|
БАЙЗАК – КОҢУР ҮНДҮҮ ЖАШ ЫРЧЫ№948 4-10-февраль, 2021-ж.
– Саламатсызбы? Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Беш-Терек айылынан болом. Үйдө 5 бир туугандын кичүүсүмүн. Учурда 8-класста окуйм. – Ойлогон эмесмин. Өзүмдү жылдыз сезбесем дагы, интернет баракчаларынан ырдап жатканымды көрүп толкундандым. Жакшы каалоо-тилектерин жазгандарга сыймыктанып, рахматымды айтып жатам. – 5 жашымдан баштап ырдаганга кызыгам. Көбүнчө эски ырларды ырдайм. Рыспай Абдыкадыров, Зейнеп Шакеева сыяктуу ырчылардын ырларын аткарган жагат. Концерттерде, тойлордо ырдап калам. 2020-жылы обончу, композитор Муратбек Бегалиев уюштурган мектептер аралык райондогу сынакта 2-орунга ээ болгом. Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган “Аталардын эрдигин даңктайбыз” аттуу республикалык онлайн-фестивалда “Обондуу ырлар” номинациясы боюнча диплом алгам. – Кыргыз тили жана адабияты сабактарын жакшы көрүп, кызыгып окуйм. Жаныбарларды жакшы көрөм. Үйдө атама жардам берем. Келечекте ырчы болгум келет. – Ырдап чыгам (күлүп). Маекти улай Байзактын ата-энесин да кепке тарттык: – Негизи балабыз бийлечү. Бир күнү “Мен дүйнөнү апам менен тааныгам” деген ырды ырдап жатканда атасы экөөбүз “жакшы ырдайт турбайбы” деп таң калдык. Кайра-кайра ырдатып көрүп, ырдаганга шыгы бар экенин байкадык. – Жакшы ырдаганын байкагандан бери колдоо көрсөтүп баштадык. Жумгал районунда балдардын музыкалык мектеби бар. Ошол жактан 3 жылдан бери вокалдан сабак алып жатат. – Интернетке уулум ырдап жаткан видео тарагандан бери мактап, колдогондор көбөйдү. Бишкекке алып баралы деп жатабыз. Ырчы Сыймык Бейшекеев “алып келгиле, колдоо көрсөтөлү. Жакында концерт берем, келип катышып берсин” деп сунуштады. Ырчы Кенже Көбөкова дагы “менин ырымды ырдаптыр. Рахмат. Ага белегим бар эле, жолуккум келет” деп жатат. “Баластан” көрсөтүүсүнө да чакырып жатышат. Буюрса, барабыз. – Чакыруулар көп болуп жаткандыктан Бишкекке жибергенге макул болуп жатабыз. Сабагынан суранып 2-3 күнгө шаарга барып келсе болот. Ырчы болом десе каршы эмесмин. Ата-эне баланын талантына колдоо көрсөтүшү керек. Бирок азыр биринчи кезекте окушу шарт. Чоң сахнага 9-класстан кийин чыгууга уруксат берем. Гүлдана Мамадали кызы Дасторкон үстүндө обон созуп, таланты баарын таң калтырган Байзактын маеги
Автор: Медина Найманова
Оператор: МухамадЗиямидин Турдубек уулу
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(3)
okumushtuu
![]() SUPER.KG видео
05.02.2021. 04:42
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байзак алып баруучу кызды суйуп калды. Козун албай карады го. Балалык таза суйуу ошол студиядан сыртка чыкпай калды (тамаша) Азаматтар. Кыргыздын таланттары тугонбосун
tiletork
![]() SUPER.KG видео
05.02.2021. 11:33
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын Байзак талантына баракелде. келечегин кен болсун. супер инфо жамаатына дагы рахмат ушул жигит менен байланыштырганына
Mahabat84
![]()
09.02.2021. 10:29
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уккан сайын уккум келет го Азаматсың Байзак
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|