|
Жан Сабыров: “ЖӨЖӨЛӨР” ЫРЫМ МЕНЕН ХАЙП БОЛДУМ”№961 6-12-май, 2021-ж.
Туулган күнү – 5-май, жылын сыр тутат Туулган жери – Ысык-Көл облусу, Каракол шаары Билими – Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы, Күрөңкеев атындагы Кыргыз Мамлекеттик музыкалык окуу жайынын вокалдык искусство бөлүмүн бүтүргөн Үй-бүлөдө – 3 бир туугандын улуусу, бойдок Репертуарындагы ырлары – “Жаным сен”, – Саламатчылык. Кесибим боюнча юристмин, экинчи кесибим боюнча классика жанрындагы опера ырчысымын. Окуучулук кезден эле ырдаганга кызыгам. 11-классты бүткөндө “ырчы болом” деген кыялым менен Бишкекке келгем. Чөнтөгүмдө 200 сом эле бар болчу. “Кантип ырчы болосуң, эмнени ырдайсың?” деп эч ким ишенчү эмес. Ырчы болушума атам каршы чыккан. “Менин балам ырчы болуп калабы? Андай болбойт, юрист болосуң” дегенинен атамдын сөзүн эки кылбай юридикалык академияга тапшыргам. Аны аяктагандан кийин кесибим боюнча иштеген жокмун. Жан дүйнөм чыгармачылыкка тартып туруп алгандыктан, ырчылыкты тандадым. Биздин үй-бүлөдө, жакын туугандарыбыздын арасында чыгармачыл инсандар жок. Баары эле “сен кантип ырчы болуп калдың? Кайдан чыктың?” деп калышат.
![]() – Ооба, “атың чын эле Жанбы? Эмнеге мындай ат коюшкан?” деп көп сурашат. Мен төрөлгөндө туугандарыбыз мага ат коюу үчүн ысымдарды кагазга жазып калпактын ичине салышып, 3 жаштагы байкеме тандатыптыр. Көзүн жумуп калпактын ичинен бир кагазды сууруп чыгыптыр. Кагазда “Жан” деп жазылган экен. Анан ошол ысымды коюшуптур. “Жан” деп ким жазганын билбейм.
Кичинекей кезимде атым өзүмө жакчу эмес. Досторум Жанболот, Жаныбек, Жаник дешчү. Жан десе уяла берчүмүн. Бишкекке келип, чыгармачылыкка аттанганда “өзүмдүн атым менен эле чыгайын. Атым менен өзгөчө угулуп, элдин оозуна алынып калармын” деп ойлодум. – Мен чоң энемдин колунда чоңойдум, ал экинчи апам десем да болот. Ал өмүрүнүн акырына чейин менин чыгармачылыктагы ийгиликтериме күбө болду. Кандай чыгарма жаратпайын эң биринчи энеме угузар элем. Гастролго чыгарда биринчи энемдин батасын алчумун. Ошол кезде продюсер Канат Култаевге баргам. Ал киши менин эң биринчи мугалимим, эң биринчи продюсерим. Андан кийин Арсен Мендебаев жетектеген продюсердик борбор менен иштештим. Үчүнчү продюсерим апам болду. Ийгиликтеримдин бардыгы апам аркылуу келди.
– Апаңыздын менеджерлик сапаты бар экен да? – Апам Мээрим Ашималиева учурда шоу-бизнестеги мыкты продюсерлердин бири. Жаш ырчыларды карамагына алып, алар менен иштешейин деп жатат. Кесиби боюнча медайым. Мен үчүн кесибинен баш тартып, продюсер болуп алды.
Апам экөөбүз кадимкидей келишим түзүп иштейбиз. Жумушка олуттуу мамиле жасайбыз. Клип тартып жатканда кадимкидей тил угам. Талашып-тартышып кеткен учурлар да болот. – Клиптериме өзүм актёр катары тартылам. Сценарийлерин өзүм жазам. Ушул талантым болсо керек. Ырдаганга чейин кийим саткан дүкөнгө модель болуп иштегем. Жакында жакшы киного тартылам. Бирок бул тасмадан кийин сынга кабылсам керек. Анткени терс каармандын ролун аткарам. “Кебетең, кабак-кашың терс каармандардын ролуна туура келет. Сага ошондой роль жарашат” дей беришет.
– “Жөжөлөр” ырың менен хайп жараттың окшойт? – Азыркы заманда хайпсыз жашоо жок. “Жөжөлөр” деген ырымды укканда өзүмө деле жаккан эмес. Эрнест Жоошев, Бегиш, Амантай Бержибаев деген мыкты музыканттар бар. Алардын студиясына барсак “Жөжөлөр” деген ырды сунуштап калышты. “Бул эмне жөжө жөнүндөбү? Ушундай да чыгарма болобу? Муну кантип ырдайм?” дедим. “Кыздарга арналган ыр болот. Хайп жаратасың, тиги-бу” дешкенде бир жума ойлонуп, баш тарткам. Музыканы түшүнгөн байкеме угузуп көрсөм “сонун ыр экен, тойлордо да ырдала тургандай. Бул ыр менен жолуң ачылат” деди. Ошентип ырды аткарып, клип тарттык. Жакшы чыкты. Ютубда клиби 5 миллион жолу көрүлдү. Сындашты, макташты. Өзгөчө жаш балдар арасында "вирус" болду. Ошентип “Жөжөлөр” ырым менен хайп болдум.
– Чыгармачылыкта катуу сынга кабылган учур болду беле? – Кайсы жакка маек бербейин эч нерседен коркпой, ачык эле бетке айтып салам. Ошондо сындар көп айтылат. Бут тосуулар болуп келет. Башында ырларымды теле-радиолор албай коюшчу. “Ак ийилет, бирок сынбайт” дегендей, тынымсыз аракеттин арты менен чыгармачылыкта өз ордумду таптым. Жаңы ырларды жана хайптарды жаратуу менен алектене берем. Жакында күлкүлүү, позитивдүү жакшы ырым чыгат.
– Сизге ашык болуп жүргөн бийкечтерге жооп алып берели. Кандай кыздар жагат? – Эң башкысы мени, үй-бүлөмдү сыйлаган, ыймандуу, өзүнө ишенген кыздар жагат. Бирок азыр кыздар менен мамиле курбайм. Анткени келишим боюнча кыздар менен мамиле курбашым керек. Ошондуктан жакын арада үйлөнүү планым жок.
– Тилегиңизге жетиңиз! Чыгармачылык ийгилик каалайбыз! Гүлдана Мамадали кызы “Апасы продюсерлик кылган биринчи ырчымын” дейт Жан Сабыров
Автор: Медина Найманова
Оператор: Чыңгыз Калбердиев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(3)
jaskaaa
![]()
10.05.2021. 13:32
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Үнү жакшы. Жөжөлөр башталганда бийлегин келет гоо
Erlan_95
![]()
12.05.2021. 21:22
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сулуусу сулуу, но харизма жок да.
Aibako937
![]()
15.05.2021. 12:29
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
какылайын биринен бири кочуруп алгандай. кимди окуба кичинемден ырдагам, кокуй жан дуйном чыгармага тартып туруп алган... пфффф
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|