|
ЫРЧЫ КУДАЙБЕРДИ АЙТБОСУНОВ МЕНЕН БЛОГЕР БИР БАЛА ЖЕКЕМЕ-ЖЕКЕГЕ ЧЫГАТ№956 1-7-апрель. 2021-ж
– Бир бала менен мурда тааныш болчубуз. Ортодо түшүнбөстүктөр болуп сүйлөшпөй калганбыз. Ал өзү элди мушташка чакырып, хайп жаратканды жакшы көрөт экен. Башында өзү мага тийишип баштады, үн каткан эмесмин. Ар кандай берүүлөр аркылуу “Кудайбердини мушташка чакырсам келбей койду. Коркуп жатат, певичка. Ырчы болбой калчы...” деген сөздөрдү айтып, намысыма тие берди. Анан “эркек болсоң кел, жолугалы” дедим. Сүйлөшөйүн деп жалгыз эле баргам. Ал болсо балдары менен келиптир. Аларды көрүп менин да балдарым келди. Жакшы сөзгө түшүнбөйт экен, жиним келип бетке чаап салдым. Анан видеодогудай окуя орун алды. Бир бала атайын камерага тартканга даярданып келиптир. Жекеме-жеке мушташка чыгууну сүйлөшүп тарадык. Күнү белгилене элек. Мушташка даярдыгым жок. Утулсам дагы татыктуу утулам. Бул хайп эмес. Мен ага “эч кимге жарыялабай эле эркекче мушташалы” деп айткам. Ал эми блогер Бир бала мындай жооп айтты: – Биз мурда жакын дос элек. Ортобуздагы чыккан чырдын себебин Кудайберди өзү жакшы билет. Анын күнөөсү бар. Мен аны мушташка чакырып алып видеого тартайын деген эмесмин. Балдардын бирөөсү тартып алып социалдык тармакка таратып салыптыр. Бул хайп эмес. Мен хайп жаратканды сүйбөйм. Жолугуп аны балдарга сабатайын деген оюм болгон эмес. Ал балдары менен келип, мага кол көтөрдү. Бирок анын чапканынан кыздардын чапканы күчтүүрөөк болот деп ойлойм. Мага чымын конгондой деле болгон жок. Билбейм анан кийин кантип мушташат? Жекеме-жекеде мен аны сөзсүз жеңем. Буга чейин Бир бала менен модель Аскат Осмоновдун ортосунда пикир келишпестик жаралып, алар рингде беттешкен эле. Гүлдана Мамадали кызы Ырчы Кудайберди Айтбосунов менен бийчи Бакыт Макеев "жекеме-жекеге" чыгат
Автор: Ырыскелди Салбаров
Оператор: Чыңгыз Калбердиев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(5)
Haanykeim
![]()
05.04.2021. 14:19
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Атың чыкпаса жер өрттө болуптур да,жакшы жагыңарды көрсөтүп үлгү болбоймуңарбы жигиттер...Уят эле ызуу-чуусу жок эле бүтүрсөңөр болот эле..
Altynbekova.01
![]()
05.04.2021. 18:06
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы агай имиш бир бал. Тобоо. Жакшы эле куушуптур мектептен
Nursul
![]()
05.04.2021. 20:54
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бири бири менен чабышып бири интернетке жарыялап катындан айырманар калбай калыптыр жигиттер. Жигитче болгулачы ызы чуунарды өзүнчө эле чечишип албайсыңарбы болор болбос иш кылып алып деле интернетке жуктойм бербей.
Shokoladka94
![]()
06.04.2021. 11:06
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ушуну мектептен ырас эле кууп жибериптир, бийлеп звезда боло албай калганда мушташып звезда болоюн дегени го
Altynbekova.01
![]()
07.04.2021. 04:09
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Shokoladka94,ошону айткыла. Жакшы агай болсо ким эле кетирсин.
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|