|
Гүлнара Калдарова, ырчы: «СТЕРВА МҮНӨЗҮМ БАР, АНТПЕСЕ ТЕБЕЛЕП КЕТИШЕТ»№953 11-17-март. 2021-ж Гүлнара Калдарова “Кыз-Бурак” тобунан чыгармачылыктагы пайдубалын түптөдү. Топтон кеткенден кийин өз аракети менен чоң сахнада калды. “Чыгармачылыктагы алган тажрыйбам Гүлшайыр эженин эмгеги” дейт ал. Жагымдуу үнү гана эмес, күлүп турган көзү менен да өзгөчөлөнгөн ырчы менен аялзаты, жеке жашоосу, чыгармачылыгы тууралуу маектештик. – Ош, Жалал-Абадга чакыруулар менен барып келдим. Эл карантинден кийин концерттерди сагынып калыптыр. Мурун концерттерден көңүлү калгандай отурушчу эле, бул жолу маанайлары сонун экенин байкадым. – Жаңы ырлар жазылып, клиптер тартылып жатат. Алдыга койгон пландар көп. Алардын бири – жеке концерт берүү. – Рахмат! Жумушка байланыштуу майрамдарда үйдө болбой калам. Бул жолу да сапарда болуп калдым. 9-мартта учуп келдим. Келсем жолдошум аэропорттон гүл менен тосуп алды, чакан белегин берди, кафеге алып барды. Аял кишиге көңүл буруу эле жетиштүү эмеспи. – Айымдар карьерага караганда үй-бүлөнү бийик коюш керек. Анткени аял – үйдүн куту. Турмушка чыккандан кийин чыгармачылык менен үй-бүлөнү чогуу алып кетүү кыйын. Ал үчүн чоң аракет керек. Экөөнө тең жетишсе болот. Мисалы, гастролго кетип жатканда баарын тыкыйтып, 2-3 күндүк тамагынан бери даярдап кетем. – Башында түшүнбөстүктөр, пикир келишпестиктер болгон. Кеч келгенимди кабыл алчу эмес. Азыр толугу менен түшүнөт. Кесибим оор экенин билет. Сапардан келгенде “биринчи эс алып ал, үй жумушун анан жасайсың” деп турат. Бул этапка келиш үчүн көп энергия кетти. Азыр көбү “жолдошуңуз жакшы, ырдатат. Гастролго кеткенде түшүнөт” деп калышат. – Жолдошум сурайт. Анткени кемчиликти ал кетирет да (күлүп). Кээде катуураак сүйлөп алат, жалган айтып алат дегендей. – Музыка угам, унааны айдап бир жакка кетип калам. Сырымды айта алган курбуларыма чалып аларды чакырып, шопинг жасап алаксыйм. – Эгер бирөө үнүн бийик көтөрүп урушуп салса жүрөгүм ооруп, капа болом. Сөз менен көңүл калтырыш оңой. Жалган сүйлөп коюшканда да катуу тиет. – “Стервалык” бар. Ансыз болбойт го (күлүп). – Болот. Негизинен, ачуум чукул. Бирок сабырдуу болгонго аракет кылам. Чектен ашып кеткенде өзүмдү кармай албай урушуп салам. Сыртымдан бул мүнөзүм билинбейт. Толкунума кабылып калгандар “жиниңиз жаман турбайбы, андай ойлогон эмеспиз” деп калышат (күлүп). – Турмуш үйрөттү окшойт. Унчукпай, жоош, шайыр болуп жүрө берсең “жыгачтын жумшагын курт жейт” дегендей болот. Катуураак болуунун пайдасы бар. Антпесе шоу-бизнесте жөн эле тебелеп коюшат (күлүп). – Бул муктаждык деп айтпайм. 17 жаштан тартып чоң сахнадамын. Турмушка чыккандан кийин тыныгуу болду. “Ырдабай эле койсомбу?” дедим. Жолдошум “бизнес ачып берейин” деп тигүү цехин ачып берди. Жумуштун көзүн таап бизнести жакшы жүргүздүм, жакшы киреше таап жаттым. Бирок жан дүйнөм ал тармакты каалабай, ырды, сахнаны сагынып туруп алды. Жолдошум “аябай кыйналып жатканың көзүңдөн билинип турат. Кыйналсаң бизнести сатып сал. Кайра чыгармачылыкка кириш, колдойм. Ырдабай калганың үчүн жүзүңдөн бактылуулукту көрбөй жатам” деди. Бизнести саттым да, чыгармачылыкка кириштим. Каалаган жумушуңда иштебесең толук кандуу бактылуу боло албайт экенсиң. Ошондуктан чыгармачылыкка кайтып келдим.
– Кызым менен өтө жакшы мамиледемин. Ага “менден эч нерсе жашырба” дейм. Кээде “жигиттер кат жазып жатабы? Сени ким жакшы көрөт?” деп сурап калам. Мени курбусундай көрүп, ачык сүйлөшүп турушун каалайм. Кагып койсоң экинчи сырын айтпай калат экен. Аябай эркелетем, ошол эле учурда тентектик кылса урушуп, баланс сактап турам. Чыгармачылыкка жакын. Жакшы бийлейт, бий ийримине барат. Мүнөзү мага да, атасына да окшош. Тартынбайт, бул мени менен көп жүргөндүктөн болсо керек. Ачык, шайыр кыз. – Эл менен көп иштешип, позитив энергия алып тургангабы, көп адамдар “аябай жаш көрүнөт экенсиз” дешет. Туулган күн болгондо гана канчага чыкканың билинет (күлүп). “Апаларыбыздай көп жашка чыгарсын” деп тиленем. “Карылыктан корком” деп жаш эле өтүп кетип жатышпайбы. – Мага “көзүңүздү жасатпайсызбы” дешет. Бирок азыр өзгөрткүм келбейт. Балким, 10 жылдан кийин ойлоном. Көзүн жасаткандардын көзү киртийип, оорукчан адамга окшошуп калганын көрүп коркуп кетем. Көбүнчө көзүмө комплимент айтышат, “жылдыздуусуң” дешет. Көзүмдүн өңүнө кызыгып “линзабы?” деп сурашат. Келбетим, жүзүм толугу менен өзүмө жагат. – Толуп кетпегенге аракет кылам. Спорт залга барып машыгам, диета кармайм. Организмди тазалаган чайларды ичем. Косметологго барып бетиме кам көрөм.
“Жаштыктын эң кызыктуу учурлары “Кыз-Бурак” тобу менен өттү” дейт Гүлнара Калдарова
Автор: Медина Найманова
Оператор: Айбек Алимов
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() |
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|
Сиздин сулуулугуңузга эч качан шек санабаңыз, анткени сулуулугуңузга көз артууга болот! Сиз чыныгы сулуусуз жана жөн гана сүйкүдүүсүз! Аял кишиге дайыма сулуулук каалайм.