|
Гүлназ Чыныбек кызы, ырчы: «УНААМДЫ ЧАБАЛЕКЕЙИМ ДЕП ЭРКЕЛЕТЕМ»№947 28-январь-3-февраль, 2021-ж.
Чыккан жылы – 2014 Түсү – кара Кыймылдаткычынын көлөмү – 2500 сантиметр куб Баасы – 12 000 доллар – Бар болуңуздар. Ооба, жашоомдо алгачкы ирет автоунаалуу болдум. Унаам Тойота деген чоң үй-бүлөгө таандык. 2014-жылы жарык дүйнөгө келиптир. 50-кузов деп коёт экен. Мурда унааларды жип же седан деп гана бөлчүмүн. Көрсө, ар бир үлгү өз ичинен да ар кандай бөлүнөт экен. Унаа тандоого агаларым жардам беришти. Алгач Хундай Соната деген унаанын сулуулугуна кызыктым. Агаларым “сулуулугуна эмес, бышыктыгына кара, мүмкүн болсо бышык да, сулуу да унаа ал” деп кеңеш беришти. Ошентип тандоом ушул “чабалекейим” болду. Унаама ушундай ат коюп койдум. Учурдан пайдаланып элиме ыраазычылык билдирем. Алар мени жакшылыктарына чакырып, ошондон топтогон акчама бир тууган агам акча кошуп, унаалуу болуп отурам. Агам унаанын акчасынын жарымын берди. – Үйгө айдап бардым. Буга чейин досторумдун унааларын айдап жүрчүмүн. Бирок тажрыйбам азыраак. Үйгө барсам кошуналардын баары унааларын токтотуп коюп, орун жок экен. Эптеп эки унаанын ортосунан орун таптым. 15 мүнөт дегенде араң токтоттум окшойт (күлүп). Бир аз жылдырып коюп, түшүп карайм. Карасам, чоң эле орун турган болот. Кайрадан жылдырып, кайра түшүп карайм. Ошентип жатып токтоттум. Азыр бир жерге унаамды токтотуу 5-6 мүнөт эле болуп калды (күлүп). – Ооба, сонун салттар бар экен. Жакындарым унаама таттуу чачып, “ак жолтой болсун” деп тилектерин айтышты. Унаама жоолук байлашты, өзүмө жоолук байлана электе. Сүйүнчүсү, көрүндүгү деп жакшы эле акча чогултуп койдук. – 5-6 жыл мурун отургам. Атамдын Хонда Стрими бар болчу. Ошол унааны айыл ичинде айдап жүрүп үйрөнгөм. – Унаа алам деген ниетте 5 жыл мурун окугам. Мен жакшы окуучумун. Бир нерсени үйрөнүүгө киришсем, жакшы өздөштүрөм. Андыктан биринчи жолу экзамен тапшырганда эле өтүп кеткем. Ошентип 5 жыл мурун айдоочулук күбөлүк, унаанын документтерин салам деп каптама алып койгом. Бирок унаам жок болчу. Кызыгы, айдоочулук күбөлүгүм 5 жылдан бери жүрүп, унаа аларыма 1 күн калганда капчыгым, паспортум менен кошо жоголуп кетти. Анан документтерди кайрадан алдым. – Айып пулдун бет ачары унаамда турат. Ошто жолдорду жакшы билгендигим үчүн адашпайм. Бишкекте жолдорду жакшы билбейм. Ошондуктан бир ирет маршруттук таксилердин бурулуп жатканын көрүп бурулуп кетсем, ал жерден жеңил унаалар бурулса болбойт экен. “Бактыга жараша”, Патрулдук милициянын унаасы маңдайымдан чыкты. Номерди айтып “аялдамадан өтүп токтотуңуз” дешти. Токтоттум. Анан эреже бузгандыгымды айтышты. “Айдаганыма аз эле болду. Жолдорду жакшы өздөштүрө элекмин, бир кечирип койсоңор кандай болот?” десем, “жок, болбой калат. Бул жакта камераларыбыз тартып жатат” дешти эле, “анда айып пул жазгыла” дедим. Анан жакшынакай кылып жазып беришти. Айып пул 1000 сом экен. 15 күнгө чейин төлөсөм 500 сом болот экен. – Бир ирет Өзгөндө той болуп калды. Тойкананын алдына айдап барып, унаамды аяп башка унаалардан алыс токтоттум. Той башталганча деп ичинде отургам. Бир маалда жашылдандыруу ишканасынын чоң унаасы алдыма келип токтоп калды. Эч кандай үн чыккан жок. Түшүп карасам, ал менин унаамды “өөп жатыптыр”. “Ай, бул эмне кылганыңыз?” деп уруштум. Негизи аясаң ошондой болот го. Бирок унаама эч нерсе болгон жок. Кудай сактасын, андан башка жагымсыз учурларга кабыла элекпиз. – Бир ирет Оштон чыгып Жалал-Абадга сапар алдык. Жанымда туугандарым бар болчу. Бир маалда зуулдап келип Матиз менден ашып кетти. “Ой, менден Матиз ашып кетти го” деп куусам жетпейм (күлүп). Бир топто барып жеттим. Жалал-Абадга жеткенче аны менен жарыштым. Ошондо биринчи жолу саатына 100-120 чакырым ылдамдык менен айдадым. Анда унааны алганыма бир ай болгон. Менин ордумда башка болсо бат эле ашып кетмек. Мен болсо жетип алганыма сүйүнүп айдадым (күлүп). – Ооба, кичинемде кинодон унаасын от алдырып зуулдата айдап кеткендерди көрчүбүз. Ал бизге кол жеткис кыял сезилчү. Ал кезде сагыздардын ичинен унаанын сүрөтү бар “наклейкалар” чыкчу. Мен курактуулар билишет. Ошолорду көрүп баарыбыз эле чоңойгондо унаа алам деп кыялданчубуз. Кыялдар орундалат экен. – Капчык сарамжалдуу болуп калды. Бишкекте кайсы маршруттук такси кайда барарын билбейм. Убакыт да тар болгондуктан такси менен жүрчүмүн. Таксиге күнүнө миң сомдой кетчү. Азыр миң сомго бензин куйсам 3-4 күн жүрө берем. “Чабалекейим” менен жашоом бир аз болсо да жеңилдей түштү. – Ошто бир жерге барып, эми токтоюн деп жаткам. Өзүм шашпай токтотом дедим го, эптеп эки унаанын ортосуна кыпчылып жатсам, артымдан бир байке “билгем ушул унааны айым башкарып жатканын. Силерге унаанын мурду батса эле болду, артын ойлобойсуңар” деп кыйкырды. Карасам, тааныш аяш атам экен. Экөөбүз сүйлөшүп кеттик. Бирок мен жалгыз эмес экенмин деп сүйүнүп калдым (күлүп). Жолдо кыздарды сыйлап, жол бошотуп берген жигиттер да көп экен. Бул жагымдуу экен. Перизат Музуратбекова "Автоунаалуу болгондон бери жашоомдо көп нерсе өзгөрдү"
Автор: Медина Найманова
Оператор: Айбек Алимов
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() |
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|
уят эле