|
Айбек Касымов, ырчы: “БОРБОРГО БАРСАМ АЧКА КАЛАМБЫ ДЕП КОРКО БЕРЧҮМҮН”№944 7-13-январь, 2021-ж.
– Саламатчылык. Эс тарткандан бери эле колума комуз алып ырдап келе жаткандаймын. Комузду атам үйрөткөн, сахнага 6-классымда чыктым. Кийин деле эл алдында белгилүү болуп кетпесем да, өз алдымча ырдап жүрдүм. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтун бүтүргөм. Тай жагымдан да, ата жагымдан да өнөрлүү адамдар болгон экен. Таятам кадимки Карамолдо Орозовдун жанында комузчу болуп жүргөн киши болуптур. Кийин борборго чакырса барбай коюптур. Чоң атамдын куудулдук жайы бар адам болгон экен. Ата-энем да тар чөйрөдө ырдап калышат. – Чоң сахнага, шоу-бизнеске кеч аралаштым. 2010-жылы Бишкекке көчүп келип, – Эрте эле келсем болмок экен (күлүп). Азыр деле шүгүр. Эрте баштап койсом, балким, эрте тажап кетет белем деген ой келет. Мага буюрган убакыт ушул болду окшойт. – Балыкчыда иштеп жүргөндө келинчегим айылда комуз черткенди үйрөтүп жүрчү экен. 1998-жылдар болуш керек. Маданият үйүнө бирөөнү издеп келип калыптыр, “Ыр кесе” болуп жаткан. Чогуу отуруп калдык. Кесиптешибиз “Аида жакшы ырдайт” деп калды. Колумда комузум бар эле, аны берсем чертип ырдап берди. Үнү чын эле жакшы экен. Жетекчибиз “үнүң жакшы экен, айылга барганда эмне кыласың? Бизде кал” деп сунуштады. Ал макул болуп калып калды. Биз кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп, 7 жылдан кийин баш коштук. Азыр 5 баланын ата-энесибиз. – Көбү “жаш көрүнөсүң” дешет. 10 жаш кичүү инилер деле “сен” деп кайрылып алышып, “аябай эле улуу турбайбы” деп уялып калышат. 1976-жылы төрөлгөм. Чыгармачылыкты кеч баштаганым үчүн жаш бала деп ойлошот окшойт (күлүп). – “Ак чыны” ырын ата-энебиз ырдап жүргөн кезден бери билем. 70-жылдары ырдалса керек. Сөзү Байдылда Сарногоевдики, обону Бакай Нишарапов деген агабыздыкы, азыр ал Таласта жашайт. Жактырып калганым үчүн батынып ырдап калдым (күлүп). “Кымбатымды” болсо бир жерде Бек Борбиев агабыз менен чогуу отуруп калганда ал бирөөнү “ушул ырды ырдап берчи” деп суранып калды. Ошол жерден жактырып, “мен ырдасам” деп жүрөгүмө катып койгон чыгармалардын бири. Чынында “Кымбатым” менен таанылдым, ушул ырдан кийин телеге, радиолорго маекке чакырышып, ырларым кетип баштады. – Бул ырды бизге чейин “Ордо сахна” ырдап чыккан. Кийин Гүлзат Байзакова эжебиз ырдап чыккан. Ошондо келинчегим экөөбүзгө тең жагып калып, сөздөрүн жаттаганбыз. Тарыхы мындай, жети-өгүздүк Талым кыз деген мыкты чечен кыз болуптур. “Ким мени сөздөн жеңсе, ошого турмушка чыгам” деген экен. Нарындан Көбөк чоң деген өнөрлүү жигит келип, экөө айтышкан экен. Сөзү Тоголок Молдонуку, обону Нурак Абдырахмановдуку. Биз ырдап чыккандан кийин Нурак аганын алдынан өтөлү деп кызы Ширинге жолугуп, агабыздын алдына чогуу барып, батасын алып келгенбиз. Клип тарталы деп жатканда “Кийиз дүйнө” фестивалы болуп калып, ага Алтынбек Максүтов режиссёрлук кылды. Кийимдер, боз үйлөр, массовка да даяр болуп калды. Күндүз фестивалды өткөрүп, түндө Алтынбек байкенин жардамы менен клип тартылган. Таң атып калганда тартып бүтүп, “өх” деген элек. Клип ошентип ийгиликтүү тартылып калган. Ошол үчүн бул ыр жакшы кетти окшойт. – Жок, кызганыч деле жок (күлүп). Жеке аткаруусундагы ырлары бар, тойлордо суранып калышканда ырдап калат. Балдарыбыз удаа болуп калганы үчүн да алардан чыга албай, чыгармачылык бир аз четте туруп калды. Буюрса, жакшы пландар бар. – Башка жанрда деле ырдасак болсо керек. Бирок табит деген нерсе бар. Анткен менен рэп ырчылары менен ырдап көрсөм деп ойлоп жүрөм. Жаш ырчылар менен дуэт ырдасам деп турам. Кырсык, оору-сыркоодон алыс болсок көп иштер ишке ашат. Нуржамал Жийдебаева “Келинчегим экөөбүз 7 жыл сүйлөшүп баш кошконбуз"
Автор: Нуржамал Жийдебаева
Оператор: Элчибек Кыштообаев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|