|
Кайрат Примбердиев, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “ЭКИНЧИ СӨГҮНГӨН КӨРСӨТҮҮЛӨРГӨ БАРБАЙМ”№947 28-январь-3-февраль, 2021-ж.
– Салам. Башкы жаңылыгым өзүмдүн репертуарымдагы ырларды олуттуу нукка бурайын деп жатам. Коомду тарбиялай турган, социалдык ырларды чыгарсам деп турам. Себеби акындар, жазуучулар, ырчылар коомдогу болуп жаткан көрүнүштү ачык-айкын айтышы керек. Биздин миссиябыз ушул. Акыркы убактарда ырчылар той жаатындагы ырларга басым жасап, коммерция болуп кетти. Бул бир аз көз боёмочулук болуп жаткан сыяктуу сезилет. Чындык башкача болуп жатса да “эй, бизде баары сонун, тойго келгиле” деген ырларды ырдай бергенибиз чындыкка төп келбей жатат. “Кайдыгер караба” деген ыр жаздырдым, жакында клиби чыгат. “Революция” деген ырдын аранжировкасын жасатып жатам. Ал “жүргүлө, Ак үйдү басып алабыз” деген ыр эмес. Көчөдө эмес, көкүрөктө төңкөрүш жасайлы деген мааниде. Өткөн жыл буга себеп болду, карантинде менин гана эмес, көбүнүн жан дүйнөсүндө төңкөрүш болду окшойт. – Былтыр Британиянын бир нече долбооруна катышуу үчүн билдирме жөнөткөм. Бирок карантин башталып калды. Дагы бир долбоорго катышуу үчүн аракет кылып жатам, азыр жообу келе элек. “Голос” долбооруна жөнөткөндө 4 айдан кийин жооп беришкен. Ошол үчүн күтүүгө туура келет. – Жок, башында жок болчумун. Мени эфирге чакырышты. Эфир кандай болорун да айтышкан. “Биз сени шылдыңдайбыз, ошого чыдашың керек” дешти. Адам өзүнүн үстүнөн өзү күлө алса, анда башкалардын шылдыңына да чыдайт. Мен долбоорду ушундай түшүнгөм, ошондой эле болду. Мен “сөгүнбөшүм керек, “красавчик” болуп, чыдап туруп кетем” деп ойлоп баргам. Эфир бүтүп баратканда суранышты эле, образ үчүн сөгүнүп койдум. Так ошол жерин кесип таратышты. Эл ошол кесиндини көрүп мени жеткен ыпылас адам көрүп калды. Элдин оюна таасир бере албайм да, түшүндүрүп кайрылуу жасап жаттым. Ооба, моралдык, этикалык нормалар бузулду. Бирок бул коомдук телеканалдан кеткен жок. Телевизорду күйгүзө калсаң эле Курал Чокоев менен Кайрат Примбердиевдин сөгүнүп отурганы жарабайт. Жаман жаңылык бат тарайт. Бирөөлөр атайын кесип жүктөп койгондон улам тарап кетти. Видеолорду өчүрдүк, кечирим сурадык. Курал ушундай эксперимент жасайын деди, мен макул болдум. Бирок ийгиликсиз болуп калды. – Досу болгонум үчүн бардым, досу болгонум үчүн Курал менен аягына чейин турдум (күлүп). Орто жолдон секирип качып кетүүнү туура эмес көрдүм. Дос жамандыкта да, жакшылыкта да бирге болушу керек. – Албасын башынан эле билгем. Таразалап көрдүм, Маданият министрлиги наамды берген эмес да, демек, ала албайт болчу. Мыйзамды толук билчү эмесмин, бирок ошентип ойлодум. Президенттик аппаратка министрлик кат жолдоптур, алар наамды алууга мыйзамдык негиз жок деп айтышыптыр. Бул маселе ошондой болуп чечилди. Курал экөөбүз маданият министри менен жолукканда башка өңүттө, жаңы долбоорлор тууралуу сүйлөштүк. – Жогоруда социалдык, коомдук темадагы ырларды ырдайын деп чечкенимди айтып өтпөдүмбү. Ошол да кандайдыр бир деңгээлде жоопкерчилик. Элдин пикирин түзгөн, жоопкерчилигин алган ырчылар болот окшойбуз. Наамга ээ болгондон кийин чындыкты ырдашыбыз керек деген жоопкерчилик бар. Бул мен үчүн ушундай жоопкерчилик. – Билишимче, мамлекеттик жумушта иштесем 2500 сом айлыгыма кошулмак. Пенсияга да кошулат, троллейбуска 50 пайыз арзандатуу берилет. Мурда көп жеңилдетүүлөр болчу экен, азыр аларды алып салышкан. – Элибизге чын жүрөктөн ыраазы болдум, бизди жакшы көрүшөт экен. Эгерде бизди эл тааныбаса, чыгармачылыгыбызды сүйбөсө “ээ, бирөө ушундай нерсе кылып коюптур” деп өтүп кетмек. Биз менен иши да болмок эмес. “Кайрат, мен сизди сыйлайм, жакшы көрөм. Бирок болбогон нерселерди жөн эле коюңузчу” деп көп жазышты. Кээ бири ашата эле сөктү, бирок көбү жаны ачып, ушул кылыгыма кейип жазгандар болду. Эл бизди жакшы көргөнү үчүн ушундай жаман жоруктардан оолак болсун деп далалат кылды. Жакшы камчылашты, бул дагы чыгармачылыкка керек нерсе болчу. Урмат байке (ред.: Урмат Усенов) жолугуп, “азыр резонанс болуп кеткени жакшы болду, болбосо кийинки кадамыңар кандай болмок билбейм” дейт (күлүп). Бул окуя элибиздин моралдык-этикалык нормалардын сакталышына өтө кызыкдар экенин билдирет. Бирок медалдын экинчи тарабы бар. Ошол нерсеге чырылдаган элибиз эмне үчүн коррупционерлерге көз жумуп коюшат? Эмнеге түп көтөрүлө каршылык көрсөтпөйт? Алар элдин үмүтүн, эртеңки келечегин уурдап жатышат да. Ошолорго да ушундай ынтымак менен туруп, каршы чыкканда жакшы болмок. Жарандык коом бар экен бизде, демек, жанагындай көрүнүштөргө да бекем туруп, каршылык көрсөтөлү. Маргарет Тэтчердин сөзү бар, “эч кандай мамлекеттин акчасы деген жок, салык төлөөчүлөрдүн акчасы бар” деген. Сиз, мен, элдин баары салык төлөп жатабыз, биздин акчабызга коррупционерлер жыргап жатышат. Ушуга да каршылык көрсөтөлү. Биз болсо кемчилигибизди моюнга алдык, камчы жедик. Экинчи сөгүнгөн көрсөтүүлөргө барбайм. Бул окуядан ушундай сабак алдым. Нуржамал Жийдебаева “Экинчи сөгүнгөн көрсөтүүлөргө барбайм” Кайрат Примбердиев
Автор: Медина Найманова
Оператор: Айбек Алимов
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() |
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|
Коррупционерлерди ортого коюп беришсин, факт м.н кандай гана тепки жейт экен элден. Аларды бийлиги баш болуп, өздөрү калкалашат да. Элге жеткирбей.