|
БУЛБУЛСУЗ ӨТКӨН 1 ЖЫЛ. Нурайым Иманалиева, эжеси: “ЭЛМИРБЕКТЕН КИЙИН ТИРҮҮ ЖҮРГӨНҮМӨ УЯЛАМ”№959 22-28-апрель, 2021-ж.
– Ооба, 1 жыл өттү. Элмирдин жанына келбеген бар, колун кармап көзүн көрбөгөндөр бар. Алыс эле адамдар эңшерилип жоктошту, ошолор “жакындары кантип жашап жатышат болду экен?” деп ойлошот болуш керек. Элмир кеткенде жашоомдун шаңы, жан дүйнөм, жүрөгүм кошо кеткендей болду. Сырткы эле турпатым калгандай ичим бопбош. Бирок адам экенсиң, аргасыз көтөрөт экенсиң. Убакыт өтүп, жайына келгендей болду. Баары бир бир жагың эңшерилип турганы турган. Ошол мүнөт, секунддарда өлүп деле калышым мүмкүн болчу. Кээде тирүүлүк уланып жатканына, мен жашап жатканыма уялып кетем. Чын дүйнөдөн жолугабыз деген ой келгенде бир аз жеңил болуп калат. Мен бир тууган эмес, баламды жоготкондой, кээде өзүмдү кошо жоготкондой сезем. – Акындардын алпы Элмир айтып бере албаган апаны мен кантип сүрөттөп бере алар экенмин (ойлонуп)? Элмир сүйүү тууралуу, сезимдер тууралуу жакшы ырларды жазчу, бирок ал үчүн оңой менен даай албаган эки тема бар эле. Ата Мекен анан ата-энебиз тууралуу ыр чыгарганга даай албай турчу. Анткени ушул эки нерсени татыктуу жазыш керек же жөн эле коюш керек дечү. Кол тийгис, ыйык нерсе эле. Апам жумшак болчу, ушул мүнөзү Элмирде бар болчу. Акылдуу эле, 4 класстык билими менен эле көп нерселерди билчү. Математикадан жогорку классыбызда бизге жардам берип салчу. Китепти көп окуган, билимге дилгир эле. Ал мүнөзү да Элмирде бар болчу. Даанышман, жумшак, жаратылышы башкача эне эле. Атам окугусу келип, бирок шарты болбой калганына арман кылчу. “Билим алгыла, мендей болуп кара жумушчу болуп калбагыла” деп өзү чарчап келсе да сабак окуганыбызды катуу көзөмөлдөчү. Атам Элмирди өзгөчө жакшы көрчү, кээде атамдын жалгыз эле баласы бардай, ал Элмирдей сезилип кетер эле. Талантын алгач байкаган да атам болгон. – Бул оору кандай жабышты билбейм. 2007-жылы жашоосу түп тамырынан бери өзгөргөн бир учур болду, ошол жылдан жабышты. Кант диабети билинбей туруп алып түшкөн оору тура. Ал өтүп кеткенден кийин ар түрдүү суроолор келди, бул ичиңди курттай жеген нерсе болот экен. Врачтарды, ошол абалды сүрүштүргүм келди. Акыры Курандан таптым ушул жоопту. Өлүм качан суусу түгөнгөндө, күнү бүткөндө келет экен, башка нерсе себепчи гана тура. Жоопту тапканда өзүмдү же башкаларды күнөөлөбөй жеңилдеп калдым. – Эч кимдин тагдыры өзү каалагандай болбойт эмеспи. Чыгармачылык тагдырында 100 пайыз бактылуу болду. Кыска өмүр сүрдү, кыргыз элинде түбөлүк жашай тургандай эмгек калтырды. “Аргаң жок эми өлүүгө, ак жылдыз болуп тагылдың асмандын көкүрөгүндө” деп өзү Чыңгыз Айтматовду жоктоо ырын жазган. Бул өзүнө да тиешелүү. Өзүнүн атын түбөлүк жазып калтырып кетти. Инсандык тагдырында ар бир адамдыкындай эле жакшысы болду, жаманы болду, күрөштү, жеңди, жеңилди, чарчады дегендей ар кыл нерселер болду. – Эки жолго түшүү кимге болбосун оор, ал эми Элмирбектей жан дүйнөсү назик адамга андан да оор болду. Экөө баш кошкондо экөө тең жаш эле, арзышып баш кошушкан жарлар эле. Эки айрылыш жолго түшүү өздөрүнө, балдарга, бизге, айрыкча апама оор болду. Гүлбүнү үй-бүлөбүз менен жакшы көрчүбүз. Элмирдин тагдырындагы негизги бөлүгү Гүлбү, муну өчүрүп же унутуп да коё албайсың, эки кызы турат. Тагдырды жазып албайт экенбиз, кийин экинчи жубайы Нурзатка баш кошту. Эсептеп көрсөм, Гүлбү менен канча жыл жашаса, экинчи жубайы менен да ошончо жыл жашаптыр. Андан 1 кыз, 3 уул калды, артында атын өчүрбөй турган тукуму бар. Элмирбек Эшмамбет акындын чөбүрөсү болуп жатпайбы, балким, Элмирдин неберелеринен алп акындар чыгат, ким билет? Буга да шүгүр. – Биздин үйдө сезимдерин ачык айтып же мактап деген нерсе эмнегедир жок эле. Бир жолу Элмир агасын айтты. Сөз таба албай калганда “атаң көрү” деп койчу. “Атаң көрү, эми ал киши жүрөктүн төрүндө да, ал сезимди эми мен сөз менен жеткире албайм да” дечү эле. Ошондон улам агасы деп ойлойм, эжелеринин баарын жакшы көрчү, бирок мени менен көбүрөөк сүйлөшчү. Бир башка дүйнөсү бар болчу, сүйлөшкөндөн кийин жан дүйнөңдү тазартып, аруулап кете турган касиети бар эле. Бир сүйлөсө жан дили менен сүйлөчү, сүйлөбөсө көп убакыт сүйлөбөй өзү менен өзү болуп калчу. Мындайда эч ким анын чек арасын бузганга даабайт эле. Сүрү бар болчу, бирок сүйлөшө келгенде ушунчалык жөнөкөй, дилиңе жакын болчу (ыйлап). – Элмирдей адамдар сыртынан эч кандай буркан-шаркан болбойт, токтоо болушат. Ички дүйнөсүндө буркан-шаркан түшкөн нерсени бир аялдын келиши же кетиши, балдардын төрөлүшү эч тынчтандыра албайт. Элмирдин жан дүйнөсүнө таасир берди деп айта албайм, кадимки жашоосунда 4 бала төрөлдү, сонун балдар. – Ушул суроо менен жүрөгүмдү эзип жатасың да өзүң байкабай (ыйлап). Мен Жалал-Абад шаарында жашайм. Жүздөшпөгөнүбүзгө көп болуп кетиптир. Мен Элмир каза болгондо телефонду жек көрдүм. Анткени телефондон күн сайын сүйлөшчү элек, ошол нерсени көрүштүк деп ойлоп алчу экенбиз. Ушул телефон болбогондо, балким, жанында көп жүрмөкмүн, акыркы убактарында жанында болмокмун деп ойлодум. Биринчи уу ичип ийгендей болгон абалымда ушундай ойлогом. Кийин акыл токтоткондо чөнтөк телефонду кайра жакшы көрүп калдым. Анткени күндө таң атпай жазчу эле, ошолор сакталып калат экен да. Сагынганда окуганга мүмкүнчүлүк болот экен. Бир күнү кокус жазбай калса акырын “Элмирбай, кайдасың?” деп жазып койчумун. Жооп жазганда ишимди улантчумун. Бир тууган деген өзүң эле болот тура. Башка жансың, бирок баары бир сенин каның, жаның болот экен. Элмирди айтып сүрөттөп бергенге бир чеберчилигим жетпейт го, кийин мен бир жазмакерге айтып берсем сонун бир китеп чыкса деп кыялданып калам. Сооротконум, кыска болсо да жакшы жашады, неберелүү болгонго үлгүрдү, элдин көкүрөгүндө калды. Кыргыз улуту бар болуп турганда менин иним унутулбайт. Нуржамал Жийдебаева "Элмиримдин биз өлгөнчө аты өчпөйт" дейт Элмирбек Иманалиевдин эжеси
Автор: Медина Найманова
Оператор: Чыңгыз Калбердиев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(3)
Sydyeva91
![]()
26.04.2021. 11:47
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Чынында жанынан корбогон эле адамдар канча кайгырдык.Жашаса болмок,канча ырлар,обондор жазылбай кетти деп ичим ачышты.Аябай сыймыктанчумун.
Nursul
![]()
26.04.2021. 21:41
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Аллах өз рахматына алсын агайды. Бир тууган жакындары эмес мага аябай эле оор тийди жан дүйнөм эңшерилип кеткендей эле болдум көпкө чейин өзүмдү жаман сезип жүрдүм үйлөнсөм өкүл ата койом деп кыяалданып жүрчүмүн аттиң ай. Үй бүлөсүнөн өзүндөй болгон акын чыкса деп тилейм.
Nina.alex
![]()
29.04.2021. 19:48
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жашап жургонуно кудайга шугур де Эми. Уялам дебей
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|