|
Алтынай Жайнакова, ырчы: “ЖАШОО МАГА ОКШОГОН СУЛУУЛАРДЫКЫ”№959 22-28-апрель, 2021-ж.
– Кыргыздын эң жөнөкөй, боорукер, ак көңүл кызымын. – Жашымды сурагыңыз келип жатат, ээ? Кө-өп жыл болду. – Жок. Башка себептерим бар. – Ооба. – Албетте, кыйналбай эле “дүң” деп атыңды чыгарып аласың. Бирок, моюнга алыш керек, негативди көтөрүү оор. – Жок. Бир бузганым көп болуп эсептелбесе керек (күлүп). – Ооба, бар. – Кыйын адамдар көп да, тааныштарымдын арасында андайлар көп. – Мен аларды чаап салайын десем күчүм жетпейт болчу. Анан ачуум менен көп сөз айткам. Күчүмдү сөздөн чыгаргам. Ал байкеден дагы бир жолу кечирим сурайм. – Күчтүү болгонум үчүн азыр минтип эл арасында жүрөм. Ал видео бир түндө 6 миллион жолу көрүлүп, мени Оштогу орустар да таанып калышкан. Негативди көтөрө албай, өмүрүмө кол салууну ойлонгон учур болду. Бирок ата-энемди ойлодум. Туура эмес нерсе кылганым үчүн Кудай мени ушундай жазалап койгондур деп кабыл алып, азыр каталарымды кайталабай калдым. – 20га жакын ырым, 6 клибим бар. – Кыйраттым дебейм. Бирок иштеп жатам. – “Балам” деген ырды тойго керек болуп калып 4-5 жыл мурун жаздыргам. Бирок былтыр чыкты. “Жубайыма” ырын бир жыл мурун угуп "ооруп" калгам. Ошо, быйыл турмушка чыгат окшойм, ушундай ырларды ырдап калдым го. – Ооба, ошон үчүн туугандардыкына көп барбайм. – Тийиш керек. Убакыт өтүп баратат. Быйыл, буюрса, тием деп ниет кылып жүрөм. Бирок жигитим жок. Жакшы жигит жөнөтүп койчу деп Кудайдан тилеп жатам. – Ал нерселердин бар болгону кантип жаман болсун? Бар болсо мактана беришсин. Мактанган бекер да. – Сулуулугум, фигурам бар. Андыктан кааласам “любой” мырзаны “чаап” алам. Эркектер көп сөз айтышат. Менде сулуулук гана эмес, аларды байлап ала турган дагы бир нерсе бар. Ал эмне экенин билбейм. Балким, энергия. – Бир баланы сырттан жактырып жүрөм. Ага да мен жагам. Ушул сезимдер көпкө созулсун деп ал жигитке аракет кылбай жүрөм. Акыркы 5 жылдан бери олуттуу мамиле боло элек. – Бирөө. – Өткөндө 1200 сомго 9 даана гүл сатып алдым. Өзүмө өзүм көңүл буруп турам ушинтип. – Өткөндө 101 роза алдым. Кыздар менен туулган күн тосуп кафеде отургам. Жаныбыздагы столдо отурган мырза туулган күнүм экенин билип, 101 роза алып келип берген. – Антип айткандар болсо алдырмакмын, жок. Тамаша, мени байлык азгыра албайт. Алсыздыгым акчада эмес, сүйүүдө. – Анда сүйүүнү курмандыкка чалам. Өзүм кызганчаакмын. Менин жолдошумду бирөө сүйүп калышын элестете албайм. Анын аялына да мындайды каалабайм. Мен кыргыз айымдарын аябай сыйлайм, тилектештигим күч. – Нурлан Насиптин ийгиликтери менен Омардын тарбиясын кошуп койсок идеалдуу, мага жаккан мырза чыгат. Бирок чыгармачылык чөйрөдөн болушун каалабайм. Аларга кыздар кандай билдирүүлөрдү жазып, кантип артынан чуркаганын көрүп жүрөм. Кызганычтан кыйналып кетишим мүмкүн. – Ырчыларга жазгандай эмес го. – Жок. Мен чыныгы сүйүүгө кабыла элекмин. – Эмнемди экенин билбейм, бирок бар. Же мен кыйратып 4 кабаттуу заңгыраган үйдө жашасамчы, же банкта миллиарддаган акчам болсочу. Кыздардын табиятында көп окшойт көрө албастык. – Ооба. Анткени жашоо сулуулукту жакшы көрөт. Жаман жолго барганы үчүн жашоосу жеңил болуп кетет дебейм. Балким, өзүн сүйүп, баалаганы үчүн жашоо да ага ошондой жооп кылаттыр. Негизи эле жашоо мага окшогон сулуулардыкы болуп калды. – Күнүмдүк турмушта деле байкалат. Мисалы, дүкөнгө барсаң, “сулуу кыз экенсиз, сизге түшүп берейин” деп турушат. Бир нерсе алам десеңер мени ээрчитип алсаңар. – Азыр бир аз болсо да таанылып калбадымбы. Сулууларга жашоо оңой дедим го, баары бир таанылмакмын. – Оозум. – Ооба. Баарына жагат. Инстаграмдан деле “ммм” деп суктанышат. – Ата-энемдин ыраазычылыгын алышым керек. Баягы окуя аларга катуу тийген, таарынтып алгам. Таарынычтарын жазышым керек. – Сүйлөшөбүз, мамилебиз жакшы эле. Бирок алар мага капа. Атам негизи эле бизге катуу сүйлөбөйт. Ошончолук туура эмес иш болуп жатса да урушпай, жанына отургузуп алып 10 мүнөттөй сүйлөдү. Менин көз жашым токтогон жок. “Кызым, мен сага ишенем, сени жакшы көрөм. Сени көп эркелетип коюптурмун” деген (көзүнө жаш алып). – Мен негизи ушундай эле жөнөкөй, токтоо кызмын. Жаштык кылыптырмын. Азыр ак менен караны айырмалап калдым. – Апам бизге дайыма “жүрөгүмдү оорутпагыла. Силер тууралуу жаман сөздү көтөрө албайм” дейт. Ошондуктан ал видеону көргөн эмес. Апам мени ар тараптан колдоп турат. Азыр да көзөмөлдөп, “китеп окуп жатасыңбы, өзүңдү жакшы алып жүрөсүңбү, узун кийим кийип жүрөсүңбү?” деп күндө чалат. “Сага ишенем, көп ийгиликке жетесиң” дейт. Ушундай жакшы инсандардын кызымын. Туура эмес жагымдан таанылып алганым үчүн эл мени жаман кыз деп кабыл алып калган. – Чоң атам менен чоң энем ажы, чоң атам айылдын молдосу. Үйдө тартип күчтүү. Ырдап чыкканыма деле ата-энем каршы. Бирок жан дүйнөм чыгармачылык деп туруп алды. Эркемин да. Кээде алардын сөзүн укпай коём. – Мага анын эмне кереги бар? Ошто хайп жасабадымбы. Эми Бишкекте дагы бир хайп жасап атымды чыгарып алсам эле жетиштүү (күлүп). Асия Алиева "Азыр мендей сулуулардын заманы"-дейт ырчы Алтынай Жайнакова
Автор: Медина Найманова
Оператор: МухамадЗиямидин Турдубек уулу
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() |
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|
Кыздин биринчи милдети сырткы келбетине, сулуулугуна көнүл бөлүп, чачтарын жакшынакай жасатып, жарашыктуу кийинип, өзүнө көңүл бөлдүрүп жашаш керек. Ошондо гана кыз киши толук кандуу инсанга айланат. Өзүн жашоосунда мыкты сезимдер менен жашайт.
Ата-энеси ичинен сыздап,сыртынан күлүп айтып жатканын түшүнбөй калган окшойт.Ата-энеси жакшы эле кишилер окшойт.Ата-энесин бул жакта туруп мен аяп кеттим.