|
Минур Алтынбеков, ырчы: «БИЗДИН СҮЙҮҮ ДОСТУКТАН БАШТАЛГАН»№950 18-24-февраль, 2021-ж.
Минур: – Жазгүл менен 2015-жылы Инстаграмдан таанышканбыз. Анын бардык сүрөттөрүнө "лайк" коюп чыгып, “салам” деп жазсам 2-3 күндөн кийин жооп берди. Башында дос болуп жүрдүк. Кийин ичим уйгу-туйгу болуп кызгана баштадым. Курбусунун туулган күнүнө кафеге барып, түнкү саат 1-2де чыкса да ошого кайыл болуп машинада күтүп отура берчүмүн. Азыр ойлоп, “эмне азап?” дейм да (күлүп). Үйүнө жеткирип, анан кетчүмүн. Ошентип менин сезимдерим биринчи ойгонду. Жазгүл: – Минур “Инстаграмдан таанышканбыз” деп айтып калбадыбы. Ал датаны жакшы билем. 5-февралда биринчи жолу жолукканбыз. 6-февраль курбумдун туулган күнү болчу. Ошол себептен эстеп калгам. Жолукканда эле жакшы сүйлөшүп кеттик. 2 жыл дос болуп жүрдүк. Туулган күндөргө барганда башкача мамилесин сезе баштадым. Курбуларым “эмнеге күтө берет?” деп сурап калышчу. “Ушу сен Минурга эле тиесиң” десе “жок, биз доспуз” дечү элем. Көрсө, туура эле айтышыптыр (күлүп). М.: – Апам менен Жазгүлдүн мүнөздөрү, табиттери окшош. Апам да боёнгонду, мода кууп кийингенди жактырбайт. Сүйлөгөндөрү да апама окшошуп баратат. Ж.: – Чын эле апамдын сүйлөгөн манераларын өзүмө тартып алыптырмын. Минурга бир нерсе айтканда укпай калса апама окшоштуруп сүйлөйм (күлүп). М.: – Өтө катуу урушуп кеткен учур болбойт. Мен сүйлөнүп, күбүрөнүп эшикке чыгып кетем. Кайра келип эч нерсе болбогондой сүйлөшүп жашай беребиз (күлүп). Ж.: – Балаң үчүн урушасың деген чын экен. Бала ооруп калса маанайың түшөт. Айрым учурларда майда-барат түшүнбөстүктөр болуп турат. Бойдок кезде көк бет болчумун. Ата-энем “көк бет болбо” деп кулагыма куя берчү. Чынында, кыз киши көк бет болбош керек экен. Минур “кайра эле сүйлөшө берем” деп айтып жатпайбы. Ошондой болгон жакшы экен. Ж.: – Бири-бириңди сыйлап, алдабасаң эч кандай оорчулук болбойт. Ырчы болсо эле “кыздарды карайт” деген туура эмес. Жөнөкөй эркек деле көчөгө чыкса кыздарды карайт да. Кээде күйөрман кыздар “Минур менен сүрөткө түшөбүз” десе, өзүм сүрөткө тартып берем. Жан дүйнөсүнө жаккан жумушун туура кабыл алам. Чектен ашкан күйөрман кыздар жок. Инстаграмдан “чыгармачылыгыңызды жакшы көрөм, бактылуу болуңуздар” деп жазышат. Ж.: – Минурдун дос кызынын клибин тартуу үчүн Көлгө барганбыз, “клип тартып, биротоло эс алып келебиз” деген. Курбум макияж жасап иштегендиктен, жаныма алып алгам. Минурдун кара футболка, ак шым, ак ботасы бар. Мага да ошондой кийинип ал деди. Сүрөткө окшош кийинип түшүп, Инстаграмга “бул менин сүйлөшкөн кызым деп киргизет го” деп ойлодум. Клип тартып бүткөндөн кийин “фотосессия кылып алалы” деди. Роза гүлүнүн желекчелерин берип “артты карап өйдө чач” дешти. Чачып бүтүп артымды карасам Минур шакек сунуп, тизелеп отуруптур. Фотосессия пароходдун ичинде болуп жаткан. Толкун болуп термелип жатканбыз. Сунушуна “ооба” деп шакекти алайын дегенде толкун болуп кетти. Өзүмдү баланста кармай албай Минурга эңкейип кеткеним видеодо шакекти жулуп алгандай көрүнүп калыптыр (күлүп). Аны Инстаграмдан көргөндөр “жан талашат го, шакекти жулуп алайын деди го, араң эле турган го” деп жазышыптыр (күлүп). М.: – Кыз менен башында дос болгон жакшы экен. Учурдан пайдаланып жигиттерге да кеңеш бере кетейин. Башында дос болуп, жакындан билип туруп үйлөнүп алыш керек экен (күлүп). Дос болуп жүргөндө эле ичимден Жазгүлгө үйлөнөрүмдү, менин адамым экенин сезчүмүм. Ж.: – Дос болсоң бири-бириңден уялбайсың, болгон кыял-жоругуңду көрсөтөсүң. Дароо кыз-жигит болсоң жалаң жакшы жактарыңды көрсөткөнгө аракет кыласың да. М.: – Бар болчу, аны Жазгүл жакшы билет. Ал тууралуу кенен айтып бербесем да, чогуу жүргөнүмдү көрүп калчу. Ал мамиле убактылуу эле болуп калды. Бул тагдыр экен. М.: – Бар беле? Ачык айт (күлүп). Ж.: – Жок деп эле айтып коёюнчу. М.: – Ошентчи, тынч жашайлы (күлүп). Ж.: – Мен 1993-жылы төрөлгөм, Оштун Кара-Кулжасынан болом. Кесибим боюнча англис, немис тилдеринин котормочусумун. Окуумду бүткөндөн кийин Дубайга кетейин десем, “ал жактын жашоосун көрүп, Кыргызстанга келбей коёсуң, күйөөгө тийбей каласың” деп ата-энем жибербей койгон. М.: – Көрдүңбү, кетип калсаң мага тийбей калмаксың. Балким, немиске тийип кетмексиң (күлүп). Ж.: – Жок, немиске тийбейт болчумун. Ата-эне үчүн кызы туурун таап бактылуу жашап кетиши маанилүү экен. Ошондуктан кетпей калгам. Бирок чын эле Дубайга кеткен курбуларым күйөөгө тийбей жүрүшөт. Алар карьерасын тургузуп, бизнес деп жүрүшөт. Азыр сулуулук салонунда иштейм. Ж.: – Жок. Минурга “ушундай ыр бар экен го” деп ырдап берсем, кечке карап туруп “сен кайсы ырды ырдап жатасың?” дейт. Телефондон ошол ырды коюп берсем “сен такыр башкача ырдап салдың” деп каткырат (күлүп). М.: – Жазгүл ырдаганда байкуш жанагы ыр өзүнө нааразы болуп, кор болуп кетет го дейм. М.: – Буга чейин обон жазчумун. Бирок уялып элге тартуулай албай жүрчүмүн. Тартынып, өзүңдүн продукцияңдан өзүң уяла берет экенсиң. Ошол тартынчаактыгымды жеңип, апа тууралуу ыр чыгардым. Обону өзүмө, сөзү Зарлык Камбаралиевге таандык. Азыр жакшы клип тартып чыгарыш үчүн жазды күтүп жатам. Динара Абдыкадырова Ырчы Минур Алтынбеков жубайы менен конокто
Автор: Гүлзада Абдырахманова
Оператор: МухамадЗиямидин Турдубек уулу
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(2)
Aiymkunumjyldyzym
![]()
22.02.2021. 10:53
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дос кыздарын эч нерсе эмес менин эжем 46га чыкты Дубайда журот.
Docha
![]()
23.02.2021. 20:07
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|