|
Роза Айтназарова: “КАЗАКСТАНДА МЕНИ АЛДАГАНЫ АЗ КЕЛГЕНСИП, ТИШТЕРИМДИ КҮҮП САЛЫШТЫ”№966 10-16-июнь, 2021-ж.
– Мен 1982-жылы Кара-Кулжа районунда төрөлгөм. Орто мектепти бүткөндөн кийин Бишкекте иштеп жүрүп, 27 жашымда Казакстанга иштегени кеткем. 2008-жылы Астанадан Ержан Шойбеков аттуу казак жигит менен таанышып, ага турмушка чыктым. Бирок мыйзамдуу түрдө эмес. Көрүнгөн жерде батирлеп жашадык. Эки балалуу болдук. Айсулу Ерденова деген абысыным бар. Ал себепсиз эле менин паспортумду алып койгон. 2009-жылы биринчи уулум төрөлдү. Паспортум жок болгондуктан абысыным жолдошумду алдап баламды өзүнө жаздырып алган. Анткени көп балалууларга Казакстанда үй берет, жакшы жөлөк пул төлөшөт. Ал үйдү да, акчасын да алды. Бала ага документалдуу түрдө гана катталды. Күбөлүгү жок болгондуктан баламды ооруп калган учурларда ооруканага жаткызып дарылата алчу эмесмин. Жолдошум соода-сатык менен алектенет. Ал жеңесинин сөзүн сүйлөп, өз баласынын камын ойлогон жок. – Мен түрдүү жалданма жумуштарда иштедим. 2011-жылы экинчи балам төрөлдү. Анын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн кийин алдык, ата-энеси катары жолдошум экөөбүздүн аты-жөнүбүз жазылган. Анткени 2018-жылы Кыргызстанга келип, өзүмө паспорт алып кеткем. 2017-жылдан баштап алтын сатып иштедим. Менин Алибек аттуу бирге иштешкен таанышым Ержан жана Дина аттуу жубайлар менен тааныштырды. 2020-жылдын февраль айында Ержан менен Дина менин ишенимиме кирип, “бирге алтын сатып иштейли” деп сунуш кылышты. Алгач сунуштан баш тарттым, бирок күйөөмдү ортого салып, макул кылдырып, мага 1 миллион теңге беришти. Айына 30 пайыздан үстөгүн төлөп турмак болдум. Ошентип төлөп баштадым. Акырында негизги акчаны жана акчанын үстөк пайызын да төлөп бүттүм. Бирок тигилер буга макул болушпай, дагы акча талап кылышты. – Ержан менен Дина мени катуу коркуткандыктан мен Нишанбаева Нурбүбү деген таанышыма ыйлап бардым. Ал мага “крим чөйрөсүндө жүргөн тааныштарым бар, аларга 1 миллион теңге берсең алар менен сүйлөшүп, чечип коёт” деди. “Дикий арман” аттуу крим чөйрөнүн Макс, Айдар, Болот аттуу балдары менен жолугуп жагдайымды түшүндүрдүм. Көрсө, алар 1 миллион эмес, 10 миллион теңгеге ишти бүтүрүшөт экен. Баш тарттым, бирок Тойота Камри үлгүсүндөгү машинамды көрүп калышкандыктан, ошого жармашышты. Аны өз акчама сатып алгам. Каршы болгонума карабастан күндө үйгө келип коркутуп-үркүтүп отурушуп, машинамды өздөрүнө каттатып алышты.
– Кыргызстанга келгениме 2 ай болду. Келе жатканда балдарды уурдап кетти дебесин деп жактоочум менен кабарлаштым. Анткени тун уулум абысыныма катталган. Алгач өзүмдүн төркүнүмө бардым. Эки жума өтпөй жолдошум телефон аркылуу балдарды жибер деп коркутту. Мен макул болуп, өзү белгилеген күнү чек арага барсам балдарды алып кеткен жок. Балам катуу ооруп, күйөөмдөн акча сурасак берген жок. Чындап балдары үчүн күйсө келип алып кетмек. Мен деле кыйынчылыктарга карабай бирге жашайлы деп аракет кылсам качып жатат. Балдарым аталап телефон чалып жалдырашса да тоготкон жок. Азыр Бишкекте батирде жашап жатам. Айына 5000 сом төлөйм. Батирдин 1 айлык акчасын классташтарым төлөп беришти. Балдарым үйдө ачка отурушат. Тамак-аштан кыйналып жатабыз. Мен тууралуу окуя интернетке чыгып кеткенден улам бизге көйгөйдүн кереги жок деп мени жумушка албай жатышат. – Казакка турмушка чыгарымда үйдөгүлөр каршы болушкан. 2013-жылдан кийин белгилүү бир себептер менен байланышыбыз үзүлүп калган. Туугандарым мени издеп “Кайдасың?” деген көрсөтүүгө чыгышыптыр. Көрсөтүү аркылуу 2020-жылдын октябрында туугандарым болуп кездештик. Менин айымдан апам оорукчан болуп калган экен. Азыр “сен өз билгениңди кылып жүргөнсүң” деп жаман көрүшөт. Мен ал жакта документсиз кыйналып жүргөнүмдөн кабарлары жок. “13 жыл мурун кайда жүрдүң? Эми акчаң жок кезде эмнеге келдиң?” дешти. Жолдошум мени төркүнүм менен катыштыргысы келчү эмес. 2020-жылы төркүнүм менен байланышкан соң башыма сиздерге айткан каргаша түштү. Азыр менин көксөгөнүм – абысынымды мени алдап баламды өзүнө жаздырганы үчүн жазага тарттыруу, жолдошумдан эки бала үчүн алимент өндүрүү, жардам алуу. Абысынымдын атына жазылып калган баламды өзүмдүн атыма котортуу. Айтназарованын жактоочусу Шердор Абдыкапаров:
0559 03 78 88
Казакстанда рекеттердин коркутууларына кабылган мекендешибиз Роза Айтназарованын тагдыры
Автор: Медина Найманова
Оператор: МухаммадЗиямидин Турдубек уулу
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(15)
Sajakat14
![]() SUPER.KG видео
13.06.2021. 19:19
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жолуңар ачылсын! Балдарга документ жактан жардам бериш керек! Орто Азиянын элдери ошентип дагы деле жапайычылыктан чыга элек! Закондор иштебейт! Законду акчага сатып алсаң болот!
Muzik
![]()
14.06.2021. 09:49
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Башка улуттарга куйоого тийгендер,тийип алып кийин арызданбай, башында ойлонгула,же тийигенден кийин ошондон нары жок болгула,жээндерди ээрчитип келе бербей,балдарынар кыргыз эмес силердин.
forever88
![]()
14.06.2021. 16:15
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Muzik,а эмне кыргызга тийгендин баары жыргап атабы? Кыргыздарга тийген кыздарыбыз кор болуп жардам сураган жокпу?
zamir_kgz
![]()
14.06.2021. 20:53
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Muzik,Кыргызда 3 журт болот: Ата журт, Тага журт, Кайын журт.
Muzik
![]() SUPER.KG видео
14.06.2021. 09:51
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башка улуттарга куйоого тийгендер,тийип алып кийин арызданбай, башында ойлонгула,же тийигенден кийин ошондон нары жок болгула,жээндерди ээрчитип келе бербей,балдарынар кыргыз эмес силердин.
Sezimim...
![]()
14.06.2021. 11:06
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Тооба кылдым, "саяк журсон таяк жейсин" дегендей го. Коп создорун жалган суйлогондой. Алтын саталы деп мени алдап кондурушту дейт... Кредитти алып, алтын сатып кредитин толобой го. Жалганчы адамдан амал дале качып кутулбайт. Башынан ата-энесин сыздаткан неме экен, коп нерсенин устунон чыккан" шум" катын го...
Miraida-toktosunova
![]()
14.06.2021. 16:02
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул эже Нуриза деген эже эмесби Кара кулжалык атын озгортуп алган эмесби
Miraida-toktosunova
![]()
14.06.2021. 19:52
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул эженин создору бири бирине дал келбейтго балдарына боорум ооруп кетти озуно ишенбейим
Nurtoruk
![]()
14.06.2021. 21:13
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Тойота камри айдап жургон адам паспорт ала албай калыптырбы алтын сатып бизнес кылып жургон болсо туугандары менен каттпшып койбоптурда
Nursul
![]()
15.06.2021. 07:29
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чет өлкөгө чыгып иштеп кайра Кыргызстанга келип кыргыз эле жигиттерге күйөөгө тийсенер болбойбу жакшы сөз сүйлөп койсо эле ишенип албай.
Luna15
![]()
15.06.2021. 08:28
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Аферист,ошончо алтын сатканга башы жеткен,абысыны алдап атканда оозун ачып отуруптурбу
Aijan06
![]()
15.06.2021. 12:19
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ушундайлар тажатты. Эмнеге жардам беребиз? Ата энесин укпай Оз билгенин кылышат. Эми келип жардам сурашат. Алтын, камрини сонун билген неме документтештирууго келгенде байкуш боло калышат. Ушунча жыл энеси менен байланышпаган неме Эми келип бизди жыргатабы? Кайдан келсе ошол жакка жоголсун. Колунан келип турганда кыйратпаптыр. Балам ооруп, куйоом башка аял алып алыптыр деген аял элден акча чогултуп 18минге телефон алып куйгузду го. Болбосо Уй жайы жок тентип журот 2баласы менен.
Marni
![]()
17.06.2021. 01:36
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Aijan06, туура. Ар бир адам жашоосуна жоопкерчиликти өзү алса, күнөөнү да, проблемаларын да башкаларга артып салбай.
Marni түзөттү 2021-06-17 01:37:03
Aijan06
![]()
15.06.2021. 12:24
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жатканды, бала жасаганды билесинерби катындар, бакканды да билгиле. Бир нерсе болсо эле жардам деп чыга калышат. Арты артынан туубай ойлонуп сактанып иш кылышса. Мыйзамдуу никен жокпу кысчу жеринди кыс. Бала менен эч качан эркекти кармай албайсын.
Spb
![]()
16.06.2021. 11:36
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
13 жыл туугандары менен катташпатыр ошол жылдары алтын сатып камри айдап жургон кундору болсо керек еле акчанын артынан кетип атканда туугандыда унутпаш керек еле бирок
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|