|
Закирбек Дүйшөнбек уулу, комузчу: «ЖҮРӨКТӨ СҮЙҮҮ ЖАШАСА ИЙГИЛИККЕ ЖЕТЕСИҢ»№951 25-февраль-3-март, 2021-ж.
– Бар болуңуздар. Жакында көп жыл бою Маданият министрлигин жетектеген, кыргыздын маданиятынын өнүгүшүнө чоң салым кошкон апаларыбыздын бири Күлүйпа Кондучаловага арналган иш-чара болгону турат. Ошол иш-чарага даярданып жатабыз. – Тилде кандай айырмачылык болсо, аспаптардын кайрыктарында да ошондой айырмачылык бар. Башка кылдуу аспаптар эң көп, 3 толгоого чейин буралат. Көбүнчөсү бир толгоо менен ойнолот. Комузда 20га чукул толгоо бар. Ар толгоонун угулушу, тембри ар кандай, толгоого жараша добуштардын мүнөзү өзгөрүп турат. Ушунусу менен башка аспаптардан айырмаланып, мүмкүнчүлүгү көп экени билинип турат. Бардык жанрдагы музыканы комузга салса болот. – Ооба, бул менин кыялым. Бирок азыр биз ачылган сырларынын түбүнө жете албай жатабыз. Залкарлар эмне деген жанрларды түзүп, комуздун нечен деген сырларын ачып берип кетишти. Алар чыгарып берген күүлөрдү өз деңгээлине жеткире аткара албай келатабыз. Комуз өнөрүнүн күү сандыгына күү кошуп, өнөрүнө өнөр кошуп, ата-бабаларыбызга тааныш эмес ыкмаларды колдонуп күү чыгарсак бул биздин чоң салымыбыз болот. Буюрса, максаттар орундалышы керек. – Бир нукка түшүп, калыптанып, ойнолуп калган 2-3 күү бар. Мен отуруп эле күү чыгарып коюшум мүмкүн. Бирок ал эсимде калбайт. Жаздырып алып кайра аны башынан жатташым керек. Илгерки кишилердикиндей биздин мээбиз тунук эмес көрүнөт. – Ал үчүн сиздердин, ММКлардын ролу чоң. Баарыбыз биригип дүйнөнү коюп, алгач кыргыздарга пропагандалап алышыбыз керек. Жылдан жылга комузчулар көбөйүп жатат. Бирок угармандарыбыз аз. Бул пропаганданын жоктугунан. Элге эмнени берсең, ошону алат. Атайын изденгендер аз. Биринчи бизге жетсин, анан ашып баратса, дүйнө элине жеткизсе болот. Биз, комузчулар, чет өлкөгө чыкканда колубуздан келишинче кыргыз музыкасын түшүндүрүп, өзгөчөлүктөрүн айтып таанытканга аракет кылып жатабыз. Акырындан баары болот, буюрса. – Олдоксонмун. Комузум колумдан түшүп кетет, ар кайсы жерге тийип кетет. Комуз табылат, кол табылбайт. Комузду чаап алса болот, колду жасай албайсың. Андыктан биринчи колду сакташ керек. Мисалы, мен бычак кармасам эле колумду кесип алам. Ошон үчүн бычак кармабайм. Комуздан үн чыгарчу кол да. – Балык уулоону жакшы көрөм. Кечээ кар жаап, бороон-чапкын болуп жатканына карабай балык уулоого баргам. Ошол жактан олдоксон кыймылдап колумду чыгарып алдым. – Сонун таасир калтырды. Атай Огонбаевдин 120 жылдыгына карата даректүү тасма тартылды. Анда Атай атанын ролун жараттым. Ошол жылы толкундаткан сезимдер көп болду. Муну жакшылыкка, Атай атабыздай болбосок дагы, анын илебине жетишкендей бололу деп жоруп жүрдүм. – 5 кишиден турган ансамбль түзүлдү. Алардын бешөө тең бир нече аспаптарда ойной алган, дастан айтып, ырдай алган көп кырдуу таланты бар өнөрпоздор. Ансамбль Маданият министрлигине караштуу улуттук маданий борбордун алдында түзүлдү. Жетекчибиз – Жумакадыр Курмангалиев. Мындан тышкары Ренат Мамбеталиев аттуу жакын досум, чебер комузчу бар. Бул досум экөөбүз чакан мектеп ачып, каалоочуларга комуз үйрөтүп жатабыз. – 12 мүчөбүздү толук жаратканына Кудайга шүгүр. Ар бир адамдын көзү ар кандай көрөт. Бирөөнө сулуу көрүнгөн адам экинчисине анчалык сулуу көрүнбөшү мүмкүн. – Күйөрмандар “үйлөнгөнсүзбү?” деп жазып калышат. “Үйлөнө элек болсом, тийип алайын дедиң беле?” деп тамашалап калам. Негизи жүрөктү бош койбош керек. Жүрөктү бош койсоң, жан дүйнөң бош калгандай сезилет. Сүйүү Кудайдын адамга берген белеги болсо керек. Адамда сүйүү жашаса, ал ийгиликтүү болот. Балким, жакшы көргөн адамым бардыр. Азыр бойдокмун. 3 балам бар. Балдарымдын баары таланттуу. 7 жаштагы уулум биздин мектепте комуздан сабак алып жатат. Чоң комузчу чыгат деген үмүттөмүн. Балдарымдын апасы да жакшы адам, мамилебиз жакшы. Бизде андай деле чыр-чатак болгон эмес. Болгону жылдызыбыз келишпей калды. – Балдарыма “атасыз чоңойду” дегенди сездирбейин деп аракет кылам. Аларды күндө көрүп турам. Үчөө тең мектепке келип турушат, үйлөрүбүз да жакын. Болгону эки бөлөк жашайбыз. – Андай планым жок. Шашпайм. Азыр иштегенге жакшы мүмкүнчүлүк болуп жатат. Дүйнөдө 3 нерсе кайыптан экен, биринчиси – ырыс-кешик, экинчиси – нике, үчүнчүсү – өлүм. Ошондуктан бул сурооңузга так жооп бере албайм, кайыптан боло турган нерсе, буюрган күнү ишке ашат. Перизат Музуратбекова “Балдарыма атасыз чоңойду дегенди сездиргим келбейт
Автор: Гүлзада Абдырахманова
Оператор: Айбек Алиев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(1)
Asanali
![]()
02.03.2021. 18:22
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тезиреек жок болсо экен, сапаттуу ыр укмакпыз.
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|