|
АТ-БАШЫГА КУРУЛУУЧУ ЛОГИСТИКАЛЫК БОРБОР КҮМӨН ЖАРАТУУДА№900 30-январь-5-февраль, 2020-ж.
Маалыматка таянсак, логистикалык борборго 200 гектар жер бөлүндү. Ал жерге 10го жакын завод-фабрика курулат, алар – текстиль, телефондун дисплейин, кагаз жана башка чыгаруучу ишканалар, жашылча-жемиш сакталуучу кампалар. Буга жалпы 1 миллиард долларга жакын акча керек. Кытайлык инвестор учурда 280 миллион доллар бөлүүгө даяр. Өкмөт аталган борбор курулса 15 миңге чейин иш оруну түзүлөт деп жатат. Келишим ачык жарыяланган жок. Коомчулукта “жер 49 жылга эмес, мөөнөтсүз берилүүдө. Кытай жараны ал жерди менчиктештирип алышы мүмкүн” деген сөздөр айтылып жатат. "Ат-Башынын ортосунан ири аянттагы жерди башка өлкөнүн жаранына берүү коопсуздукка шек жаратат" деген сындар да көп. Вице-премьер Замирбек Аскаров Ат-Башыда эл менен жолугушуу учурунда “Кытайга 1 метр да жер өтпөйт” деп билдирди. Автандил Добулбеков Логистикалык борбор боюнча ат-башылыктардын ою кандай?
Автор: Гүлшат Ысамамат кызы
Оператор: Батырбек Зарлыков
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() ![]() Талкуу жабык. |
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|