Салтанат Шекенова, ырчы: “МЕНИ ХЮРРЕМ ДЕЙТ, АЙТКАНЫМДАЙ БОЛОТ!”

№956 1-7-апрель. 2021-ж


Хайп үстүндө жүргөн жылдыздарыбыз да, хайпты каалаган ырчыларыбыз да, бул рубрикабызга кош келиңиздер! Эшик, жүрөк, өпкө баары ачык. Анда сүйлөгөнү, фигурасы, деги эле турушу менен хайп жараткан Салтанат Шекеновага сөз кезегин берели. Каарманыбыздын аркасындагы чубалып келе жаткан суроолордун көбүнө жооп алдык.
– Салам, Салтанат! Ак-Талаанын сулуусу экенсиң. Нарындан сулуу кыздар көп чыгат, ээ?

– Саламатчылык. Ооба, мисалы, Ак Мөөр, Таттыбүбү Турсунбаева, жана мен! Моюнум бир аз аларга жетпейт го, калганы ошондой эле бар.

– Боюң канча?

– Боюң да жетпей калат деп жатасыз, ээ (күлүп)?

– Хайп менен таанылам деп качан максат койдуң?

– Ой, мен максат койгон жокмун, сүйлөп койсом эле хайп болуп жатат. Негизи эле мындан ары ырдабай эле коёюн деп жатам.

– Баштабай туруп токтоп калганың жаман экен...

– 4 жыл жүрдүм. Эми болду да, жашым да келип калды, сахна жаштыкты сүйөт экен. Келатат, жаштар, келатат (ырдап).

– Мына кызык, канчадасың?

– Башкаларга обу жоктонуп айтпайм деп жүргөм, эми силерге ачык айта берейин, 35 жаштамын.

– Ачык айткан сонун да, кайсы мүчөлөрүңө пластикалык операция жасагансың?

– Турушум менен табигый. Оозумду жасаткам, бирок жакпай калып, кайра алдыргам.

– Төшүңчү?

– Көбү эле ошентип ойлошот экен, бирок өзүмдүкү эле. Кармап көрсөңүз. Кээде апамды таежелеримди, эжелеримди да сүрөткө тартып киргизип коём баракчама. Баарыныкы сонун. Жасатпаган нерсеңди жасаттың дегенде күйүп кетем да.

– Ишендик деп коёлу. Хайп жасап таанымал болгондорго көз карашың кандай?

– Жиним келет. Кээде мени туурап хайп кылгандар да бар. Бирок алардыкы окшошпой калат, анткени менин болгонум эле ушул.

– Жүрөгүңдүн ээси барбы?

– Бар. 3 жылдан бери жакынбыз.

– Качан той?

– Мен турмушка чыгып эмне кылам? Уулум 5-класста, кызым 3-класста окуйт. Бойлору мени менен тең болуп чоңоюп калышты. Өткөндө сүрөттөрүн жарыяласам ишенишпейт деп коюңуз. Ишенгиле, ал менин балдарым (күлүп).

– Аялга эркек төрөш үчүн эле керекпи?

– Сонун суроо болду, аял эркекке оокат кылуу үчүн эле керекпи?

– Эркектер, силерге аял эмнеге керек? Кийинки "Хайп-тайм" рубрикасына келген адамга бир суроо калтырып кетишиң керек эле. Ушул суроону калтыралы. Эмнеге баш кошкуң келбейт?

– Элди билбейм, мага азыр кереги жок. Орусча айтканда, “я там была” (колун шилтеп). Баш көтөрбөгөн, баштан жоолук түшпөгөн, юбкаларды кийген, бир колумда бала, экинчи колумда казан болгон, чачымды тараганга убактым жок келин болуп көп жыл жашагам. Жакшы элестетиш үчүн сизге Золушка деп коёюнчу, ээ. Ошо анан, ал образдан да чыктым, бул образга кирип кеттим (күлүп).

– Ко-ой, сенби? Жоош келинден пантеранын образы кантип чыкты?

– Өзүм таң калам кантип чыкты? Ажырашкандан кийин “тамагымды бычак менен кырт эттирип кесип ийсем, кандар чачырап кетсе” деген ойлор болгон. Балдарымды ойлоп токтогом. Ал кезде күнүмдүк тапканым 150 сом болчу. Бир күнү тойго кыргыз көйнөк менен жар-жар айтып ырдап чыкканда 500 алгам. Мен үчүн бир күндө 500 сом чоң акча болчу. Тойлорго барып жүргөнүмдө бирөө “клипке түшүп бербейсиңби?” деп калды. Урунуп-беринип жүрдүм да иши кылса... Анан сиздин алдыңыздагы пантера Салтанат пайда болду.

– Эркиндикти каалаган үчүн ажырашып кеттиңби?

– Ата-энем катуу кармачу, андан кийин эле жаш бойдон күйөөгө тийдим. Кенен, таза аба жетишпей калган үчүн ажырашкам.

– “Султан Сулеймандын убагында болуп калсам Сули мени карамак” депсиң. Султан Сулейманды торго кантип түшүрмөксүң?

– Хюррем кантип торго түшүрсө ошентип эле, ал мени көрсө өзү эле башы айланып калмак. Мени Хюррем дейт, айтканым айткандай болот. Ачык, ак көңүл, куу, жылкы мүнөз, сулуу аялмын. Жетем дегениме жетем.

– Гаремде сенден кыйын, сулуу аялдар толтура да. Кантмексиң?

– Сүмбүл аганы сатып алмакмын, төшөгүн жыйнап берейин деп. Же “Дайе хатун, пожалуйста, мени Сулейманга киргизип койчу” демекмин. Жакшынакай кызмын го, сөзсүз сүйүп калмак. Жашоомдогу Сулим деле ошого окшош. Мен анын жанында өзүмдү Хюррем сезем.

– Сулиң колунда бар адам окшойт, ээ?

– Маяна менен жашайт. Ал мээримге бай. Анын жанынан ыйлай аласың, күлө аласың. Жан дүйнөңдү жылаңач көрсөтө аласың, өзүңдү дагы (каткырып). Ал менин күйөөгө тийбейм деген чечимимди билет, кол шилтеп басып кете албайт, жакшы көрөт мени.

– Чөнтөгү калың эркектер жагабы же күчтүүсүбү?

– Экөө тең жакпайт, мээримдүүсү жагат.

– Кандайлар жакпайт?

– Кир, сасык эркектер жакпайт.

– Сүйүүдө ар жок да, сыртка чыгып баратып эле дал ошондой эркекти сүйүп калсаңчы?

– Ошо ар жок дегенди туура айттыңыз (күлүп).

– Мушташтың беле?

– Эркек менен да, аял менен да мушташкам. “Кумтөргө” концерт берип келе жатканбыз. Бир жигит ичип алып баарына кезек менен тийишип жаткан. Мага жеткенде барып туруп эле башка бир урдум. Ошону менен уктап калса болобу? Тынч жетип алганбыз. Кичинекей болуп турганыма карабаңыз, жиним келгенде калчылдап калам.

– Ичкилик ичип, чылым чегип көрсөң керек, ээ? Ачыгы?

– Татып көргөн эмесмин экөөнү тең. Ошон үчүн жаштыгым сакталган да.

– Ала жипти аттадың беле?

– Жок ай, туруктуумун. Сүйүп калсам жүрө берем жалдырап.

– Сен хайп кылган короз менен тоок аманбы деги?

– Мен мынча хайп болот деп ойлогон эмесмин (күлүп). Жүрүшөт, жөжө чыгарып жатышат, жаз келбедиби.

– Хайптын артынан келген акчаңды эмне кыласың?

– Балдарымдын кем-карчына жумшайм.

– Хайп болгондон кийин кандай сезимде болосуң?

– Башында уяласың, жиниң келет, ашып кетсе 3 күн. Андан ашса бир жума хайп болуп токтойсуң. Андан ары “өх” деп өз жашооңду улантасың.

– Хейтерлердин аябай жиниңе тийген сөзү?

– Жасалма дешет. Менин болгонум эле ушул, эркелеп, назданып, сексуалдуу сүйлөйм. Бирок эжемди көргөндөр ишенишет экен, сиңдиң сага окшош эле сүйлөйт турбайбы депчи.

– Салтанат, аман бол, бар бол, тоок менен корозду көрсөң салам айт!

Асия Алиева



"Эми сахнаны жаштарга беришим керек" дейт ырчы Салтанат Шекенова

Автор: Медина Найманова
Оператор: МухамадЗиямидин Турдубек уулу, Айбек Алиев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(11)
05.04.2021. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Тооба кылдым хайптай бербей намаз оку ошол миң эсе арттык.
05.04.2021. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Gulina90,Намаз эмес, мен жаштарды спортко, искуствого чакырат элем. Искуство, маданият, билим бул бизге керектуу нерсе. Адеп ахлакты жамынып алып бирөөнүн жеке кызыгуусун кысымга алганды токтотуш керек.
zhazgul98 түзөттү 2021-04-05 10:30:26
05.04.2021. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Азаматсыз абдан жылдыздуу айымсын. Ишине ийгилик. Ушундай бойдон эле журо бер. Ар дайым кыздар эркин болгула. Бироонун моралдык дааватына коз каранды болбогула. Мораль уйроткон акылсыздар, билимсиздер комментарий жаза беришет динди тануулашып. Алардын созуно конул болбогуло. Кандай болсон ошондой багытта эркин журо бер. Эн башкысы кыздар бироонун оюна коз каранды болбогула
zhazgul98 түзөттү 2021-04-05 10:15:40
05.04.2021. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
zhazgul98,пффф
05.04.2021. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жакшы интервью болуптур, соонунле сүйлөйт экенго, 35 жаштан жаш эле көрүнөт экен еще 2 баланын апасы,бактылуу болуңуз, ар бир адам өз жашоосун өзү тандайт.
05.04.2021. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мен муну 26-27де деп журсом 35те турбайбы. Озунун турпаты ошондой окшойт да, суйлогону, кылыктангаы
06.04.2021. 08:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Чачынарды жайып, коёберип журобергиле эээ?)))
SUPER.KG видео
06.04.2021. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менде емнеге видео ачылбайт
06.04.2021. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Молодец мактангыдай эле бар экен 35болсо.Мурун оло жаман корчум эле ото жакшы коруп кетбесем да кичине оюум озгорду.
10.04.2021. 06:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ак Мөөр, Таттыбүбүлөрүң артистка, же ж...б болгонда, анын эмнеси менен сыймыктанасың?

Курманжан энебиздей ыймандуу, намыстуу жана маанилүү айымдар менен сыймыктануу керек...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: