Анжелика, ырчы: “ТҮГӨЙҮМ МЕНИ 10 ЖЫЛ КҮТҮҮГӨ ДАЯР”

№946 21-27-январь, 2021-ж.


“Кайра эле Анжелика чыгыптыр” дегениңиздер менен баса калып окуйсуздар, билем. Анжеликанын жеке жашоосу мамлекеттик чоң маселе катары көтөрүлүп барып токтойт, аны да билем. Окурмандын оюнда турган бир топ суроолордун жообун алып берели деп Анжеликаны маекке чакырдык. Сиз кызыккан жеке жашоосу тууралуу ырчы айым өзү айтып берсин.

– Салам, Анжелика! Дароо эле Дубайдан колуңду сураган күйөө бала тууралуу кепти баштайлы...

– Саламатсызбы? Кыргыздарда минтип колун суроо деген жок эле. Биринчи никемде деле кыргызча сөйкө салып алып кетишкен. Колумду бирөө-жарым бардык эрежелери менен сурайт деп ойлогон эмесмин. Анын суранычы менен жеке баракчама чыгарып, кубанычыбызды бөлүштүк. Ал адам дагы деле колумду сурашы мүмкүн, же жетелеп барып никебизди каттатып салабы билбейм. Үйлөнүү-үлпөт тууралуу сурасаңыз, азыр болбойт.

– Менимче, “түгөйүм” деп жарыя кылгандан кийин бул олуттуу кадам. Канча убакыттан бери таанышсыңар?
– Көп убакыттан бери таанышпыз, бирок азыр гана бири-бирибизди жакындан билгенге убакыт болуп жатат. Бири-бирибизди 100 пайыз биле алдык деп айта албайм, 70 пайыз билебиз десем туура болот го.

– Анда күйөө баланы сыртынан болсо да тааныштырып кетпейсиңби?
– Социалдык тармактардан баары эле мага акыл үйрөтүп ата-эне болуп алышкан. “Үч кызың турат, турмушка чыкпай эле койбойсуңбу? Кыздарыңа кандай үлгү берип жатасың?” десе, бирөө “алардын өз жашоосу бар, туура кылып жатасың” дешет. Же “кандай эле колуңду ар ким сурай берет?” дешкендери бар. Арасында “кандай адам Анжеликага татыктуу?” дешет. Менин түгөйүм карапайым болсо да, бай болсо да түрдүү ойлорду айтышат. Азырынча ал адам тууралуу маалымат бере албайм. Чогуу бизнес жасап, иштерибизди чогуу алып кетсек деп ойлоп жатабыз.

– Бул иштерди үйлөнгөндөн кийин жасайсыңарбы?
– Азыр биз “кимдин канча бизнеси бар, кимдин канча үйү бар?” деп жарышып жатабыз. Анан баарын чогултабыз. Тамаша (күлүп). Жашоо ушундай болуп калбадыбы, кыздарымдын келечегин түптөп, бирден үй алып берип, бизнестеримди түптөйм. Анан “Стоп! Мунун баары кыздарымдыкы жана ата-энемдики. Мен сага жалгыз келдим, эми бак” деп барып алыш керек. Ошондуктан эч нерсе чогуу жасай элекпиз.

– “Жанымдагы адам менден күчтүү болушу керек” деген элең, түгөйүң күчтүүбү?
– Сабыры менен баарын жеңди. Эркелегенимди, мүнөзүмдү көтөрүп келе жатат, демек, күчтүү.

– Кыздарың кандай кабыл алышты?
– Колумду сурай турган күнү ресторанга барган элек, тамактанып бүткөндөн кийин “десертти башка столдон беребиз” дешти. Барсам гүлдөр туруптур, түшүнбөй калдым. Анан ал келип сюрприз жасап шакекти колума салып койду. “Чөгөлөш керек беле, же бир нерсе деп айтыш керек беле?” деди. Анткени айта турган сөздөрдүн баары буга чейин айтылган эле. Кыздарыма айтсам куттукташты. Элима “биз ошондо аталуу болдукпу?” деди. “Жок, силердин атаңар бар, аны эч качан ата дебейсиңер, шакек гана салды. Күйөөгө тие элекмин” деп түшүндүрдүм. Урмат менен мамилем жакшы, кыздар кааласа атасына барышат. Эки жактан тең мээримден өксүк болбой чоңоюп жатышат.

– Үйлөнүү той жакында эмес окшойт?
– Аял кишинин башы бош болсо эле жаман сөз ээрчийт экен. Кайсы куракта болбосун аял турмушка чыгып, бактылуу болушу керек. Мен дагы наристелүү болуп, очогумдун ээси болгум келет. Бирок азыр турмуш курууга даяр эмесмин. 5-10 жылдай турмушка чыкпайм. Ал ошончо жыл мени күткөнгө даяр. Биз эч кайда шашпайбыз, эч кимге бир нерсени тастыктап көрсөткүбүз келбейт. Ушул жашка келип, ортодо балдар болгондон кийин, шаша-буша үлпөт той бербейбиз. Болгону башым бош эмес дегенди айткым бар. Менин да “саат 6-7ден кийин үйгө келип кал” деп көзөмөлдөп турган адамым бар дегенди билдиргим келди. Кээде атаңдай болгон кишилер тамакка чакырат, же башка бир шылтоо менен жакындаганга аракет кылышат. Ошондойлорго көрсөткүм келди.

– Жеке жашооң дайым талкууга алынып келет, эмнеден?
– Мен муну элдин сүйүүсү деп билем. Шоу-бизнестеги айымдардын жашоосунда мындай окуялар болуп келет. Бирок эч бирөөсүнө мынчалык кызыкпайт. Азыр кайсы жакка барбайын жанымда иним же фотограф болобу ошону карашат. Мени карашпайт. “Жолдошу ушул окшойт” дегендей кызыгуу менен тиктеп калышат.

– Бул темадан четтейли. Наам тапшырып берем деген ырчылардын катарына кирдиң. Наамдын ошончо баасы кетип калганбы?
– "Маданияттын мыкты кызматкери” деген төш белгини “Жылдыздар манежде” долбоорунан улам алгам. Ушул эле наамым бар. Эл аралык көп сынактарга баргам, диплом, мактоо баракчамдын саны 80ге жетет. Маданияттын бардык тармактарында аракет кылып келе жатам. Наамды берем дегенимдин себеби бар. Эмнеге башка бир эмгеги үчүн алынган наамды башка бир жорук үчүн алып коюшу керек? Ал берилдиби, демек, калышы керек деген нерсени айткым келди.

– Ырчылыктын үстүндө көп жылдан бери келе жатасың. Музыкалык билим алсам деген оюң болгонбу?
– 1-класстан 5-класска чейин Мукаш Абдраев атындагы музыкалык окуу жайда окугам. Музыкалык билим алам деген оюм жок. Себеби өзүмө керектүү сабатым бар деп эсептейм. Аранжировкачылар деле эч кандай билими жок хит ырларды жаратып жатышпайбы. Окууга кеткен убактымды бизнес жаатындагы билимге кетирсем деп окуп, өсүп жатам. Канчалардын билими бар, бирок иш жүзүндө колдоно албай келишет. Анткени каражаты жок. Эгерде министр же директор болоюн деп жатсаң, окушуң керек. Менин андай ойлорум жок, өзүмдү музыка сабагынан берген мугалим катары да көрбөйм. Мен продюсерлик кыла алам, учурда 50гө жакын окуучум бар. Ошондуктан музыкалык билим алуу кажет эмес.

– Маегиңе рахмат.

Нуржамал Жийдебаева



ЭКСКЛЮЗИВ! “Мен дагы турмушка чыгып, наристелүү болгум келет“

Автор: Нуржамал Жийдебаева
Оператор: Элчибек Кыштообаев, Равшан Тойчиев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(19)
25.01.2021. 09:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аяна Касымөвадан интервью алгылачы
25.01.2021. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Анжелика бактылуу бол. Ишине ийгилий. Сулуулук - жакшылыктын символу. Дайыма келбеттүү, сулуу болуп жүрө бергиле кыздар. Эркиндик сулуулукту сүйөт. Ал эми сулуулук - бул эркиндикти. Кыздар дайыма эркин болгула. Жасанып, чачына кам көрүп, сулуулука көнүл бөлүү аялдар үчүн эң бир жакшы жөрөлгө.
25.01.2021. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
asan92,шайтандай болуп ар түрдүү ник ачып алып, бир эле сөздөрдү чубалжыта бергенди качан коесуңар? Ким маек берсе эле, чачыңды кое бер эле кое бер....
25.01.2021. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Султандан интервью алгылачы бул ваще кызыксыз
25.01.2021. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Анын жигиттери манжаларын бирден сурайт))) канчоосу сурады деп тан калбагыла
25.01.2021. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
10 жылдан кийин төрөй алабы, жашы бир топко келип калат го.
25.01.2021. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
lazygirl, Аллахым берем десе 50 жаштан деле төрөгөнгө насип этет, кеч болбойт, Анжелика азыр жаш эле да. 10 жылдан кийин 43 кө чыгат экен, 45-50 дөн деле төрөгөндөр бар. Эң негизгиси азыркы учурда Анжеликага жана кыздарына Аллахым шыпаасын берип тез айыгып кетсин.
erkekyz1 түзөттү 2021-01-25 13:35:36
25.01.2021. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Если "Жылдыздар манежде" долбоорунда эркек жеңип чыкса коронаны эркек тагынат беле?
Jildiz56 түзөттү 2021-01-25 14:02:37
26.01.2021. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jildiz56,коронаны заказ менен жасаткан
25.01.2021. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алдын ала запланировано Анжеликага беребиз деп
25.01.2021. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Атайын жасалган жеткен көйрөңдүк бул. Сөзүнүн максаты жок.
26.01.2021. 05:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болгула! Адамдын канчалык сага берилгендиги кыйынчылыкта сыналат дейт. Жигитиңдин сүйүүсүн сыныңдан өткөрүп алууга мүмкүнчүлүк келди көрүнөт.
26.01.2021. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жараткан Тенирим ден соолук берсин. Ден соолукта бол
27.01.2021. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Таба эмес тообо,Бу Ажика ото ашыкча болуп кетти эледа.Адамдардын назары жаман.
Сакайып,узаак омур сургулоо
27.01.2021. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bulak25,ооба десен,
27.01.2021. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Элдин Назаров тийди окшойт,кырсыктап калды.Эртерээк жакшы болуп кеткиле
28.01.2021. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сулуу кыз ден соолукта бол
28.01.2021. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Кайсы сайтка кирбе Анжелика жонундо жазып тойгузду го. Анжелика деги ким озу? Интернетти ээлеп тажатты ушул катын как будто сенден башкада проблема жоктой
29.01.2021. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Канткенде да жакшы болуп кетсин .бирок ото эле ашыкча кыз экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: