|
Абдылда Иманкулов, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “КУУДУЛДУ ТЕРРОРИСТ КАТАРЫ КӨРБӨШ КЕРЕК”№945 14-20-январь, 2021-ж.
– Мен Мадумаровго добуш бердим. Республиканы кыдырбасам да, интернет аркылуу өз оюмду билдирип агитация кылдым. Садыр Жапаров шайланды, бул - элдин тандоосу. Эми чыдаш керек. Ал жыргал заманда келген жок, мамлекеттин акыбалы өтө оор. Энергетикалык, социалдык, экономикалык көйгөйлөр, эбегейсиз бюджеттин тартыштыгы турат, ары-бери өткөндө Токтогул суу сактагычындагы суу азайып калганын көрүп жатабыз. Ошондуктан жомоктогудай жашоону элестетпешибиз керек. Сын-пикирлер аянтта эмес, Жогорку Кеңеште айтылышы кажет. Элге-журтка шерменде болгонду токтотолу. Шайладыкпы, жыйынтыгын чыдап күтүш керек. Жапаров 3 жылдан кийин гана жашоону оңдой башташы мүмкүн. Ага чейин андай кыла албайт. Жапаровдун ордуна башкасы келсе да ошондой болмок. – Сөз эркиндиги Аскар Акаевдин тушунда кошуна мамлекеттерге салыштырмалуу болгон, болушу да керек. Мындан аркысын жаңы президенттин кадамдары аркылуу көрө жатарбыз. – Биз ошол сатирада карапайым элдин жашоосун чагылдырдык. Андан трагедия жасоонун кереги жок. Бул Жогорку Кеңеш туура эмес токтомдорду кабыл алып мамлекеттин, элдин тагдырына таасир бергендей, милиция бирөөнү кармап алып, сабап өлтүрүп салгандай окуя эмес. Сатира ойноону, куудулдарды террорист катары көрбөш керек, бул биздин ишибиз. Бул номерди биринчи күнү ойногондо эле концерттен кийин “бул жери орой болуп калды окшойт, башка кылып ойнобойлубу” деп ич ара сүйлөшкөнбүз. Эртеси УКМКга чакырып калышты. Чынын айтканда, алар катуу кетишкен жок. “Бул жери туура эмес болуп калат экен” дешти. Номерди программадан алып салдык. Бул жерде бир маселе болгонун кийин түшүндүм. Себеби үчөөбүздүн сүрөтүбүзгө коллаж жасап, тиги үчөөнүн (ред.: Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов) сүрөттөрүн коюп, интернетке таркатып жиберишиптир. Концерт баштала электе Ош шаарына илинген афишалардын баарын айрып чыгышыптыр. Карап “Нарынбектин кимге зыяны бар?” деп таң калдык. Айрыса меникин, Рахмандыкын айрыйт эле. Нарынбектин зыяны жок да. Бул кошоматчылык оорусу ашынып кеткен бирөөнүн иши. – Көп нерсе таптым. Биринчиден, азбы-көппү эл арасында таанылдык. Тааныгандардын арасында жаман көргөндөрү, жакшы көргөндөрү да бар. Эң негизгиси эки тарабына тең таанылдым. Мурда эл балдарын, неберелерин “балам министр, падыша, депутат болот” деп эркелетчү. Азыр антпей калды. Бакыт байлыкта, бийликте, жадакалса президенттикте эмес экендигин Кыргызстандын тарыхы кайра-кайра далилдеп жатат. Ден соолукту, бала-бакыраңдын амандыгын, курсагыңдын токтугун бакыт деп билем. – Жараткан акыл-эстен айрыбай, ден соолук болуп турса токтотпоорумду билем. – Биздин “Ким аким?” деген интермедиябыз бар. Аны 20 жылдан ашуун ойногонбуз. Интермедиядагы учур 2005, 2010, 2020-жылдары да болду. Бул азыр да актуалдуу. Экинчисин Аскар Акавдин мезгилинде ойногонбуз. “Чолок аким” деп коёбуз. Бир аксакал түрмөдө баласын издеп жүрсө, ал бир районго аким болгонун билет. Муну биз саясатчыларга эгерде кадрдык саясатыңарды өзгөртпөсөңөр, ушуга көңүл бурбасаңар ушундай болуп калышы мүмкүн деген ойдо ойногонбуз. – Кечигип берилип калгандан го, эч кандай сезим болгон жок. Наам алыш үчүн документ даярдаш керек деп ойлобоптурмун. Себеби сыйлык алуу үчүн аракет кылып көргөн эмесмин. Жадакалса ырчы-чоорчулардын “сыйлык аларымды билген эмесмин, машинада баратып уктум, радиодон уктум, тигил айтты, бул айтты” дегендерине ишенип жүрө бериптирмин. Мага дагы ошентип берет деп ойлоптурмун. Көрсө, андай эмес экен. Мамлекеттик сыйлыкты документ чогултуп алат экенсиң. Капыстан билип калдым дегендердин баары калп экен. – Жаштардыкын көрбөйм, түшүнбөйм. Азыр бирдеме айтсам “көрө албай жатат, ичи тардык кылып жатат” деген кыргыз сөзү даяр турат. Өспүрүмдөрдүн мээсине жеңил нерселерди куя берип “кыргыздын куудулдук өнөрү ушундай болот” деп калыптандырып жатышат. – 7-8 жыл мурун балдар чакырып, “Тамашоуго" келип, бул жерден минтип басып өтүп кетесиз” дешти. Келип өтүп кеттим, өзүм деле түшүнбөй калдым. “Болдубу” десем, “болду” дешти. “Мунуңар эмне болот?” десем, “бул ушундай эле болот” дешти. “Ии, болуптур” деп кетип калдым. Ошондон кийин барбайм (күлүп). – Үйүңдө сени менен кошо жашаган небере өзгөчө көрүнөт экен. Кыздар капа болушпасын. Кыздыкына караганда уулуңдун балдары жакшы көрүнөт. Кандай чоң ата экенимди келинден сураш керек. Чындыгын билем десең келинден уккан оң. Куда-сөөктөн “келиниңиз атам, апам жакшы деп айтып келди” дешкенин угуп калам. Келиним жакшы, уулума “андай кылба, мындай кылба, мындан артык аял, үй-бүлө болбойт” деп калам. – Жаш өткөн сайын аял менен эркек ынтымактуу боло баштайт экен. Бири-бириңе күйүмдүү болуп каласың. Алыскы сапардан келатканда биринчи апаң же аялың гана телефон чалат. Балаң да, бир тууганың да эмес. Тойлордо жаңы үйлөнгөндөргө “кокуй, урушпагыла-талашпагыла” деп жаштардын мээсине сиңирип салышат окшойт. Кичине бир нерсе болуп кетсе эле “аа кокуй, ушундай болуп кетти, мындан ары жашоого болбойт” деп ажырашып кетишет. Ошол акыл үйрөтүп отурган залдын жарымы тойго өздөрү урушуп барышкандар. Урушпай жашаган үй-бүлөнү элестете албайм. Чоң уруш чыкпаса да, кайым айтышып турасың. Жеңеңерге колум тийген эмес. Кыйкырып иймей, бакырып иймей болгон, андайлар азыр да болот (күлүп). Жаштар, жашоо силер кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөндөй, жолугушуп жүргөндөй боло бербейт. Кафе-ресторанга колтукташып баргандай болбойт. Баш кошкондон кийинки турмуш сөзсүз башка. Сүйлөшүп жүргөн күндөрүңөрдү эстеп алып “бул жагы болбой калды” дей бербегиле. Турмушта сыноолор толтура, баарына анализ жасап жашаганды үйрөнүү керек. Динара Абдыкадырова Абдылда Иманкулов: “Жаштар тарткан вайндарды көрбөйм, көрсөм түшүнбөй калам“
Автор: Медина Найманова
Оператор: Айбек Алимов
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() |
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|
Акыркы сатирасын кызыгып көрсөм анысы да саясат и.т.д. акыры Министерстводон бөгөт коюп салды го)