|
Калыс Жакыпов, ырчы: “АЙЗАДА ЖАМГЫРЧИЕВАНЫН КОЛУН СУРАГАМ”№957 8-14-апрель, 2021-ж.
– Саламатсызбы? Азыр 22 жашта болсом, 2-классымдан бери ырдап келе жатам. Чыгармачылык жол өтө оор, эмне деген сөздөр, сындар айтылбайт. Бул жолдо жүргөндөрдүн баары күчтүү адамдар деп ойлойм. Эл “булар тойдо жыргап эле жүрүшөт” деп ойлошот, бирок моралдык жактан кыйла эле оор. Бул жолго түшүшүмө атам салым кошкон. Мен жаңы төрөлүп колуна алганда эле “ушу балам элге белгилүү инсан болот” дептир. Атамдын кыялын орундатып келе жатам.Ата-энем, жакындарым чыгармачылыгымды колдоп келишет. – Ошондо сиз да сурап жатасыз да, ээ (күлүп)? Азыр жүрөгүм бош, эгерде сүйүктүүм болсо элге окшоп жашырып отурбай эле, ушул деп жарыяламакмын. Чыгармачылыкка баш-отум менен кирип кеттимби, же убак-сааты чыкпай жатабы, жүрөгүмдө эч ким жок. Кызың болсо сейилдеп, ага көңүл бурууга убакыт табыш керек. Ал убакытты пайдалуу нерсеге жумшасам, кийин жемишин береби деп да ойлойм. Клипте тартылган актриса кыздар менен сүрөткө түшүп, баракчама илип калсам, ал кыздарды күйөрмандарым сөгүп кетишет (күлүп). Акырын өчүрүп коём, тиги кыздар таарынбасын деп. – Ал мага жакчу, “кыз-жигит бололу” деп сунуш киргизсем, “инимсиң да” деп болбой койгон. – Тамаша дейинчи (күлүп). – Билген жакшы, чыныгы күйөрманың болсо сени түрдүү жерде “ырдап берчи” деп калышы мүмкүн. Анан комузуңду же билген музыкалык аспапты ала коюп, ырдап берип койсоң жакшы да. Көрктүү да көрүнөт. Мен комуз, фортепиано, гитара, аккордеон чертем (комузун күүлөп ырдап берди). Комуз менен ырдаганды өзүм жакшы көрөм, ошон үчүн ала келдим. Былтыр “элге таанылсам, бир чоң секирик жасасам” деген план койгон элем. Таң калычтуусу, пандемияга карабай ошол максатым орундалып, 2020-жыл жемиштүү болду. Бул жылга андан да чоң пландарды коюп турам, буюрса, жакшы болот деп ишенем. – Мурун такыр эле кирчү эмесмин, анан ырларым чыгып, чыгармачылыкка жакшы кирише баштагандан кийин көңүл буруп калдым. Эми бул замандын талабы эмеспи. Тиричилик ошону менен жүрүп калгандыктан ырчыларга чоң жардам болот. Азыр көңүл бурам жакшы эле. – 2-класстан тартып ырчылык менен кошо спортту ала кеттим. Таэквондо, каратэ, эрежесиз эр уруш менен машыккам. Кичинемде ырдап жүрүп, анан тыныгуу алып, кайра чыгармачылыкка чындап киришкен убак болду. Анын да себеби бар болчу, анткени ичке үндөн жоон үнгө өтүп жатканда, өткөөл куракта үндү сактап туруш керек. 8 жылдай үнүмдү сактап ырдаган жокмун. Ал учурларда вокалдан билим алып, таптап жүрдүм өзүмдү. Андан кийин катуу киришейин деп чечтим, ошол учурда эмнегедир өзүмдү чоңоюп калгандай сездим. Болбосо мектепте, студент кезде чыр бала элем, көп мушташып кетчүмүн. Көптөн бери мушташа элекмин. Сыртымдан бой көтөргөндөй көрүнөсүң дешет. Чыныгы Калыс тамашакөй, ак көңүл, жоопкерчиликтүү, жөнөкөй жигит. Кичинемден баштап көп эле жумуштарга бышкам, азыр жеңелерим келип эле кээ бир жумуштардан бошоп калдым (күлүп). Негизи жанымда жүргөн досторум мени менден да жакшы билишет. – Семичке чакпайм, тамеки чекпейм. Башка баарын эле кыла берем. – Ар бир сөзүн, маанисин түшүнүп, жан дүйнөм менен сезишим керек. Ошон үчүн да чет тилде ырдай элекмин. Казак ырларынын ритми мага жакынбы, казакча көп ырларды ырдап калам. – Үйдө эле, телевизор көрүп (күлүп). Башкасын билбейм, мен түнкү клуб же башка нерселерди анча жактырбайм. Тынч, үйдө эс алганды жакшы көрөм. – Объективдүү сын болсо ойлонуп калам. Кээде жөн эле айта беришет. “Кайрат Нуртасты туурап жатасың” деп сын айтышкандар болду. Кийим, кыймыл-аракеттерим окшош окшойт. Бирок мен аны туурабайм, болгонум ушу. – Ооба, мыкты ырчы, чоң жылдыз. Ырларын баалайм, сыйлайм. Бирок мен Калыс Жакыпов катары эле кабыл алынышымды каалайм. – Бир чоң эле эже “жолукпайлыбы?” деп жазыптыр. Таң калдым. Жооп берген жокмун. Мурун дагы бир окуя болгон. Анда Мураталы Күрөңкеев атындагы окуу жайда окуп жүргөн кичирээк кезим. Акыркы акчама сэндвич алып, жейин деп сейил бакта отурсам, лөлүлөр бар го кайыр сураган, ошондой кичине кыз келди. “Акчам жок” десем колумдагы сэндвичти жулуп алып тиштеп салып жатпайбы (күлүп). Ошондо да бир таң калгам. Нуржамал Жийдебаева "Мени Кайрат Нуртаска окшоштурушат, бирок бул окшоштуруу мага жакпайт" дейт Калыс Жакыпов
Автор: Медина Найманова
Оператор: Чыңгыз Калбердиев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() |
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|
кайсыл жерин?)