|
БЕЛГИЛҮҮ ЫРЧЫЛАР ЖОЛ КЫРСЫГЫНА КАБЫЛЫШТЫ№956 1-7-апрель. 2021-ж
– Жол тайгак болгондугу үчүн унаа ала салып кетти. Кырсыктан акырегим сынып, баш мээм чайкалыптыр. Учурда Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда жатам. Операция болот же болбойт деп айтыша элек, текшерилип жатам. КамАЗда 16-17 киши бар болчу. Окуя болгон соң бир кыз экөөбүз жолдон эле унаа тосуп шаарга келе бердик. "Тез жардамды" күткөн жокпуз. Себеби колумдун оорутканы чыдатпай жатты.
Эмне үчүн ырчыларды алыс сапарга КамАЗ менен алып баратканы кызуу талкуу жаратууда. Куралдуу күчтөрдүн берген маалыматы боюнча, кырсыктан 10 адам жабыркаган. “Бизде мындай окуя биринчи жолу болуп жатат. Азыр өзүбүздүн ички иликтөөбүз башталды. Бул боюнча Аскер прокуратурасына доклад жөнөтүлдү. Иликтөө аяктагандан кийин ырчылардын КамАЗ менен сапарга чыкканы, аларга кандай жардам көрсөтүлөрү анык болот”,- дешти мекемеден. “Супер-Инфо” гезитинин жамааты Нурзат Ажыгожоеванын дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат. Кырсыктан жабыркаган ырчылардын тез айыгып кетишине тилектештигин билдирет. Гүлдана Мамадали кызы Коргоо министрлигинде ырдаган 3 балалуу аялдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды
Автор: Ырыскелди Салбаров
Оператор: Чыңгыз Калбердиев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|