КУРАЛ ЧОКОЕВ ЧУУЛУУ ХАЙПЫ ҮЧҮН НААМЫНАН АЖЫРАДЫ

№945 14-20-январь, 2021-ж.


Соңку аптада президенттик шайлоодон кийинки эле тема Курал Чокоевдин чуулуу көрсөтүүсү болду. Тактап айтканда, ырчы мырза Ютуб каналына шоу-бизнес өкүлдөрүнүн катышуусунда долбоор чыгарган. Анда Чокоев алып баруучулукту аркалап, дагы үч актёр-каарман кошулуп эфирге чакырылган конокторду мазактаганын жана уят сөздөр менен сөгүнүп-сагынуусун көрүүгө болот. Видео интернет желесине тараары менен коомчулуктун ур-тепкисинде калды.

Курал Чокоев чуулгандуу долбоорду мындан ары тартууну улантабы, жокпу, убакыт көргөзөрүн айтып жаткан. Бул арада бир нече теле, радиолор ырчы Курал Чокоевге жана анын долбоорунда катышып, сөгүнгөн ырчы Кайрат Примбердиевге бойкот жарыялап, алардын ырларын эфирден берүүдөн баш тартышты.

ЭКИ ЫРЧЫНЫН КОНЦЕРТТЕРИНЕ ТЫЮУ САЛЫНАБЫ?

Артисттин интернетке жарыялаган видеосу боюнча маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков буларды билдирди:

– Урматтуу мекендештерим, эки жигиттин маегинин айрым үзүндүлөрүн аргасыз көрдүм. Айткан кептерин айла жоктон уктум. Көзүм жана кулагым үчүн Жараткандан, “маданият кызматкери” деген атты жамынып адамга жарашпас жорук-жосун көрсөткөн ырчы мырзалар үчүн элимден кечирим сурайм. Бул экөө эмнеге мынчалыкка барганын такыр түшүнө албай турам. “Атың чыкпаса жер өрттө” дейин десем, экөө тең мыкты өнөрү менен канчалаган адамдардын сый-урматына татып, узун элдин учуна таанылып калышкан. Кептин кыскасы мындай:

1. Министрликке караштуу медиаборборлордун бардыгына бул эки ырчынын клиптерин, ырларын, сөздөрүн чыгарбоого көрсөтмө берилди. Бизге карабаган коомдук жана эркин маалымат каражаттарына да ушундай сунуш, багыттама жиберебиз.

2. Театралдык оюн-зоок мекемелерине да бул ырчылардын концерттерине тыюу салуу көрсөтмөлөрү даярдалып жатат.

3. Эки жигиттин бири Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамына ээ. Мамлекет башчысына мындай жогорку даражадан ажыратуу сунушун киргизүү жагын да карап жатабыз. Эгер айыбын билип, калкыбыздан кечирим сураса, анда кеп башка.

4. Эгерде министрликтин ведомстволук сыйлыктарын алган болсо, атайын буйрук менен жокко чыгарабыз.

«ДОЛБООРДУ ТАРТУУНУ ТОКТОТТУК»

Курал Чокоев "эгер сыйлыкты кайтарып алыш керек деген чечимге келсеңер кутучасына салып берем, мен ага кармалгым келбейт" деди. Бирок көп өтпөй пикири өзгөрүп, 10-январь күнү ырчы долбоорду жаба турганын айтып, интернет желесине жарыяланган видеолор өчүрүлөрүн социалдык тармактагы баракчасына жазды:

– Урматтуу туугандар, долбоор тууралуу көптөгөн терс пикирлер айтылды. Сиздердин ой-пикириңиздер мен үчүн абдан маанилүү. Ошондуктан долбоорду тартууну токтотуп, видеолорду өчүрдүк.

Ошондой эле Кайрат Примбердиев да коомчулуктун алдында кечирим сурап, эфирдин аягында образ үчүн эле сөгүнүп койгонун айтты.

КАЙРАТ ПРИМБЕРДИЕВ ДА НААМЫНАН АЖЫРАЙБЫ?

13-январда маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков Курал Чокоевден “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисин кайтарып алуу буйругуна кол койду. Аталган ырчыларды Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан өткөрүлүүчү мамлекеттик, маданий массалык иш-чараларга белгилүү мөөнөткө чейин катыштырбоо сунушталды. Ошондой эле Кайрат Примбердиевди “Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти” наамынан ажыратуу боюнча министрликтин сунушу президенттик аппаратка жөнөтүлдү.

Албетте, маданият өкүлдөрү, анын ичинде ырчылар коомду тарбиялоо жүгүн алып жүрүүчүлөр. Ырчы мырзалардын бир жолку жаңылыштыгы аларды наамдан ажыратып, катаал чектөөлөргө камаганы турат. Кечирим сурашса деле жаза жумшарбайт сыяктанат.



Чокоевдин чуулуу долбоору: наамдарынын алынышы боюнча ойлор

Автор: Медина Найманова, Гүлзада Абдрахманова
Оператор: Айбек Алимов, Элчибек Кыштообаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(7)
SUPER.KG видео
15.01.2021. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Министр фонограмманы алабыз десе ошого ачык айтып чыга алышпай Курал менен Кайраттын артына жамынып жатышат окшойт да министрди кетириштин айласын коруп болбосо мынча жандары ачыбайт болсо керек деген жеке оюм
SUPER.KG видео
15.01.2021. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ашкебелер кандай меенер иштебеген адамсыңар дагы маданият кызматкерлери имиш элдин көбү эле алардын кылганына нааразы наамдарын алып салгыла деген да эл Курал менен Кайраттыкы бул биринчиси эле эмес прямой эфирге Кайрат Куралды согуп чыкты богостонуп бири бирин ошонтип согушуп эле эфирге чыгып атышты элдер нааразы болуп атышты ошондо эле ошол убакта эле токтотуп коюшса болмок да. Маданият министрлиги сопсонун иштеп атат силердин табитинерге туура келбей анан Кайрат менен Куралды бетинерге кармап
SUPER.KG видео
15.01.2021. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ызылдабай эле коюшса болмок бизге өзү иштин көзүн ачкан кишини эч ким жактырышпайт өзү маданият шоу жактагылардын бир сабаш керек болуп калды окшойт додурогондон додурой баштарынан кана маданият тармагындагы ак сакалдар не деген сөз айтышат экен ушулар жөнүндө
SUPER.KG видео
16.01.2021. 01:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ministr tuura chechim kildi el menen boluw kerek el adamdari... tapshiram degender barsin tapwirsin kooz suiloboi,,,bul programma chekten chigip ketti ualiwpai kaira betten alip korkutuwup oturuwat:(
18.01.2021. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Курал менен Кайратка ийгилик каалайм. Куралды жамандап жаткандар оздору согунуп жаткандары менен иши жок. Ар бир адам согунот. Тилден согунгон создорду алып сала албайсынар. Согунбогон адам жок
18.01.2021. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
erik3, публикага, коомдук жайларда, согунгонго, тамеки чеккенге, тукургонго болбойт деп кичиненде ата энен уйротбоду беле? Силерге окшогондорго кайран корогон кайран соз!
18.01.2021. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Согуно турган жер болот, согунбой турган жер болот. Бардыгы эле согунот деп оюндагыны оттой бериш керекпи? Эл адамы, тем более маданият кызматкери болгондон кийин акыл калчап иш кылыш керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: