Таңсулуу Ишатова: «ЖОЛДОШУМ 11-КАБАТТАН КУЛАП КАЗА БОЛДУ. КУРУЛУШ КОМПАНИЯСЫНАН ҮЙ ТАЛАП КЫЛАМ»

№903 20-26-февраль, 2020-ж.


Молдону ээрчитип келип эле нике кыйдырып алып, жарандык абалын мыйзамдуу каттоодон өткөрүүгө көңүл бурбай жүрүп, бир нече баланын ата-энеси болууга жетишкен жаштар өлкөбүздө миңдеп саналат. Качан гана балдарга документ алууда же нике күбөлүгүнүн зарылчылыгы келип чыкканда Калкты тейлөө борборуна чуркап калышат. Мына ушундай «кыргызча» жашай берүүнүн терс жактарынын бири тууралуу алдыда сөз болот.

«КАЙНЕНЕМДИ ОРТОГО САЛЫШТЫ»

Каарманыбыз Таңсулуу Ишатова менен жолдошу Аскат Бостонов нике кыйдырып, чакан мамлекет болуп жашап баштагандан бери 2 балалуу болушкан. Бирок мыйзамдуу түрдө жарандык абалдарын каттоодон өткөрүшкөн эмес. Таңсулуу айым үй тиричилиги менен үйдө, жолдошу болсо курулушта иштеп, үй-бүлөсүн бакчу. 2018-жылы каргашалуу кырсык орун алып, Аскат Бостонов Бишкек шаарындагы курулуш жүрүп жаткан имараттын 11-кабатынан кулап кетип каза болгон. Учурда ал курулуш компаниясы тийиштүү көңүл буруп жардам бербей, эки баласын жалгыз багуу кыйынга туруп жатканын айтат.

- Азыр эки баламды жалгыз бой тарбиялап жатам. Ишенген тообуздун кулаганына 2 жылдын жүзү болуп бара жатат. Андан бери кирбеген эшигим калган жок. Баары күйөөм каза тапкан курулуш компаниясынын сөзүн сүйлөп жатышат. Негизи компания башында «батир беребиз» деп сөз берген. Бирок акыркы мезгилде «биз сага моралдык чыгымдарды төлөдүк» деп ал убадасынан баш тартып жатышат. Моралдык чыгымдарды төлөгөндө кандай? Жолдошумду жерге бергенден кийин кайненемди чакырып кун тууралуу кеп кылышкан экен. Ага 500 миң сом берип, анын «ушуну менен келиним Таңсулуунун оозун жабам, ал башка жардам сурап келбейт» деген сөзүн алып алышыптыр. Кайненем «ал каражатты Аскаттын көзү тирүүсүндө алган насыянын калганын төлөөгө жумшадык» деп койду. Бирок күйөөм экөөбүз алган насыябызды төгүп отуруп, 28 миң сомдой эле калган болчу.

Кийин жардам сурап бир нече жолу бардым. Компаниянын өкүлү «берген каражатыбыз сага каралашуу иретинде эле болсун, колдон келип калса, балдарың менен кирип жашаганга батир алып беребиз» деп улам 10 миң, 5 миң сомдон берип жатышып, баш-аягы 213 миң сомдой акча алдым. Өзүм бала менен иштей албайм, алган каражаттар күнүмдүк тиричиликке гана жумшалып жатты. Берген акчасынын ичинде жолдошум иштеп, бирок алганга жетишпей калган айлыгы да бар.

«ЖОЛДОШУМДАН АЙРЫЛГАН КҮН»

- 2018-жылы 27-октябрда Аскат жумушка кеткен. Түшкү саат 2лер чамасында телефон аркылуу сүйлөшкөнбүз. Негизи бат-баттан эле сүйлөшүп турчубуз. Аңгыча мага "курулуштун электриги болом" деп Урмат деген киши байланышып, «жолдошуң 3-кабаттан кулап кетип, буту сынып ооруканага алып кетишти» деди. Ооруканага барганга чейин күйөөмдү жасалма дем алдырышып, андан кийин «жүрөгү токтоп калды» деп экспертизага алып кетишиптир. Эч кимдин уруксаты жок эле денени союп, андан ары өлүкканага алып барышыптыр. Күйөөмдү «№4-шаардык ооруканада» дешкенинен ошол жакка барып, жандандыруу бөлүмүнүн алдында түнкү саат 12ге чейин күтүп турдук. Көрсө, эчак эле өлүкканага жиберилген экен. Артыбыздан эле курулуш компаниясынын жетекчилери келип бизди алаксытып, Аскаттын тирүү экендигин айтып, үйгө чейин жеткирип коюшту. Кайын журтум компаниянын өкүлдөрүнө жолукканда «3-кабаттан эмес, 11-кабаттан кулап кетти» дешиптир.

Үйгө келип деле тынчтана алган жокмун. Түнкү саат 3төрдө милицияга чалып, «курулуштан кулап кеткен киши тууралуу маалымат келип түшкөн жокпу?» деп сурасам, тактап беришти. «11-кабаттан кулаптыр, саат 4төрдө үзүлүптүр, соттук-медициналык экспертиза дайындалып, учурда дене өлүкканада» деди. Нес болуп калдым. Күндүз эле сүйлөшүп, акыбалын сурашкан күйөөм эки балам менен мени таштап кете бердиби деп ишенбей жаттым. Анын каза болгонун билбей, түнкү саат 12ге чейин ооруканада күткөнүмчү? Ошондо деле бирөө келип айтып койбойбу?!

«АПАСЫ ДЕПУТАТ, АТАСЫ ЧИНОВНИК...»

- Эртеси баламды көтөрүп алып кайра ооруканага бардым. Күйөөмдүн тиешелүү документтерин ала албай, өлүкканадан чыгарып кете албай түшкө чейин жүрдүк. Андан кийин сөөктү Жалал-Абадга жерге бергени алып кеттик. 2 айдай кара жамынып отурдум. Катуу стресс болдум, сүт чыкпай, эмчектеги баламды эмизе албай калдым. Андан кийин Бишкекке келип курулуш компаниясынын директоруна жолуктум. «Байсервис» деген курулуш компаниясы, директору Марат Аскеров деген киши. Анын апасы депутат Гүлкан Молдобекова, ал эми атасы Мирбек Асанакунов Профсоюздар федерациясынын төрагасы экен. Ал-акыбалымды айтып жардам сурадым, жакшы эле түшүнүшүп сүйлөшүп отурдук. Ал: «Азырынча акча берейин, батир акысын төлөп, балдарыңа тамак-ашын алып берип тур. Буга кошумча жолдошуңду жерге берүү үчүн каражат деп кайненеңе акча которгом. Андан тышкары карыздарыңар бар экен. Ошолорду төгөбүз деп акча алды. Сага деле акча бөлүнөт. Бирок толук бере албайбыз. Бөлүп-бөлүп болсо да кем-карчыңарга жарагыдай берип турабыз. Буга кошумча батир алып берем, балдарыңдын бирине каттатып аласың»,- деди. Компаниядан 5 миңден, 10 миңден алып жатып баш-аягы 213 миң сом алдым. Акыркы жолу барганда 4000 сом берди.

Андан бери кыш өттү, жаз өтүп, жай келди. Бирок батир тууралуу кеп болгон жок. Мен болсо батирдин акчасын төлөй албай калып, кожойке «чыгып кет!» деп кууй баштады. Абалымды түшүндүрүп директорго бардым. Ал кайненеме 500 миң сом бергенин айтып, сөзү өзгөрө баштады. «Кайсы жакка барсаң да эч нерсе кыла албайсың. Менин бардык жакта байланышым бар»,- деди. Айткандай эле тиешелүү мекемелерге барып көрдүм. «Күйөөң экөөңдүн нике күбөлүгүңөр жок экен, мыйзамга таяганда сенин эч нерсеге акың жок болуп калат» деген жоопторду угуп жатам. Балдарымдын дагы туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү жок болчу. Чуркап жүрүп жолдошум балдарымдын атасы экенин тастыктаган документ алып, балдарыма күбөлүк алдым.

«ЖАТАКАНАДАН БАТИР АЛЫП БЕРҮҮ АРАКЕТИН КӨРҮП ЖАТАБЫЗ»

Таңсулуу Ишатованын арыз-муңу боюнча «Байсервис» курулуш компаниясынын башкаруучу директору Марат Аскеровго байланышып, буларды уктук:

– Таңсулууну тааныйм, ал бизге бат-баттан келип турат. Өзү айткандай, кем-карчына, жашоо-тиричилигине акча берип турганыбыз чындык. Баш-аягы 700 миң сомдой бердик. Өткөндө дагы бир журналистти жөнөтүптүр. Ал дагы биздин айткандарыбызды угуп кетти. Келген сайын 4000-5000 сомдон алып кетип турат, колдон келген жардамыбызды аябайлы деген эле ниет. Компания жалгыз өзүмдүкү эмес. Мени менен катар башка дагы уюмдаш тараптар (учредитель) бар. Таңсулуу алардын бирин да тааныбайт. Жалгыз мага келип жардам сурайт. Биз такыр эле жардамдан баш тартып коёлу деген жокпуз. Учурда шарттары жакшы жатаканадан батир алып берели деп аракет кылып жатабыз.

«НИКЕ КҮБӨЛҮГҮСҮЗ АЯЛ МУРАСКЕР БОЛО АЛБАЙТ»

Таңсулуу Ишатованын арызы боюнча ал мураскер катары жолдошунун кунун өндүрө алабы деген суроо менен юрист Такен Молдокуловго кайрылып, жооп алдык.

– Бул окуяда эң негизги юридикалык күчкө ээ документ – жубайлардын нике тууралуу күбөлүгү. Ал эми балдарынын атасы экендигин тастыктаган күбөлүктөгү атасынын аты, фамилиясы компаниядан компенсация өндүрүүгө жардамын бере албайт. Анткени коомдо жарандык никеде жашап, балалуу болуп, атасынын фамилиясын алган балдардын энеси жалгыз бой эне катары гана эсептелип калат. Мындан тышкары дагы бир жагдай бар. Эгерде маркум Аскат Бостонов курулуш компаниясына ишке кирип жатканда келишим түзүп кирген болсо, анда ошол келишимдин негизинде компания жооп берүүгө милдеттүү.

Окурмандар, айрыкча жаңы үй-бүлө куруп жаткан жаштар макаланы окугандан кийин никесин мыйзамдаштыруу канчалык деңгээлде көңүл бура турган маселе экенин түшүнөт деген ишеничтебиз. Жарандык абалды каттоо ар бир инсандын өз укуктарын коргоого, билүүгө жол ачкан мыйзамдуу жол.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg



"Жолдошум 11-кабаттан кулап каза болду, компаниядан үй талап кылам" дейт 2 балалуу келин

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Элчибек Кыштообаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(27)
24.02.2020. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Жаман окуя болуптур. Арты кайырлуу болсун. Кайненеси да кызык адам экен,баласынын эки чиедей баласы бар экенин коруп туруп ,акчаны алып жашырып койгонуна тан калып атам. Хотя азыр эч нерсеге деле тан калыштын кереги жок. Анан дагы бир нерсеге токтолуп кетейин. Ушу нике кыйып эле жашаганды токтотуш керек, ЗАГС соссуз алгыла. Закондуу олкодо жашап аткандан кийин ушундай учурда байкуш аялдардын эле шору. Эч нерсеге укугу жок болуп калат. Орустар айткандай без бумаги ты букашка дегендей
24.02.2020. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Арты кайырлуу болсун жолдошунуздун. Менимче жакшы эле жардам бериптир, мындай окуяларда тааныштары толтура деп таптакыр жардам бербей койгондор бар
24.02.2020. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Башында өзү кайдигер болуп эми тоок жумуртка келгенде тызылдап калат болуптур да.Кайненеси адам эмес экен.
24.02.2020. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Баланын ата энеси закондуу турдо окулу болуп саналат. Ошон учун ата энесине бериптир аксасын. Эгер загс кагазы болгондо бут чыгымын келинчеги алмак. Олгон баланын апасы эки небересине берип койсо болмок экен озу сугунуп жеп койбой. Акча деген жаман болот тура ушундвй. Эч кимдин башына салгыз кылсын кудай
24.02.2020. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Стройкомпания жакшы эле жардам бериптир дагы берем деп атат экен. Эгер макул болбосо сотко берсин! Компания жетекчилиги да юристер менен кешешкен да! Ошого маркумдун закондуу окулуно каражаттын негизги болугун берген!
24.02.2020. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
ЗАГС ты сөзсүз алуу керек болчуда, аны алуу көп деле кыйын эмес болчу, өздөрүндө 80% күнөө, компания 700 000 берсе, жакшы эле жардам бериптир. Бул жерде компанияда күнөө жок, күнөөнүн жарымы кайын энеде, жарымы тиги келинде. Күйөөсүго жумуш менен алек экен, өзү үйдө отурганда баласын көтөрүп алып ЗАГС иштерин бүтүрүп койсо болмок.
24.02.2020. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Store,эркектер оздору макул болушпвйт загс ка тургулары келишпей. Моюн толгошуп
26.02.2020. 07:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
katerina.li,oshoda ajyrashkanda bash oorutma, a nikede ene 3 jolu talak but tu poetomu zagska turgulary kelbese kerek
24.02.2020. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Уят уят кайненесида баласы олсо неберелерин келечегин ойлобой акча азгырылганын, уят эне, эне деген ошентсе жарашабы акчага азгырылып! Акчага колун учун тийгизбей туруп келини мн биргеликте балдарды уйлуу кылып койбойбу!
24.02.2020. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Озбекстанда ЗАГС жок нике окугандарга(нике окуганда,дароо Куболук берилиши шарт экен) жоопко тартылат жкен жаны закон.Бизде да ушинтиш керек.Бишкектин эле чет-жакасында жашагандаодын 90%документи жок((((же пособие ала алышпайт,же мектепке бара алышпайт,же больницага кайрыла алышпай эле оздоруго проблема ашырып журушот(((((Кайдыгерлик...
24.02.2020. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кайын энесинин уяты жок экен деп ойлоп калдым. Эми корбой эле бир нерсе деп айтыш кыйын.Бирок эки баланы жалгыз багуу оной эмес. Кийинки жумада кайын энеси чыкпаса болду.
25.02.2020. 02:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ким кандай болсо да никеси барбы болду да керек болсо сотко берип нике кыйган молдо, күбөлөр бар го ошолор аркылуу (ошончо эле нике күбөлүк роль ойносо) калыбына келтирсе болот. Тиги компаниянын жетекчиси өлбөйт бекен бул жашоодо кутулушат кайын энеси экөө эртең акыретте эмне дейт. Сөз акырында Пайгамбарыбыз Мухаммад салаллаху алейхвассаламдын хадиси менен аяктагым келет: кимде ким жетимдин башын сыласа мени менен бейиште бирге болот деген жетимдин акысын жегенден корккула,ал күн өтө коркунучтуу
25.02.2020. 08:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ernis_07,компаниянын ээси 700миндей бериптир. Аны эмне каргап жатасын??
26.02.2020. 07:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ernis_07,kompania emes kainenesi jep kouptur akchany jakshylap okup chyk,
27.02.2020. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
ernis_07,болбойт уже восстановления болуш. Акылдуу боло бербечи. Озунду кудай сезип албац
25.02.2020. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кудай таалам баарыбызга ыйман берсин!Курулуш компания соссуз уй алып берет деген ишеничтемин, ал эми кайненесине айтаарым уят деген болуш керек, баарыбыздын барар жерибиз бир, тигил дуйного барганда баланыздан бетин кантип карайсыз, ошону дагы ойлонуп койунуз.Акча бул колдун кири , бугун бар , эртен жок .Адам болобу, айбан эмес.
26.02.2020. 06:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кыргызмдын кенебестигинин кесепети...
Ал эми энечи.Эне дештен деле уяласын мындай таш боор аялды.500 жуз мин жетпегенге жен болду бекен.Эки чийедей небереси ар кимдин эшигин турткулоп кочодо калса,кантип кекиртегинен аш отуп,уйундо отурат.Кошо чуркап баш панек алышп койсо болмок.Курулуш компаниядан мурун колунан келсе бала чака урук туугандары менен алып берсе болмок.Козу жоктун созу жок болуптур да.Акыры баласынан калган мурастары го,туяктары го.Эки туяк озунун канынан жаралган баласынан
26.02.2020. 06:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
керездери,баласынан калган белектери го...
Аттин атин дунуйо...
Келинге Алахымдын боору орусун,пенденин колунан не келмек...
Ошол уй алып берем дегенге да Аллахым ынсап,ыйман берсин эки наристеге боор оруган болсун.Эр жигитин созу жерде калганы чон уятка,ойлонор...
26.02.2020. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Компания 700мин бердик деп кайненесине берген 500минди кошуп айтып атат. Байкуш келинге батир алып берип койгула эртерээк. Жетимдерге убал.
26.02.2020. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
ЗАГС алуу башка олколордой бизде да оной болгондо кана. Толтура нерсе сурап тажатышат. Озгочо чет жерде жургондорго оор аябай.
27.02.2020. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Aynura87,эч кандай кыйынчылыгы жок. Биз паспорт алып эле апардык. Арыз жазып таштап койгула,мынчасында даяр болот дешти,барсак чын эле даяр. Тиммеле кыйын деп алыпсынарго. Болгону кезек кутосун,эл коп аябай. Анан оной оокат болобу??
27.02.2020. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aynura87, заявление ,паспорт,анан акчасын толойсун банкка. Ушу кыйынбы сага??
27.02.2020. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ээх... Акча адамдын напсисин кандай гана бузбайт. Ушундай кайненелер бары кандай окунучтуу. Жетимдерди башынан сылап каралашкан кишиге бейиш ваажиб болот дейт. Компания жакшы эле жардам бериптир, эми биротоло квартирасын алып берип койсо тынчып калаар беле?! квартирага деле толоп жашаш оной эмес... Эмнеси болсо да уйлуу болуп калышса экен
28.02.2020. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
katerina.li, meni_kut, жеке айтышууларга тыюу салынган. Эскертүү!
28.02.2020. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мынча нысабы жок немесин, 700 мин сом азбы сага? Азыр 700 мин эмес 7 сом табыш кыйын, шугур кылсан ошого, эми компанияда иштеп олгондур бирок Кудайдын буйругу, ошончо болду омур бою мени баккыла де эми. Мынча кекиртегин чон тооба
29.02.2020. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Djumaev0mur,700 мин сом сен учун чон акчадыр.2 балалуу эненин жоготуусу ото чон.Балдар жетим калып жатат. Негизи 1-2 болмолуу батир берип койсо эч нерсеси коромок эмес. Бул жерде нысабы жок ошол курулуштун ээси болуп жатат. Сенин башына ушундай кырсык тушсо кантет элен?
29.02.2020. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Такен Молдокулов туура эмес айтыптыр. Жалгыз бой эне болот эгерде баланын туулгандыгы тууралуу куболугундо атасынын атынын ордунда жон кана сызык болсо. Атасынын аты жазылганбы, демек жакшылап аракет кылса майнап чыгат. Негизи мыйзам боюнча кырсык болгондон кийин ошол курулуштун ээси жоопко тартылыш керек болчу.Себеби иштетип жаткандан кийин жумушчуларынын коопсуздугун камсыз кылыш керек.Анткени ал ошол жерден чон киреше таап жатат.Булардын кирешеси абдан чон.Ачкоздонбой берип коюшса болмок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: