|
Самат Эркинбеков, шоумен: “АЛ СЕЗИМДИ МИЛЛИАРДДАРГА АЛМАШТЫРБАЙМ”№935 5-11-ноябрь, 2020-ж.
– Чоң рахмат! Балалуу болгондо элдин уулу болуп калганымды сездим. Сиз айткандай, жалпы кыргыз эли сүйүндү. 5-6 миңдей комментарийлер, 2 миңден ашык жеке кат аркылуу куттуктоолор келди. Телефон чалуулар токтой элек. Элим дагы “ушулар балалуу болушса экен” деп күтүп жүрүшүптүр. Баарыңарга чоң рахмат! Бул кубаныч менен кошо чоң жоопкерчиликти да сезип жатам. – Доктур чыгып сүйүнчүлөдү. Жаңы эле сүйүнчүнү угуп өзүмө келе албай турсам, Рүстөм (ред.: Аскенов) чалып калды. Телефонду алып, бир топко эч нерсе дебей ойлонуп туруп калыптырмын. Анан барып Рүстөмгө сүйүнчүлөдүм. Таң атпай туугандарыма чалып сүйүнчүлөдүм. Алар да аябай кубанышты. Элдик адам болгондуктан, кубанычымды элим менен да бөлүштүм. Кырдаалга байланыштуу баланы көрүүгө эч ким кире албайт экен, баланы да алып чыкса болбойт экен. Мен “силер айткан эрежелердин баарын сактайм, баламды көргөзүп койгулачы” деп аябай сурандым. Доктурлар да суранычымды четке кагышкан жок. Баланы алып чыгып көргөзүштү. Уулумду колума көтөрүп, боорума кыстым. Ошондо ушундай керемет сезим болду. Ал сезимди миллиарддаган байлыкка да алмашпайт болчумун. Мен ушинтип жатсам, келинчегимде меникинен да күчтүү сезимдер болуп жатса керек. Ал экөөбүз жакшылап отуруп сүйлөшө элекпиз. Балалуу болгондо аялдын көздөрүнөн энелик мээрим көрүнөт экен. Ошону байкадым. – Балам 29-октябрь күнү төрөлдү. 3-ноябрда үйгө чыгарып келдик. Жакындарыбыздын көбү “чогуу барып чыгарып келели” деп айтып жатышты. Бирок азыр пандемия учурунда төрөт үйүнүн алдына көп киши чогултуп алсам туура эмес болуп калмак. Ошондуктан туугандарым, жакындарым, досторумдан 10 чакты киши болуп барып чыгарып келдик. Жубайым менен баламды үйгө алып барып жайгаштырдым, баламды бир жыттап алып, сиздерге келдим. Апабыз (ред.: кайненеси) баламдын кыркын чыгарып, жубайымды тыңытайын деп жумушунан эмгек өргүүсүн алып Баткенден келди. – Ооба. Келинчегим, апам (ред.: кайненеси) менен кеңешип, ыймандуу, эл керегине жараган, элине күйүмдүү мыкты жигит болсун деп Иман деген ысым ыйгардык. Өзүм азан чакырып атын койдум. – Биз, кыргыздар, ушундай сонун калкпыз, “качан балалуу болосуң?”, “качан экинчиси, үчүнчүсү?” деп сурай берип көбөйө берет экенбиз. Бири-бирибиз менен ишибиз болбой калганга караганда, бири-бирибизден кабар алып, кабатырланып, сурап турган жакшы деп эсептейм. Сүйлөшпөй, ал-абалды сурашпай калсак, өзүбүздү ааламда жалгыз калгандай сезсек керек, жашоо да кызыксыз болмок. Ошонубуз менен сонунбуз. Дүйнөдө мындай эл жок болсо керек. Бул суроолор жиниме тийчү эмес. Бирок ар кандай комментарий жазып кеткендер болот. “Гастролдоп жүрө бербей балалуу болбойсуңбу” деген сыяктуу комментарийлерди окуп калсам, жаман болуп кетчүмүн. Бирок ага караганда бата бергендер көп болду. Элдин ак батасы менен минтип балалуу болдук, Кудайга шүгүр. – Биз балабызды 5 жыл күттүк. Көрсө, ушул учурда ата-эне болууга даяр болуп калыптырбыз. – Буга чейин эле ини-карындаштарыма “балага туура тарбия бериш керек. Ата-эненин тарбиясынан көп нерсе көз каранды” деп айта берчүмүн. Кудай жаман көз, жаман сөздөн сактаса, аманчылык болсо, жубайым экөөбүз элиме кызмат кыла турган жакшы баланы чоңойтобуз деп ишенем. Бала тарбиялоодо кайсы бир эрежени коюп алып, ушул эреже менен жашаш керек деген туура эмес. Аябай бош болуп, өтө эркелетип, көзүн караган да туура эмес деп ойлойм. Мен бала тарбиялоодо баланын эне тилин билүүсүнө басым жасалышына маани берем. Ушул темада туугандарым менен да көп талашам. Азыр балдар телефондон англисче, орусча мультфильмдерди көрө берип, тилдери орусча же англисче чыгып жатат. Башка тилдерди биле берсин, бирок тили кыргызча чыгышы керек деп ойлойм. Биз өз командабыз менен да ушул багытта иш алып барууну ойлонуп жатабыз. Онлайн кинотеатр ачпадык беле. Ошол жакка балдарга арналган кыргызча сериал, мультиктерди да тартып же башка тилден кыргызчага которуп жүктөйбүз. – Жогоруда айткандай, жакында онлайн кинотеатр ачтык. Чет жакта жүргөн мекендештерибиз да жаңы чыккан кыргыз тасмаларын көрсүн деп ушул долбоорубузду ишке ашырдык. Андан тышкары “Махабатизация” деген кинобуз чыкты. Бул кинону ошол онлайн кинотеатрыбызга жүктөдүк. “Шаршен Холмс” деген детектив сериал тартып жатабыз. Бул “Шерлок Холмстун” кыргызча версиясы болот. Анда мен Мансур деген терс каармандын образын жаратып жатам. Алдыда дагы чоң-чоң иштер – жакшы кинолор күтүп жатат. Ал тасмалар үчүн жаңы жүздөрдү да издеп жаткан учурубуз. – Рахмат. Учурдан пайдаланып мен дагы маданият өкүлдөрүн куттуктайм. Маданият чөйрөсүндө эмгектенип келе жаткандан кийин алардын арасында биз да барбыз, маданиятка салым кошуп жатабыз деп ойлойм. Келечекте дагы коомчулукту маданиятка чакырган көп тасмаларды тартабыз, буюрса. Маданиятыбызга бийлик тараптан дагы көмөк болсо, жакшы көңүл бурулса мындан дагы жакшы болмок. – Рахмат, айтканыңар келсин! – Сүйүү. Анын ичинде достук да бар. – Атактуулук болсо байлык да келет. – Тоо. Тоого чыксаң көл да көрүнөт. – Поп. – Кино. – Манас Ниязов. – “Ну, погоди!” – Ариана Грандени тааныйм. – Ксения Собчак кичине “скромныйраак” го. Перизат Музуратбекова “Баламды боорума кыскандагы сезимди миллиарддарга алмаштырбайм”
Автор: Перизат Музуратбекова
Оператор: Айбек Алимов
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(5)
jaskaaa
![]()
09.11.2020. 12:06
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Менда абдан кубандым. Бешик боо бек болсун. Ыймандуу жигиттерден болсун
Aimani
![]()
10.11.2020. 00:52
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Иман ыймандуу, өмүрлүү жигит болсун. Мен дагы ойлоно берчумун ушулар балалуу болуп алса болот эле деп.
engel
![]()
10.11.2020. 14:31
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мен укканда озум уулдуу болгондой суйундум! Омурлуу, ыймандуу жигит болуп чонойсун! Биз да жолдошум экообуз эркек балалуу болсок экен деген чоон тилегибиз бар. Сиздер да биз учун оомийн деп койунузчу окуп жаткан биртууган......
balzak
![]()
11.11.2020. 10:16
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
engel,оомиин
Kona8631
![]()
11.11.2020. 05:54
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оз Ата энеси менен кенешип ат койсо болмок
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|