|
Мадина Аскат кызы: «БЫЙЫЛ АЛИППЕ МАЙРАМЫНА БАРБАЙ КАЛГАНЫМ ЖАМАН БОЛДУ»№913 4-10-июнь, 2020-ж.
– Мадина, өзүң жөнүндө айтып берчи. – Аты-жөнүм Аскат кызы Мадина, Токмок шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы №9 мектепте 1-класста окуйм. 3 бир тууганмын, эжем жана байкем бар. Келечекте доктур болгум келет. – А эмне үчүн дарыгер болгуң келет? – Чынын айтсам, мурда эжемдей болуп журналист болгум келчү. Бирок азыр доктур болоюн деп калдым. Азыркы коронавирустан улам дарыгерлер жетишсиз болуп жатканын телевизордон көрүп, мен да аларга кошулайын деп чечтим. – Баары сыяктуу эле сен да үйдө болдуң да, онлайн тартипте сабак окуган кандай экен? – Мага онлайн сабактар жаккан жок. Анткени мен досторумду, мугалим эжемди сагындым, аларды көрө албайм. Баса, быйыл бизге Алиппе майрамы болмок да. Ошол майрам өтпөй калганы жаман болду. 1-11-класстарга кыйын болду окшойт. – Инстаграмда популярдуу болуп кеттиң. Катталуучуларың тез эле 14 миңге жакындап калды го? – Мени мугалимим Айгүл Абдыраева көптөгөн сынактарга катыштырып турат. Биз ага ар кандай тапшырмаларды видеого тартып жөнөтөбүз. Ошондон улам видео тартууга кызыгуум пайда болду. Карантинде өзүмдүн эжем айылга келди. Эжем мага Мирбек Атабековдун ырына клип тарталы деп, тарттык. Бир маалда карасак интернетке тарап кетиптир. Ал жакта комментарийлерди окусак абдан жылуу сөздөр жазылыптыр. «Мадина, азаматсың!» деген сөздөр мага аябай жакты. Негизи адамды мактаган сайын ал жакшы нерсеге умтула баштайт эмеспи. Менин катталуучуларым жылуу сөздөрдү айткандан кийин сонун видеолорду тарта баштадым. – Сенин тиштериң тууралуу бирөөлөр бир нерсе дедиби? «Тишиме тийише бербегилечи» деген видео тасмаң да аябай тарап кетти го? – Тиштерим сүт тиш. Азыркы учурда түшүп жатат. Андан кийин кайра жаңы, жакшы тиштер чыгат. Эми мен кичинекей эмесминби, 8 эле жаштамын да. Ата-энем жакшы эле карашат, витамин беришет. Тамакты жакшы эле ичип жатам. Апам мени тиш доктурга алып барса «өзү түшөт» деп койду. – Мектепте кандай окуйсуң? Курбуларың жөнүндө айтып берчи. – Жакшы, «5ке» окуйм. Эжелеримдин баары макташат. Карантин болбосо мугалимим мага грамота бермек. Айылда менин Арууке деген эң жакын досум бар. Мен аны эркелетип «Арушка-сарышка» деп коём. Ал азыр да жанымда, дайыма чогуу жүрөбүз, чогуу тамактанабыз. Жаткан жерибиз эле бөлөк. Аруукенин Ариет деген эгиз түгөйү бар. Мындан тышкары классымда Аяна, Раяна деген эгиз курбуларым да бар.
– Мени менен тең досторума айтарым, колду жуугула, антисептик сепкиле, бет кап тагынгыла. Биз досторубуз менен англисче, орусча, казакча 20га чейин санап колубузду бат-баттан жууп турабыз. – Везунчик деген күчүгүң жөнүндө айтып берчи. – Ал күчүктү атамдын бир тууган эжеси Венера эжем салып ийиптир. Күчүк салынган коробканын ичинде мага кат, шоколад, акча бар болчу. Менин видеолорумду жездем аябай күтөт экен. Ал жумуштан келгенде эшиктен кирип эле «Мадинанын жаңы видеосу чыгыптырбы?» дейт экен. «ВИДЕОЛОРУН ӨЗҮ ТАРТАТ» Мадинанын эжеси Алия Аскат кызы «Тумар» радиосунда эмгектенет. Ал сиңдиси тууралуу төмөнкүлөргө токтолду:
Гүлжан Асанкожоева Мадинанын курт жеген тиштерин дарыгерлер акысыз дарылап берет
Автор: Гүлшат Ысамамат кызы
Оператор: Элчибек Кыштообаев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|