|
ГҮЛЖИГИТТИН КОНЦЕРТИНДЕ БУУЛУККАН ЭЛ БУГУН ЧЫГАРДЫ№949 11-17-февраль, 2021-ж.
Өткөн жери – Кожомкул атындагы Спорт сарайы Билет баасы – 350-500-600 сом Башталышы – 19:00 (бир саат кеч башталды) Көрүүчүлөр – Залдын 95 пайызы (5-февраль) Концерттин жүрүшүнө келсем, көрүүчүлөрдүн Гүлжигиттин ырларына болгон сүйүүсүн айтпасам да билесиңер. Концерт биринчи ыр ырдалганда эле кыйкырык-сүрөөн, кол чабуулар менен башталган. Ушундай маанай концерттин аягына чейин сакталды. Аягында өзүмдү тойдо отургандай эле сезип кеттим. Жаш-карысы аралаш сахнанын алдына барып алып Гүлжигиттин шаңдуу ырларына бийлеп, бир чер жазышты, чиркин! Бир жыл бою же тойго, же концертке барбай бук болуп калыптырбыз. Ошол буктун баары чыкты. Бул жагы жакты, концерттер ушул үчүн керек да. “Исфана” менен “Айсанам” ыры жаңырганда көрүүчүлөр өзгөчө жыргашты. Суранып отуруп “Айсанамды” 2 ирет ырдатышты. Дайым болчу көрүнүш, салтты бузбай көрүүчүлөр концерттин убактысы бүтсө да кетпей, Гүлжигитти сахнадан кетирбей ырдатышты. “Той” попурри менен аяктады. Концертке конок катары Алмаз Шаадаев жана Анель аттуу ырчы кыз келишиптир. Алмаз мырза Гүлжигиттин “Баары бирин” ырдап чыкпады беле. Бул жигит деле жылдыз экен, көрсө. Ал сахнага чыкканда эл жакшы тосуп алды. Ии, баса. Улан Осмон уулу деген жигит ырдап жүрөт. Үнү жакшы. Ал концерттин башынан аягына чейин гитара чертип коштоп турду. Өзү да ырдады, өсө турган жигит, бали! Ошентип концерт жыйынтыкталды. Гүлжигит кийинки концерттерине жаңы ырлардан башка да өзгөрүү, жаңычылдык киргизер деген үмүттө саат 10дон өтүп үйгө кайттым. Толик сынчы Гүлжигит Сатыбеков өзү да, күйөрмандары да чер жазган концерт
Автор: Медина Найманова
Оператор: Мухамедзиямидин Турдубек уулу
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|