|
|
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
КОРОНАВИРУС. АЛДЫН АЛУУ ЖАНА САКТАНУУ ЫКМАЛАРЫ№907 19-25-март, 2020-ж.
18-мартка карата дүйнөлүк статистикага көңүл бурсак, дүйнө боюнча коронавируска кабылгандардын саны 174 330 адамды, каза тапкандардын саны 7085, айыккандардын саны 79 000 адамды түздү. Аба аркылуу (ооруган адам жөтөлгөндө, чүчкүргөндө, сүйлөгөндө вирусту абага бөлүп чыгарат), чаң жана кол алышуу аркылуу. Ооз, мурун, көз аркылуу Вирус 26-27 градустагы ысыкта өлөт. Абада 30 мүнөт, металлдын үстүнө түшкөндө 12 саат, матанын бетинде 6-12 саат, колдо 10 мүнөткө чейин жашай алат. Ооруган адамдан 3 метр аралыкка чейин таркай алат. Бирок 4,5 метрге чейин таркайт деген маалыматтар бар.
Инкубациялык мезгил Жуккандан кийин 2-14 күн. Бирок адамдан адамга оору белгилери билине электе эле жугат.
Көчөдөн же иштен келер менен... - Сырткы жана баш кийимди кагып, күнгө жаюу же шамал тийген жерге жаюу. Күн нуру вирусту өлтүрөт. - Бут кийимди чечкен соң алгач колду билекке чейин 2-3 сыйра самындап жуу. Анан бетти самындап жуу. Мурун жана ооз ичине суу жүгүртүп жуу. - Дененин ачык жерлерин, кулак, моюнду да самындап жуу же арак же спирт шыбап, дезинфекциялоо. - Көтөргөн сумкаңыздын сыртын жууп, тазалоо же нымдуу салфетка менен аарчуу. - Кийип келген шым, юбка, көйнөк, свитерди үтүктөө эң жакшы нерсе. Үтүктөөдө аларга жабышкан вирус болсо өлөт, эртеңкиге да кийим даяр. Анан колду кайра самындап жуу. Кийимде вирус болсо, кайра колго жугушу мүмкүн.
Оорудан өзгөчө кимдер сактанышы зарыл? Дем алуу жолдорунун оорусу барлар (астма, өнөкөт бронхит), иммунитети алсыздар, жаңы операция болгондор, оорудан жаңы айыгып жаткандар. Жүрөк-кан тамыр жана кант диабети оорусу барлар. Андыктан зарыл иш болбосо көчөгө чыкпай, үйдө отуруу зарыл. Оору жукса, оорунун оор өтүшү күтүлөт. Каза болуп калуу коркунучу чоң. Ооруга чалдыкпоо үчүн иммунитетти көтөрүү керек. Тамактануу рационуна сүт азыктары, прополис (аары желими), бал, ашкабак, цитрус, өрүк как, мейиз, курма, грек жаңгагы, эт, балык, буурчак, гречка, каймак май, жумуртка, карагат кыямы, петрушка, ит мурун компоту кошулушу керек. Организмде вирустарга каршы күрөшүүчү күчү бар интерферондун иштелип чыгышына балдар йогурту менен айран таасир этет. Андыктан эртең менен жана кечинде айран, йогурт ичүү туура. Канымжан Усупбекова Абдылда Иманкулов жана Назира Айтбекова коронавирустун алдын алуу чараларын айтышты
Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Элчибек Кыштообаев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
-3
Комментарийлер(1)
loshad
09.04.2020. 09:40
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коронавируска бири ишенсе бири ишенбей, анан эл өкүлдөрү дүрбөлөңгө салышып Кыргызстан коронавирус экенин кайдан билет деп жатышса, эл эки анжы болуп калды
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
| ||