши "Кыргыз Республикасынын сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарында коррупцияга каршы күрөшүү боюнча олуттуу чаралар" деген чечим кабыл алса, ошол эле жылдын 14-декабрында "Кыргыз Республикасын санариптик өнүктүрүү боюнча чаралар" боюнча чечимдер кабыл алып, президент тарабынан кол коюлган. Ал эми 2019-жылы 30-январда "Кыргыз Республикасынын кен казуу тармагында коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар" деген чечим кабыл алынган эле. Президент Сооронбай Жээнбеков "өлкөдө мамлекеттик органдардын бизнеске бут тосуусу уланып жатат" деди. “Айрым мамлекеттик органдар жергиликтүү жана чет өлкөлүк бизнестин өнүгүшүнө бут тосууну улантып жатышат. Өткөн жылдын аягында Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын алты кызматкери коррупцияга шектелип кармалган. Колго түшкөнү жана колго түшпөгөнү канча? Жетекчилер кызматкерлери коррупцияга аралашып жатканын билбейт дейсиңерби? Жоопкерчиликсиз жетекчилердин айынан биздин бүт күч-аракеттер текке кетип жатат. Колуңардан келбесе арыз жазып кызматтан кеткиле”,- деди президент. Өлкө жетекчиси Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын ишин да сынга алды. Ошондой эле өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевге 2020-жылдын 1-февралына чейин бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилерине, министрлерге эскертүү жана сөгүш берүү сунушталды. Коомчулукта президентти колдогондор менен катар өлкө башчы мындай сынды Коопсуздук кеңешинин 2 жыл мурунку жыйынында да айткан, бирок жыйынтык болбой жатат деген сындар айтылууда. Автандил Добулбеков
Коопсуздук кеңеши кайсы аткаминерлерди кызматтан алууну сунуштады?
Автор: Кызжибек Раимова, Жылдыз Джускембаева
Оператор: Элчибек Кыштообаев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() ![]() Талкуу жабык. |
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|