|
3 жашар Тахминанын ата-энеси: «КЫЗЫБЫЗ ӨЗ АЛДЫНЧА ДЕМ АЛА АЛБАЙТ. ӨПКӨСҮ, БООРУ, ЖҮРӨГҮ ООРУЙТ»№957 8-14-апрель, 2021-ж. 3 жашар Тахмина 8 айлык кезинен бери оору менен күрөшүп келет. Ата-энеси ооруканадан ооруканага чуркап, канчалык аракет кылышпасын, кыздын абалы күндөн-күнгө оорлошуп баратканын айтат. Кызы күлсө кошо күлүп, ыйласа кошо ыйлаган ата-эне учурда Бишкекте турат. “Чет өлкөгө алып барып дарылатып, сакайтып алсак” деп үмүттөнүп турган чагы. Гүлжигит Итибаев, 36 жашта. Тахминанын атасы: – Биз Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кара-Суу айылынан болобуз. Үйдүн кичүүсүмүн, айылда ата-энемдин колунда турчу элек. Кызым ооругандан бери айла жок талаалап жүрөбүз. 3 балабыз бар. Кичүү кызыбыз кичинесинен эле оору менен алышып келе жатат. 3 жылдан бери колдо бар мал-жаныбызды сатып дарылатып келгенбиз. Туугандар да жардам берип жатышты. Канча дарылатпайлы, жыйынтык болбоду. Биздин дарыгерлер мындан ары эч нерсе кыла алышпайт экен. Чет өлкөгө алып барып дарылатууга өзүбүздүн мүмкүнчүлүгүбүз жок. Кызымдын абалы оорлошуп, кыйналып жатат. Жардам сурап жалпы элге кайрылууга аргасызбыз. Мырзатай кызы Гүлжамал, 28 жашта. Тахминанын апасы:
Жалал-Абад облустук ооруканасында да врачтар эч кандай жардам көрсөтө алышпады, энтигип кыйналганы басылган жок. Бишкекке алып келдик. Кызымды жолдо алып жүрүүгө врачтар уруксат берген жок. Бирок жоопкерчиликти өзүбүз аларыбызды айтып, кагазына кол коюп берип алып кеттик. Бишкекте өпкөсүнөн 15 күн дарылаттык. Айылга баргандан кийин кайра эле ооруп калды. Баткенде жакшы врач бар экен дешкенинен ага алып бардык, бирок ал эч нерсе кыла албасын айтып, Ошко жиберди. Ал жакта деле пневмония деп дарылашты. Балаң кыйналып жатса жанын сактап калыш үчүн жан далбастап кайда болбосун алып барууга аргасыз болот экенсиң.
Бишкекте батирде жашап жатабыз. Мен бала менен иштей албайм. Жолдошумдун көрүүсү начар. Ага карабай иштеп, бир аз болсо да каражат таап жатат. Учурда Бишкектеги Эне жана баланы коргоо борборунун жандандыруу бөлүмүндө жатабыз. Кызым аябай шишип кеткен эле. Азыр шишиги бир аз тарап, аздан тамак жеп жатат, бирок дайыма жасалма дем алдыруучу аппаратта. Аппарат 1 мүнөткө өчүп калса дароо тердеп, оозу көгөрүп, алы кетип калууда. Жүрөгүнүн согушу 180ге чейин жетип кетет. – Кээде 2-3 ай жакшы жүрүп калат. Бирок энтиккени кетпейт. Дарыгерлер “бул оору (эки тараптуу бронхопневмония, фиброздук альвеолит) өмүр бою калат. Жасалма дем алдыруучу аппараттын жардамы менен жашай берет. Эгер өтүшүп кетсе аппарат да жардам бере албайт. Биз айыктыра албайбыз, колубуздан келгенин кылдык. Чет мамлекетке алып барып дарылатууга каражат даярдай бергиле” дешти. Так канча каражат кетери анык боло элек. Индия, Орусиянын клиникалары менен сүйлөшүүлөр болуп жатат. Дарылоого мүмкүн экенин айтып жатышат. Ал жакка алып барыш үчүн, биринчиден, каражат, экинчиден, кыздын абалы жол жүрүүгө толук кандуу жооп бериши керек экен. Азыр дарыгерлер болгону убактылуу гана жардам көрсөтүүчү күчтүү гормоналдык дарыларды берип жатышат. Башынан эле айыктырабыз деп сөз беришкен эмес, “убакыт керек, балким, убакыттын өтүшү менен айыгышы мүмкүн” дешкен. Азыр тынбай жөтөлүп жатат. Кызым мурун дарыдан, аппараттан каччу, азыр аппарат өчүп калганда (баллонун алмаштырганча) пульсоксиметрди көрсөтүп “апа, так, апа, так” деп чыйпылыктап жиберет. Аны таксам эле эс алып калчудай туюлат ага. Кээде тамак ичпейт, кээде гормоналдык дарыларды ичкенден кийин тойбой калат. Индиядагы, Орусиядагы клиникалар менен сүйлөшүп жатабыз, каражат табылса эле бир жагына алып барганы турабыз. Байланыш номери: 0778200249 MBank: 996778200249 Кыргызстан банк Visa: 4177 4901 4394 9925
"Кызымдын өпкөсү, жүрөгү, боору ооруйт" дейт 3 жаштагы Тахминанын апасы
Автор: Медина Найманова
Оператор: Чыңгыз Калбердиев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(2)
gilrfkg
![]()
12.04.2021. 10:18
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Jakwy bolup ketsin, ech bur bala oorubasyn duinodo
Nurelmadina
![]()
16.04.2021. 12:59
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шайлодо акча чачкан депутатар ушуга окшоп оруп жаткан балдарга акчасын чачпайбы бир жагынан сооп болот еле
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|