|
Залина Касымова, кыл кыякчы: “СҮЙҮҮГӨ ДАЯРМЫН”№956 1-7-апрель. 2021-ж
– Жашоодо эң чоң байлыгым – ата-энем. Атам жашоомдо чоң роль ойнойт, башка кесиптин ээси, бирок чыгармачылыкты баалайт. Менин жөндөмүмдү байкап, өнөр дүйнөсүнө багыт берген адам – атам. Өзү комуз чертет, күүлөрдү жакшы түшүнөт, эң алгачкы сынчыларым – ата-энем. Атам ар бир баласына көңүл буруп, келечегин ойлоп тыбырчылап турат. Биздин эле эмес, неберелеринин да камын ойлоп, жөндөмүн байкап туура багыт берет. Менин мүнөзүмдү атама окшош дешет. Атам өжөр, тырышчаак, идеяга бай, эмгекчил адам, менде да ушундай сапаттар бар. Дагы бир окшоштугум – жашоомдо болуп жаткандарды жар салып айта бербей, ичимде сактаганым. Такыр бирөө менен урушкум келбейт, өзүмдүн чындыгымды эч кимге таңуулап да убара болбойм. Түшүнбөйбү, “мейли” деп эле жолумду уланта берем. – Жашоомдогу мырзалардын бири балдарымдын атасы – Аскат Мусабеков. Жаманбы, жакшыбы 5 жыл жашадык, мен кааласам да, каалабасам да бул нерсе өзгөрбөйт. Жаш кезибизде баш коштук. Кайсы бир себептерден улам эки жолго түштүк. Мага жеңил болгон жок. Үй-бүлө ойноп, анан кызыгууң тараганда эки жакка кетип кала турган оңой нерсе эмес. Ким уясынын бузулушун кааласын? Ар бир аял уясын сактап калганга аракет кылат, мен бир нече жылдар аракет кылдым. Ал деле аракет кылды. 2019-жылы Арабияда өткөн “Көчмөндөр оюнуна” чогуу барып калып, ошол ыйык жерден жакшы ниет кылып, жарашалы деген жакшы тилектер менен келген элек. Тагдыр эмес экен. Жашоомдогу сыноолорду түшүнүү менен кабыл алып, ыраазылык менен коё бердим деп ойлойм. Ооба, жеке баракчама Жаңы жыл күнү жазгандай бул жылы мен үчүн бүлбүлдөп турган үмүт түп тамыры менен жок болуп, эми өз алдымча жолго чыктым. Мисалы, күн турат, бирок жарыгы тиер-тийбес болуп жаткансып эле алды жагым бүдөмүк боло берчү. Ошол бүдөмүк нерсе кетти, булуттар тарады, күн чыгып жолум ачык-айкын көрүнө баштады. Үй-бүлөмдө болуп келген окуяларды мен эч качан айткан эмесмин, айтпайм дагы. Бирок кээ бир адамдардын комментарийлерин окуп капа болуп кетем. Үн катышка туура келет. “Атасы балдар менен катышабы?” деп жеке кат аркылуу күйөрмандар көп суроо беришет. Үйлөнгөнгө чейин катышып турчу, азыр катышпайт. Өзүнүн каалоосу, тандоосу болду окшойт. Менин эч дооматым жок, таарынбайм. Бирок балдар анын балдары да, ата мээрими керек. Өзгөчө кыз бала атасына жакын болот экен. Аларга материалдык жактан эч нерсенин кереги жок, мээрим керек экен. Үйлөнгөнүн балдарга келип өзү айтып түшүндүрөт деп күттүм эле, тилекке каршы, келген жок. Эки-үч айдан кийин өзүм түшүндүрдүм. Туура түшүндүрдүм. “Атаң да, мен да сени аябай жакшы көрөбүз” деп түшүндүрүп турам. Биз эрте баш коштук деп айтып кетпедимби, эч нерсебиз жок кезден экөөлөп барды жаратканбыз. Ажырашкан учурда машинебиз бар эле, көп кабаттуу үйдөн батир алганы жатканбыз. Өзүм чырдан алыс кишимин. Чырылдашып жүргүм келген жок. Берем десе балдары тургандан кийин өзү эле бермек. Бирок андай болбоду. Учурда Аскат мырза ал үйдө жашап жатат (күлүп). Мен бул нерсени эч кимге айткан эмесмин, бул жолу ичимдегини эмнегедир сизге төккүм келди (күлүп). – Иним бир сырдуу жигит. Экөөбүз өтө жакын сырдашабыз деп айтпайм, анткени 15 жаш айырмачылык бар да, ошого болуш керек. Үч кыздан кийинки уул. Атама окшоп ал да ичиндегисин айта бербейт. Мага кичине көрүнө берет эле, байкасам, чоңоюп калыптыр, шүгүр. – “Эр тайын тартат” деп бекер айтылбаса керек. Уулум таятасына окшош. Туруп-туруп эле бир нерселерди жасап коёт. Колу чебер, фантазиясы күчтүү. Бир нерсе жасаарда “мага бул керек, тиги керек” дебей эле, сонун нерселерди жасап мага белек кылганды жакшы көрөт. Үйдө жалгыз эркекмин деп ойлойбу, менин да баскан-турганымды карап, көзөмөлдөп “качан келесиз?” деп тыкылдатып турат (күлүп). Шүгүр, чоңоюп, 7 жашка келип калды. – Күчтүү инсансызбы? – Аялдар өз каалоосу менен күчтүү болбойт экен, абал же бир нерсе түрткү кылып күчтүү болот экенсиң. Мен эч күчтүү болгум келчү эмес, аргасыз болдум. – Уулдуу болгондон кийин эркектерди жакшы түшүнүп калдым. Уулум кичине кезинде эле сулуу кыздарды карап калчу (күлүп). Аябай таң калгам. Эркектин дүйнөсүн бийик коюп алсам керек, анткени атамды апам катуу сыйлайт. Атам жумуштан келе жатканда шашкалактап бутунун учу менен жүгүрүп калат (күлүп). Ушундай тарбия алсаң, бийик коюп чоңоюп калат экенсиң. Мунун жакшы да, жаман да жагы бар. – 9 жашымдан музыка дүйнөсүнө келдим, аспабым менен алышып, убактым деле жок эле. Түнкү клуб, дискотекаларга барып көргөн эмесмин (күлүп). Бирөөнү сүйгөнгө деле убакыт болбоптур, анан балдарымдын атасына кезигип, сүйүшүп баш кошуп калганбыз. – Ошондой го (ойлонуп), башкасы эсиме түшпөй жатат (күлүп). – Мурун такыр жашоомдун ал тарабын ойлончу эмесмин. Учурда кылт деп эске түшө калып жатат (күлүп). Сүйүүгө даярмын го. – Убакытты баалап калдым. Көп жерде иштейм, азыр канча жерде экенин айтсам баары таң калып ишенишпейт, ошого айтпай эле коёюн (күлүп). Андан тышкары балдарга жана өзүңө убакыт бөлүш керек. Азыр ар бир секундду баалап калдым. (Интервью Залина Касымова кабылган жол кырсыгынан мурун алынган, "Супер-Инфо" гезитинин жамааты анын батыраак айыгып кетишин каалайт).
Нуржамал Жийдебаева Залина Касымова: “Жашоом жаңы барактан ачылды”
Автор: Гүлзада Абдырахманова
Оператор: МухамадЗиямидин Турдубек уулу
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(7)
Aimani
![]()
05.04.2021. 12:50
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аскат жаш аял алып,балдарын унутуп койгон окшойт.Бирок аларды үй менен камсыздап койбойбу эркек болсо өзү жыргап жашабай.
Gulizaa
![]()
05.04.2021. 13:48
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бактылуу болунуз!Аскат мырза сиздин ,ички туйгууларынызга татыктуу да эмес экен!Ал жонундо бир соз суйлобой койсонуз да болчуудай,озунузду андан умутунуз бар болгонун кыйыта кетипсиз.Баары бир балдарыныздын атасы тушунгонго аракет кылдым.пфф жакшыраак эркек бар болду бекен ...
Jaka1978
![]()
05.04.2021. 20:10
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Свадьба бергенде эле өчтүм,учты жок эркек экен
Omyke
![]()
05.04.2021. 21:10
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен колуңду сурап көрсөмбү
Baktiluumun.
![]()
05.04.2021. 22:17
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аскат канча аракет кылып журду.Алда кутту.Эми омур бою жалгыз өтмөк беле.Ал да бактылуу болсун.Бир эле Аскатта эмес күнөө.Сен да тенинди таап бактылуу бол.Аскат да бактылуу болсун.
Deniza88
![]()
05.04.2021. 23:57
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
эки жакшы адам туболук болбойт окшойт деп коет го экоон тен жакшы кишисинер, экоон тен бактылуу болууга татыктуусунар
777888
![]()
06.04.2021. 09:58
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Залина акылдуу, билимдүү, жөнөкөй, жакшы кыз, сөзсүз бактылуу болосуң.
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|