Сооронбай Жээнбеков: “БАРДЫК ПАРТИЯГА БИРДЕЙ МАМИЛЕ КЫЛАМ”

№904 27-февраль - 4-март, 2020-ж.


Президент Сооронбай Жээнбеков 20-февралда Жогорку Кеңештин жыйынына келип сөз сүйлөп, партиялардын парламентке өтүү босоголук чегинин 3, 5, 7, 9 пайыз болуусу тууралуу талкуулар боюнча пикирин айтты. Президент “босоголук чектин 3-5 пайыз болгону – жаштардын саясатка келишин шарттайт” деген пикирлерди популизмге такап сындады.

“3-5 пайыз тууралуу айткандар “жаштарга мүмкүнчүлүк берилет” деген, элдин кулагына жага турган жүйөлөрдү айтып жатышат. Бирок чынында жаштарды бетке кармап алып, бул жерде деле өз камылгасын көргөн жагдайлар болуп жатат. Азыр пайыздык босого боюнча мыйзам долбоору талкууланып жатат. Депутаттар терең талкуу кылып, жети өлчөп, бир кесет деп ойлойм”,- деди президент. Ал босого чектин 9 пайыз болушуна партиялар, саясий күчтөр даяр эмес деп эсептейт. “Коомчулуктагы талкуу көрсөткөндөй, саясий күчтөр, партиялар, партия лидерлери буга даяр эмес. 7 пайыз болсо – бул биз басып өткөн, сыноодон өткөн жол”,- деди өлкө башчы.

2019-жылды жыйынтыктоо басма сөз жыйынында президент “шайлоонун босоголук чеги 9 пайыз болсун” деп мыйзам кабыл алган саясатчылар азыр ага кайра каршы болуп, “төмөндөсүн” деп жаткандарына таң калганын айткан.

Шайлоо босого чегин 7 пайызга чейин түшүрүү тууралуу жаңы мыйзам долбоору талкууда. Аны 21 депутаттан турган топ иштеп чыккан. Кыргызстанда парламенттик шайлоо 2020-жылдын октябрь айында өтөт.


Гүлжан Асанкожоева
politika@super.kg



"Мен бардык партияга бирдей мамиле кылам" дейт Жээнбеков

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Кызжибек Раимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -2 
Талкуу жабык.
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: