|
Кызсайкал Кабылова, ырчы: «ЭМИ ТУРМУШКА ЧЫКСАМ ЖОЛДОШУМДУ КОЁ БЕРБЕЙМ»№962 13-19-май, 2021-ж.
– Саламатсыздарбы? Чыгармачылык жактан изденип, бир учурда эки клип тартып тытынып жүргөн убагым. Дароо 3-4 ыр жаздырып жетишкенге аракет кылып жатам. 3 айдан кийин жеке концертимди берем, ошого карата кызуу даярдыктар жүрүп жатат. Ата-энем сахна адамдары болгондуктан төрөлгөндөн бери эле сахнада жүргөндөй сезим бар (күлүп). Эсимде, чоң сахнага 6 жашымда куудулдардын концертинде чыккам. Кийин өзүмдү сахнадан оолак кармап, качып жүрчүмүн. Толук берилип, ырдап баштаганыма 2 жылдан ашты. Шоу-бизнес мага чоочун эмес, агаларым, үй-бүлөбүз менен ушул багыттан нан таап жегенге ийне-жибине чейин билем десем болот. Аралашуу оор деле болгон жок, бул нерсе меники деп айта алам. – Альфия 3 жашка толду. Ушунчалык кылыгы чыгып эзилтип жатат. “Кызыма” деген ырыма клип тартып жатканбыз, айрымдар “балаңды чыгарба, көз тиет” дей беришет го. Мен андай нерсени көңүлүмө албайм, көңүлгө албай койсо эле эч нерсе болбойт. Кызымдын жанында көп болгонго аракет кылам. Бирок көп учурда жумуш менен жүрүп калам. Ал апам менен көп убакыт чогуу болот. – Кыз киши ата-энеси тарабынан корголуш керек деп эсептейм. Анткени жашоодо түрдүү нерсе болуп кетиши мүмкүн. Мен атасына эмнеге эрегишет элем? Таштай турган киши таштап эле басып кетип калат экен. Ага көрүнүштү деле ойлогон эмесмин. Бардык энелердей “кызымдын келечеги кең болсун, кем-карчысы болбосун” деп калат экенсиң. Өзүмдүн апам да мени ойлоп турат. – Тарбиядан да, табияттан да болот экен. Кичинемден эле акча таап, өз арабамды түртүп көндүм. Ата-энем “сен акча тап” дешкен эмес, же буга атайылап тарбиялашкан жок. Болгону “жашооңдо ордуңду тап” дешти. Алар тилегендей болбой калды. Бирок алдыда дагы көп нерсе болушу мүмкүн. 5 эркектен кийин жалгыз кыз болгонум үчүн жакшы эле эркемин, сөз көтөрө албайм, ыйлап калам. Азыр жашоого олуттуу карап калдым. – Жок, чет өлкөгө эс алууга да чыга элек экенмин. “Окуйм, кыйратып карьера жасайм” деген максат менде болгон эмес. Сиздердин гезитке берген алгачкы маегимде “көп балалуу болом” деген экенмин. Азыр деле мээримдүү жар, көп балалуу эне болгум келет. “Ийгиликтүү аял болоюн, белгилүү болоюн” деп такыр ойлобоптурмун. – Жок, жолуга элекмин. – Ушундай болуш керек деп шарт коё албайм. Буюрганы болсун. Мен жакшы көргөн адамымды толугу менен кабыл алам. “Ушул жери жакшы, бул жери жаман, анысын оңдош керек” дебейм. Мени да ошондой толук кабыл алган адам болушу керек. Кечээ эле ушул тууралуу ойлонуп койдум эле. Тандаган адамыңа кантип шарт коё аласың? “Сен романтик бол же акылдуу бол” деп айта албайсың да. Аны өзгөртүү мүмкүн эмес да. – Эми Кудай мага ошондой күйөө буюруп койсо кабыл албаганда эмне кылмак элем? Анда өзүм иштегенге туура келет. Отуруп алса “тур, иште” деп айта албайм го. Алдап, түшүндүрүп айтып көрөм, болбосо кабыл алам. – Кыздар деле 100 пайыз идеалдуу эмес да. Эркек-аял бирин-бири толугу менен кабыл алса гана жашоо болот. – Апама катуу тиет. Атам, агаларым шоу-бизнес кандай экенин эң жакшы билишет. Мен “айта беришет” деп көнүп калдым. Апам ызаланып “андай эмес го, ажырашып кетсең эле ушинтип жаза беришеби?” деп ыйлап калат. Эне экен да. Ажырашуу да тагдыр. Эч кимге сын такпаш керек. Ушунчалык такыба адамдар да кээде турмушу болбой ажырашып кетишет. Алмаз байке (ред.: Шаадаев) менен дуэт ырдап калдык. Болбосо экөөбүздүн ортобузда мамиле болушу мүмкүн эмес. Ошол эле Сагын же башкасы. Булардын баары кесиптештерим. Эч кандай жеке мамиле жок. – Даярмын. Бирок мен сүйгөн же мени сүйгөн киши жок. Ошентсе да эмнегедир даяр болуп калыптырмын. – Коё бердим, меники эмес адамдарды тез эле коё берем. Бирок эми турмушка чыксам, жолдошумду бекем кармап алып коё бербей жашайм го (күлүп). – Жок, андай нерселер мен үчүн эмес. Өзүмө-өзүм психолог болуп оор абалдан чыгып кеттим. Кыйынчылык келсе, демек, бул тагдыр. Андан күйөсүңбү, бышасыңбы, өтүш керек. Күйүш керек болсо күйүп туруп, кайра жаралыш керек болот. Нуржамал Жийдебаева Кызсайкал Кабылова: “Меники эмес адамдарды тез эле коё берем”
Автор: Гүлзада Абдырахманова
Оператор: МухаммадЗиямидин Турдубек уулу
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(5)
Nariste...12
![]()
17.05.2021. 12:49
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кызсайкал азаматсың! Ичинде кири жок, жан дүйнөсү таза кыздай көрүнөт. Турмушта өз ордуңду тап, бактылуу бол! Кызыңдын маңдайында аман бол. Атасы жардам берип турса болмок...
Begimkyz
![]()
17.05.2021. 13:41
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эң туура, адам кандай болсо ошондой кабыл алышыбыз керек. Аялдык бакытты таап, эми коё бербе! Кудайым ошону буюрсун!!!
Akujan1408
![]()
17.05.2021. 14:52
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эки дуйно бактылуу бол.
Gulina90
![]()
21.05.2021. 19:32
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Коз тийбесин,суйлогон созу орду м-н,теңини таап бактылуу бол
Peri9292
![]()
17.10.2021. 10:28
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адам ар дайым ниет кылып жашаш керек. Аллахым ар дайым ниетке жараша берет. Ошондуктан ар дайым жакшыыы ниет кылыш керек
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|